https://electroinfo.net

girniy.ru   1 ... 2 3 4 5

3. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки бала ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык жасаган бүтүмдөрү үчүн мүлктүк жоопкерчиликти өз алдынча тартат.

Өзүнүн иштери менен келтирген зыян үчүн андай бала Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Жетиштүү себептер болгон учурда, бала Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана ушул Кодекске ылайык толук аракетке жөндөмдүү болгондон башка учурларда, сот ата-энелердин, асыроочулардын же камкорчулардын, же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн сунуштамасы боюнча он төрттөн он сегиз жашка чейинки баланын өзүнүн эмгек акысын, стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектей же ал укуктан ажырата алат.


44-статья. Баланын турак жайга укугу


1. Он төрт жашка чейин балдардын жашоочу жери ата-энелеринин, асыроочуларынын же камкорчуларынын жашаган жери катары таанылат.

2. Турак жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган, аны менен чогуу жашап турган балдар турак жай аянтына бирдей укукка ээ болушат.

3. Үй-бүлө ээлеп турган турак жай аянты менчиктештирилгенде бала жаш курагына карабастан, ал аянтка укуктан бирдей даражада пайдаланат.

4. Жетим-балдар, ата-энелеринин камкордугусуз калган, балдардын жатак мекемелерине, балдар үйлөрүнө, туугандарына, камкорчуларына же көзөмөлдөөчүлөрүнө жайгаштырылган балдардын өздөрү мурда жашап турган турак жай аянтына укуктары сакталат. Эгер ал жайга жайгаштырууга мүмкүн болбосо, анда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ошого барабар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден кем эмес ченемде турак жай аянты менен кезексиз камсыз кылынат.


45-статья. Балдардын мураскорлук укуктары


1. Балдар Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык мүлктү мурастоо укугуна ээ.

2. Балдар белекке же мурас иретинде алган мүлккө менчик укугуна ээ.

3. Балдар, анын ичинде асыранды балдар, ошондой эле өлгөн мурас берүүчүнүн, ал өлгөндөн кийин туулган баласы мыйзам боюнча мурастоодо биринчи кезектеги мурасчы болуп эсептелинет жана ата-энелери өлгөндөн кийин башка адамдардын пайдасына мурас калтырылганда милдеттүү үлүшкө укуктуу.


Ата-энелеринин экөө тең же жалгыз ата-энеси өлгөн учурда камкордукка же көзөмөлгө алуу органдары балдардын мураскорлук укуктарын коргоо жана сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.


46-статья. Балдардын интеллектуалдык ишмердигинин жыйынтыктарына

укуктары


1. Балдар өзүнүн интеллектуалдык жана чыгармачыл ишмердигинин жыйынтыктарына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

2. Балдардын интеллектуалдык ишмердигинин жыйынтыктарына мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө алынат.

Ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар, эгер алар жок болсо Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү балдардын интеллектуалдык ишмердигинин жыйынтыктарына мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарын коргоо жана сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.


III бөлүм

ЮВЕНАЛДЫК ЮСТИЦИЯ


10-глава

Ювеналдык юстиция


47-статья. Ювеналдык юстиция түшүнүгү жана принциптери


1. Мыйзам менен чатагы бар он төрттөн он сегиз жашка чейинки балдарга карата сот адилеттигин жана социалдык реабилитацияны ишке ашыруу маселелерин камтыган иш чаралардын системасы Кыргыз Республикасынын тийиштүү кылмыш-жазык жана жаза-процесстик мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Ювеналдык юстиция төмөнкү принциптерге негизденет:

- мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуунун өзгөчө тартиби;

- балдарда өз кадыр-баркын жана өзүнүн аброюн баалоо сезимин өстүрүү;

- баланын коомго кайрадан алакалаштыруу;

- баланын коом турмушундагы иштиктүү ролун ишке ашырууга болгон муктаждыктарын эске алуу.


48-статья. Эркиндигинен ажыратылган балдардын укуктарын кепилдөө

1. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эч бир бала кыйноого же катаал, адамгерчиликсиз, басмырлаган мамилеге же жазага дуушарланбашы үчүн чараларды көрүшөт.


2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык балдарды кайтарууга алуу чарасын тандоо, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазалоо сыяктуу токтотуу чаралары эң акыркы чара катары жана жаза мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө гана колдонулуга тийиш.


IV бөлүм

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР


49-статья. Ушул Кодексти бузгандык үчүн жоопкерчилик


Ушул Кодексти бузгандар же аткарылышына тоскоолдук кылгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген административдик жана/же кылмыш-жазык жоопкерчиликтерин тартышат.


50-статья. Ушул Кодекстин күчүнө кирүүсү жөнүндө


1. Ушул Кодекс Балдар иштери боюнча комиссиянын жана Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн түзүмүн, укуктук статустарын жана милдеттерин жөнгө салуучу 2007-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү жоболордон башкалары 2006-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске ылайык келтирилгенге чейин алардын ушул Кодекске каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Кодекске ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 22-ноябрь 1999-ж., N 126;

- "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 17-июль, 2004-ж., N 90.


Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев


2006-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган


<< предыдущая страница