https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 3 4 5

- Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруунун Тартибин бекитүү;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн документтерин сактоо тартибин жана мөөнөттөрүн бекитүү.


8-статья. Билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балдардын укуктары

менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери


Билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- алардын ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан билим берүү мекемелеринде балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагында балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- өз компетенциясынын чектеринде билим берүү тармагында Кыргыз Республикасынын ведомстволук ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды даярдоо жана ишке ашыруу;

- балдарды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

- балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагында билим берүү, илим жана жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды түзүү;

- балдардын арасында таркатылууга жатпаган басма продукциясын, аудио-видео жана башка продукцияларды жайылтуу боюнча ченемдик чектөөлөрдү белгилөө.


9-статья. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын балдардын укуктары менен таламдарын

коргоо жагындагы милдеттери


Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- балдарга оорулардын алдын алууну, дартты медициналык аныктоону, дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштерин камтыган акысыз медициналык жардам көрсөтүү аркылуу сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;


- алардын ведомстволук баш ийүүлөрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринде балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баардык балдарга медициналык жардам алууга укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

- саламаттык сактоо тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу жагында өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын ведомстволук ченемдик укуктун актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- саламаттык сактоо тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- саламаттык сактоонун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика жүргүзүүгө лицензиясы бар адамдар тарабынан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоону ишке ашыруу, аларды дене бой, акыл-эсин, руханий, адептүүлүк жана социалдык жактан өнүгүшүнө көмөктөшүүчү турмуштук зарыл шарттарды камсыз кылуу;

- балдар арасында оорууларды жана өлүмдү азайтуу үчүн зарыл чараларды көрүү;

- үй-бүлөнү пландаштыруу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу маселелери боюнча алдыналуучу медицина тармагында санитардык - билим берүү иштерин күчөтүү;

- саламаттык сактоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын камсыз кылуу максатында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү;

- балдарга ташбоор мамиле жасаган учурларда алардын укуктарын коргоо маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү;


- баланын денсоолугун коргоо маселелери боюнча атайын адабияттарды, проспекттерди, бюллетендерди таркатуу аркылуу агартуучулук иштерди жүзөгө ашыруу;

- саламаттык сактоо маселелери боюнча балдардын укуктары менен таламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.


10-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана калкты

социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары

менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери


Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо тармагындагы милдеттерине төмөнкүлөр тиешелүү:

- эмгек жана социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында балдардын өзүлөрүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жардам алууга мүмкүнчүлүктөрү бар балдарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.


11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын миграция жана иш

менен камсыз кылуу тармагында балдардын укуктары менен

таламдарын коргоо жагындагы милдеттери


Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагындагы милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;


- миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдар өзүлөрүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу;

- жумушка орноштуруу чөйрөсүндө мамлекеттик жардам алууга мүмкүнчүлүктөрү бар балдарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

- качкындардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

- миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдардын укуктарын жана таламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.


12-статья. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)

балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы

милдеттери жана ыйгарым укуктары


1. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- балдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан балдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакташына көзөмөл кылууну ишке ашыруу;

- балдардын укуктары менен эркиндиктерин бузууларды алдыналуу жана аларды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү;

- балдардын өзүлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусунда басмырлоонун ар кандай түрлөрүнүн алдыналуу;

- балдардын укуктук маалыматтуулугуна көмөктөшүү.

Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр таандык:

- балдардын укуктарын бузуулар жөнүндө арыздар менен даттанууларды кароо жана балдар, ошондой эле башка адамдар тарабынан берилген арыздар менен даттанууларды текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу арыз ээсине (арыз ээлерине) билдирүү, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуу фактылары жөнүндө аларды тезинен кароо талабы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, анын ичинде прокурорго маалымдоо;


- кармалган балдар отурган жерге, балдарды алдынала кармоо жерине, балдар жазасын өтөп жаткан тиешелүү мекемелерге, балдарды мажбурлап дарылоо жана кайра тарбиялоо мекемелерине каалаган убактарда баруу, ошондой эле аларды кармоо шарттары жөнүндө маалымат алуу жана көрсөтүлгөн мекемелерде алардын кармалып туруусунун мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди текшерүү;

- корголуучу адам макулдук берген шартта жана процесстик мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен баардык баскычтагы соттордун жыйналыштарына катышуу;

- ден соолук абалы же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча өз кызыкчылыктарын коргой алышпаган балдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө арыздары менен сотко кайрылуу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда соттук процесске жеке өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу катышуу;

- балдардын укуктары менен эркиндиктерин бузуулар аныкталган учурларда тийиштүү органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн аракет кылуу актыларын жиберүү;

- тиешелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүчү органдардын балдардын белгиленген укуктары менен эркиндиктерин сактоо абалын текшерүү.

2. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагында "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.


3-глава

Балдардын укуктары менен мыйзамдуу

таламдарын коргоо боюнча

адистештирилген

органдар


13-статья. Балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо

кызматтарын көрсөтүү боюнча кызмат системасын түзүүчү

органдардын тизмеси


1. Балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча адистештирилген органдар төмөнкүлөр:

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу атайын ыйгарым укуктуу орган;


- Балдар иштери боюнча комиссия;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм.

2. Ушул статьяда саналган баардык органдар балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузбоону текшерүү максатында балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында иштеген уюмдарга эркин кирүү укугуна ээ.


14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Балдардын

укуктары менен таламдарын коргоочу атайын ыйгарым

укуктуу органдын укуктук статусу жана компетенциялары


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Балдардын укуктары менен таламдарын коргоочу атайын ыйгарым укуктуу органдын башкы милдеттери төмөнкүлөр:

- балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- балдарды социалдык коргоо боюнча мамлекеттик минималдуу кызмат көрсөтүүлөрдү, аларды сактоонун жана мазмунун түшүндүрүүнүн мониторингин иштеп чыгуу;

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагында иштеген уюмдарды аккредитациялоо жана алардын иштерин көзөмөлдөө;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын бекитүү;

- балдардын укуктары, ошондой эле БУУнун баланын укуктары боюнча конвенциясынын жоболору жөнүндө коомчулукка маалымдоону жогорулатуу;

- Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимдерине, анын ичинде балдар тарабынан берилген даттанууларды жана арыздарды кароо.


15-статья. Балдарга кызмат көрсөтүү жагында иштеген уюмдарды

аккредитациялоо


Балдардын коопсуздугун жана жакшы турмушун камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балдарга кызмат көрсөтүү жагында иштеген уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашырат.

Балдарга кызмат көрсөтүү жагында иштеп жаткан уюмдардын кызмат көрсөтүүсү кеңеш берүүнү, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүн ачууну, фостердик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү өз ичине камтыйт.


Уюмдардын аккредитациядан өтүүсүн талап кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.


16-статья. Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүмү, укуктук

статусу жана милдеттери


1. Балдар иштери боюнча комиссия:

- райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында (мэриялар, шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбогон тиешелүү шаарларда;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында (мэриялар) - райондук бөлүнүүсү бар тиешелүү шаарларда түзүлөт.

2. Балдар иштери боюнча комиссия туруктуу иштөөчү жумушчу орган болуп саналбайт жана өз иштерин мезгилдүү негизде жүргүзөт. Балдар иштери боюнча комиссиянын иши туруктуу негизде иштеген, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн катчылык тарабынан уюштурулат. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө жобо жана анын курамы көрсөтүлгөн комиссия түзүлгөн тиешелүү орган тарабынан бекитилет.

3. Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

- ички иштер органынын өкүлү;

- билим берүү, илим жана жаштар саясаты органынын өкүлү;

- саламаттык сактоо органынын өкүлү;

- эмгек жана социалдык коргоо органынын өкүлү;

- райондук администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын өкүлү;

- жарандык коомдун 4 өкүлү.

4. Балдар иштери боюнча комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн баланын андан аркы тагдырын аныктоого тиешелүү (үй-бүлөдө калтыруу, асыроочу үй-бүлөгө берүү, ачык же жабык мекемеге жайгаштыруу) чечимдерин жактыруу;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн асыроочу же фостердик үй-бүлөнү тандоого карата чечимдерин бекитүү;


- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн иш аракетин көзөмөлдөө;

- баланы туура эмес ачык же жабык мекемеге жайгаштырган учурда бошотууну камсыз кылуу;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин иш аракеттерине, ошондой эле балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына же балдардын укуктарын бузууларга карата арыздар менен даттанууларды кароо.

5. Балдар иштери боюнча комиссия өз иштери тууралуу балдардын укуктары менен таламдарын коргоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын отчет берип турат.

6. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанууга болот.


17-статья. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн укуктук

статусу жана милдеттери


1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр:

- райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында (мэриялар, шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбогон тиешелүү шаарларда;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында (мэриялар) - райондук бөлүнүү болгон тиешелүү шаарларда түзүлөт.

2. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм ыйгарым укуктарына аларды түзүү кирген тиешелүү органдын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жөнүндө жобо тиешелүү орган тарабынан бекитилет.

3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн милдеттери төмөнкүлөр:

- балдар арасында тартип бузуулардын алдыналуу жана болтурбоо;



<< предыдущая страница   следующая страница >>