https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 ... 4 5

Бишкек шаары


2006-жылдын 7-августу N 151


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ


Кыргыз Республикасынын балдар

жөнүндө кодекси


(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 27-апрелиндеги N 132,

2011-жылдын 29-декабрындагы N 255

Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


I бөлүм. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы мыйзамдар

2-глава. Балдардын укуктарын жана таламдарын ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын милдеттери

3-глава. Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча адистештирилген органдар

II бөлүм. БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ТАЛАМДАРЫ, АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ

4-глава. Балдардын укуктук статусу, төрөлгөндүгүн, жарандыгын каттоо

5-глава. Үй-бүлөлүк укук мамилелери жагынан балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу

6-глава. Билим берүү жагында балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуунун негизги багыттары

7-глава. Саламаттык сактоо жагында балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуунун негизги багыттары

8-глава. Социалдык жана эмгектик укук мамилелери жагында балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуунун негизги багыттары

9-глава. Балдардын жеке мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары

III бөлүм. ЮВЕНАЛДЫК ЮСТИЦИЯ

10-глава. Ювеналдык юстиция

IV бөлүм. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР


Ушул кодекс балдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Баланын укуктары жөнүндө Конвенцияда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарынын негизги кепилдиктерин белгилейт.

Кыргыз Республикасы балалык адам өмүрүнүн маанилүү этабы экенин тааныйт жана балдарды коомдогу толук кандуу турмушка даярдоонун, аларда коомдук маанилүү жана чыгармачыл жигердүүлүктү өнүктүрүүнүн, аларды жогорку адептүүлүк сапаттарга, патриотизмге жана жарандуулукка тарбиялоонун артыкчылыктуу принциптерине таянат.



I бөлүм

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР


1-глава

Балдардын укуктарын жана таламдарын

коргоо жагындагы мыйзамдар


1-статья. Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы

мыйзамдардын негизги милдеттери


1. Балдардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын, мыйзамдуу таламдарын жана эркиндиктерин коргоо ушул Кодекстин максаты болуп саналат.

2. Балдардын укуктарын жана таламдарын жөнгө салуу, балдардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу принциптерди жана аларды коргоо чараларын белгилөө, баланын укуктарынын кепилдик негиздерин түзүү, баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча тиешелүү органдардын жана уюмдардын иштеши, балдардын укуктарын сактоо жана коргоо жагында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын компетенциясын жана алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо ушул Кодекстин милдети болуп саналат.


2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр


Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

ар тараптан баа берүү - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан жүргүзүлүүчү баланын өмүр таржымалын жана анын керектөөлөрүн толук баалоо;

мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган - балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо маселелери боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы;

баланын аракетке жөндөмдүүлүгү - баланын өз аракети менен жарандык укукту алууга жана ишке ашырууга, өзү үчүн жарандык милдеттерди түзүүгө жана аларды аткарууга (жарандык аракетке жөндөмдүүлүк) жөндөмдүүлүгү;

турмуштук кризистик кырдаалга тушуккан балдар - ата энесинен кароосуз калган, акыл-эсинин жана/же денебоюнун өнүгүүсүнүн кемчилиги бар, куралдуу жана улуттар аралык жаңжалдардын, экологиялык жана техногендик кыйроолордун, табигый кырсыктардын курмандыгы болушкан, качкын үй-бүлөлөрдөн жана мажбурлап көчүрүлгөндөрдөн чыккан, экстремалдык шарттарда калган, зомбулуктун курмандыгы болушкан; түзөтүү колонияларында эркиндигинен ажыратылуу менен жаза өтөп жатышкан, атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн, түзүлгөн жагдайдын кесепетинен турмушу бузулган, жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган жана мындай жагдайды өз алдынча же үй-бүлөсүнүн жардамы менен жеңип чыга албаган балдар;


балдар сойкулугу - баланы акы төлөө же ордун толтуруунун ар кандай башка формасы үчүн сексуалдык мүнөздөгү иштерге пайдалануу;

балдар порнографиясы - баланы реалдуу же моделдештирилген ачык сексуалдык аракеттерди жасап жаткан баланы кандай гана болбосун баардык каражаттар менен ар кандай сүрөткө тартуу же сексуалдык максаттарда баланын жыныс органдарын ар кандай сүрөткө тартуу;

БИК - Балдар иштери боюнча комиссия;

ҮБКБ - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм;

камкорчу (көзөмөлчү) - мыйзамда белгиленген тартипте камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган адам;

камкорчулук (көзөмөлчүлүк) - сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп табылган балдардын жана адамдардын укуктары менен таламдарын укуктук коргоонун түрү;

баланын укукка ээлиги - бала төрөлгөн учурдан тартып пайда болуучу жана өлүмү менен токтоочу жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү;

асыроочу үй-бүлө - баланы үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн үй-бүлө же мыйзамдарда белгиленген тартипте бала асырап алуучу үй-бүлө;

камкордук көрүү планы - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан иштелип чыккан балага жана анын үй-бүлөсүнө (айланасындагыларга) ар тараптан баа берүүнүн негизинде баланы коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири чагылдырган документ;

кызмат көрсөтүүлөр боюнча план - ошол Бөлүмдө баланын керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында Үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча бөлүм тарабынан түзүлгөн, балдарды коргоо боюнча кызматтарды кеңири чагылдыруучу ар жылдык план;

бала (балдар) - он сегиз жашка чыга элек жеке адамдар;

териштирүү - балдардын муктаждыктарын жана анын турмуш жагдайын, ошондой эле баланы коргоого көмөк болуучу зарыл кызмат көрсөтүүлөрдүн өлчөмүн алдынала иликтөө;

качкын бала - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкын статусу берилген бала;


үй-бүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тарбияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу, үй-бүлөлүк мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттенмелер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү;

үй-бүлөлүк балдар үйү - жетим балдарга жана ата-энелеринен кароосуз калган балдарга коомдук-мамлекеттик камкордук көрүүнүн жана тарбия берүүнүн бир түрү;

баланын социалдык жактан көнүүсү - турмуштук оор кырдаалда калган баланын коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелери менен ченемдерине жигердүү ыңгайлашуу, ошондой эле психологиялык же моралдык жабыркоо кесепеттерин жоюу процесси;

социалдык реабилитация - бала ажырап калган социалдык байланыштарды жана иш милдеттерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле жашоо-тиричилик чөйрөлөрүн толуктоого, ага камкордукту күчөтүүгө багытталган мамлекеттик жана башка мамлекеттик эмес органдардын, уюмдардын жана мекемелердин иш-чараларынын комплекси;

балдарды сатуу - ар кандай акты же бүтүм аркылуу сыйакы же ар кандай башка ордун толтуруулар үчүн баланын ар кандай адам же адамдардын тобу тарабынан ар кандай башка адамга же адамдардын тобуна берилиши;

фостердик үй-бүлө - бала эрезеге жеткенге чейин аны белгиленген тартипте камкордукка же көзөмөлдүккө алуучу үй-бүлө;

ювеналдык юстиция - мыйзам менен келишпөөчүлүктө жүргөн 14төн 18 жашка чейинки балдарга карата көрүлүүчү иш-чаралардын системасы, ал сот адилеттигин ишке ашыруу жана социалдык реабилитациялоо маселелерин камтыйт.


3-статья. Балдардын укуктарын ишке ашыруунун негизги принциптери


Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

- мыйзамдарда бекемдөө менен баланын укуктары менен таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;

- расасынын, өң-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же башка ынанымдарынын, улуттук, этностук же социалдык тегинин, мүлктүк абалынын, ден соолук абалынын же баланын төрөлүшүнүн, анын ата-энелеринин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же кандайдыр башка жагдайлардын белгилери боюнча басмырлоого жол берилбөөсү;


- балдардын эң жакшы турмушун камсыз кылуу максатында аларды биринчи кезекте коргоону жана камкордук көрүүнү камсыз кылуу;

- коомдун тең укуктуу мүчөсү катары баланын укугун жана эркиндигин урматтоо жана камсыз кылуу;

- балага тиешелүү чечимдерди кабыл алууда анын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен баланын өз пикирин билдирүү укугун камсыз кылуу;

- баланы денебой, моралдык зомбулуктан, мазактоонун же кыянаттыктын, бардык түрлөрүнөн коргоону, ошондой эле камкордуктун жоктугунан же аяр эмес мамиле жасоодон улам ага карата эзүүнүн бардык түрлөрүнөн коргоону камсыз кылуу;

- баланы анын өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө ылайык тарбиялоо боюнча жоопкерчилик тартуучу ата-энелердин жана аларды алмаштыруучулардын укуктары менен милдеттерин сыйлоо;

- балдарды толук кандуу тарбиялоону камсыз кылуу, алардын укуктары менен таламдарын коргоо, аларды коомдо жашоого даярдоо максаттарында үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- ата-энелердин, алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун балдардын укуктарына жана өзгөчө муктаждыктарына карата кулакдар болушун жана сезимталдыгын жогорулатуу;

- баланын укуктарын коргоо боюнча кызматтарды децентралдаштыруу, балдардын укуктары менен таламдарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин ортосундагы өнөктөштүктү камсыз кылуу;

- баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузуулар, ага залал келтирүү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын жоопкерчиликтери;

- баланы коргоо боюнча чараларды көрүүдө анын этностук, диний жана маданий тегин эске алуу менен баланы камкордукка алуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

- мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана коргоо;

- ата-энелер менен аларды алмаштыруучу адамдардын баланын таламдарын жакшы камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу менен анын ойдогудай өнүгүшүн камсыздоо милдеттери.



4-статья. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча

ченемдерди камтыган мыйзамдар жана башка актылар


1. Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын камсыз кылуу жагындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башкача эреже белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.


5-статья. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү


Ушул Кодекс Кыргыз Республикасында баланын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таралат.

Ушул Кодекс ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында балдардын укуктары менен таламдарын коргоодо иш алып барган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, юридикалык жана жеке жактардын иш аракеттерин да жөнгө салат.


2-глава

Мамлекеттик органдардын балдардын

укуктары менен таламдарын ишке

ашыруу чөйрөсүндөгү милдеттери


6-статья. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы

мамлекеттик саясат


1. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы мамлекеттик саясаттын максаттары төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кепилдөө жана коргоо;

- ата-энелерде балдардын төрөлүшүнө жоопкерчиликти тарбиялоо аркылуу жарандардын ден соолугу чың, көптөн көксөгөн баланын төрөлүшүнө карата аң-сезимдүү мамилесин калыптандыруу;


- балдардын укуктарынын, эркиндиктеринин теңчилигин жана таламдарын сактоону камсыз кылуучу улуттук жакшы каада-салттарды сактаган алгылыктуу гендердик өнүгүүнү кеңири колдонуу жана жигердүү жайылтуу;

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча өбөлгөлөрдү жана шарттарды камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;

- балдардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептүүлүк жактан өнүгүшүнө, аларды патриотизмге жана жарандуулукка тарбиялоого, ошондой эле баланын инсандыгынын коомдун кызыкчылыгындагы өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

2. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы мамлекеттик саясат жүргүзүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин артыкчылыктуу тармагы болуп саналат.

3. Балдардын таламдарындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чектеринде ишке ашырылат.


7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктары

менен таламдарын ишке ашыруу жана коргоо жагындагы

милдеттери


Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

- балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты аныктоо;

- баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу, анын ден соолугун коргоо, тарбиялоо жана адептүүлүгү боюнча иш аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын тандоону ишке ашыруу;

- өз компетенциясынын чектеринде баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- аймактык айырмачылыктарды эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик минималдуу стандарттарын бекитүү;


- балдардын эс алуусун камсыз кылуу жана ден соолугун чыңдоо боюнча социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилөө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык, уюштуруучулук, маалыматтык-усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү;

- балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагындагы мамлекеттик максаттуу программалардын аткарылышына жооптуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

- балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы мамлекеттик органдардын иш аракеттерин көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

- баланын укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу;

- баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча иш аракеттерди жүзөгө ашыруучу жеке адамдарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө Типтүү жобону бекитүү;

- Баланын укуктарын коргоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү;

- Балдарга кызмат көрсөтүү тармагында иштешкен уюмдарды аккредитациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү;



следующая страница >>