https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 3 4 5

- ата-энесинен кароосуз калган балдарды жана ата-энеси тиешелүү тарбия бербеген жана жетиштүү камсыз кыла албаган балдарды аныктоо;

- кризистик кырдаалда калган балдардын абалын териштирүү жана баа берүү;

- алдыналуу кызматтарын көрсөтүүнү, реабилитациялоону жана коомго реинтеграциялоону өз ичине камтыган кызматтар менен бирге кризистик кырдаалда калган балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

- эгерде ата-энелери белгисиз болсо, балага фамилия, ысым жана атасынын атын ыйгаруу;

- баланын муктаждыктарына баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча ата-энелеринен камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруу формаларын тандоо;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын иштеп чыгуу;

- камкорчуларды, асырап алуучуларды, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдү тандоону ишке ашыруу;

- камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген балдардын эсебин алуу;

- жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздоо максатында, камкорчулардын, асырап алуучулардын, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдүн иштерин көзөмөлдөө;

- камкорчуларга, фостердик же багуучу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү;

- балдарга, жумуш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучу адамдарга балдардын эмгегин пайдалануунун уруксат берилген формалары жөнүндө маалымдоо;

- балдардын турак жай укуктарын коргоо жана зарыл учурларда аларды турак жай менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

- мамлекеттик камсыздоодогу тарбиялоочу мекемелерде, дарылоочу мекемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана башка ушул сыяктуу мекемелерде балдарды багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн шарттарына көзөмөлдү ишке ашыруу;

- баланын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузууга байланыштуу балдардын, ошондой эле уюмдардын кызмат адамдарынын жана жарандардын кайрылууларын кароо;

- тергөө, прокуратура жана сот органдарында балдардын таламдарын жоктоо;


- бала менен ата-энелердин ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда анын укуктары менен таламдарын коргоо үчүн баланын өкүлүн дайындоо;

- ата-энелерди ата-энелик укуктардан ажыратуу же андан ажыратпастан балдарды алып коюу үчүн сотко кайрылуу;

- ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө ишти соттук кароого катышуу;

- асырап алуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү аркылуу балдарды асырап алуу жолжобосуна катышуу;

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга квартал сайын отчет берип туруу.

Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм өзүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн контракттарды түзүү жолу менен башка уюмдарды тартууга укуктуу.

4. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн документтерин сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.


II бөлүм

БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ТАЛАМДАРЫ,

АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ


4-глава

Балдардын укуктук статусу, төрөлүшүн,

жарандуулугун каттоо


18-статья. Баланын укуктарын камсыз кылуу


Ар бир бала жакшы турмушта жашоо үчүн зарыл болгон коргоо жана камкордук менен камсыз болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын ата-энелеринин, камкорчуларынын жана ал үчүн жоопкерчилик тартуучу башка адамдардын укуктары менен милдеттери көңүлгө алынууга тийиш.


19-статья. Баланын төрөлүшүн каттоо


1. Бала медициналык мекемеде төрөлгөн учурда, анын төрөлүү фактысын каттоо үчүн эки нускада төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкат жазылып, анын бири энесине же атасына берилет, экинчиси бала төрөлгөн күндөн тартып беш күндүн ичинде баланын жашаган жери боюнча жарандык абал актыларын жазуу органдарына (мындан ары - ЗАГС) жиберилет.

Төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкаттын бир көчүрмөсү төрөт үйүндө калат. Төрөт үйү баланын туулгандыгы жөнүндө маалыматты 20 жыл бою сактайт. Жыл сайын үстүдөгү жыл аяктагандан кийинки айдан кечиктирбестен төрөлүү фактысын каттоо журналы төрөт үйү жана райондук ЗАГС тарабынан архивдештирүү жана андан ары сактоо үчүн ЗАГСтын борбордук архивине жөнөтүлөт.


2. Бала медициналык мекемеден сырткары жерде төрөлгөн учурда, врач же саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген башка медициналык кызматкер ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган тартипте, баланын төрөлүү фактысын бышыктаган маалымкат жазууга тийиш.

3. Баланын төрөлүү фактысын каттоодо андан ата-энелери баш тарткан учурда, маалымкаттын бир нускасы милдеттүү түрдө бала жибериле турган балдар мекемесине жөнөтүлөт.

4. Баланын ата-энеси, врач же саламаттык сактоо органдары ыйгарым укук берген медициналык кызматкер тарабынан ушул статьянын талаптарынын аткарылбашы көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

5. Баланын төрөлүүсүн каттоо, баланын тегин аныктоо, ошондой эле атасын аныктоо, баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


20-статья. Ысым алуу жана жарандуулук укугу


1. Ар бир бала төрөлгөндөн кийин дароо катталууга тийиш.

2. Ар бир бала өз ысымын жана жарандуулугун алууга укуктуу. Бала мүмкүн болушунча өз ата-энесин билүүгө жана алардын камкордугуна бөлөнүүгө укуктуу.

Баланын жарандыкты алуу жана өзгөртүү негизи жана тартиби "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Баланын жарандыгын ырастоочу документ туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана/же паспорт болуп саналат.

3. Баланын ысымын, фамилиясын аныктоо, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.


21-статья. Баланын өз пикирин эркин билдирүү укугу

1. Ар бир бала өз пикирин эркин билдирүү укугуна ээ. Бул укук баланын социалдык, руханий жана моралдык бакубат жашоосуна, анын дене бой жана психикалык ден соолугуна көмөктөшүүчү ар кандай маалыматтарды жана ар кандай идеяларды издөө, алуу жана оозеки, жазуу түрлөрүндө берүү эркиндиктерин камтыйт.


2. Баланын мыйзамдуу өкүлдөрү жана ошондой эле ээлеген кызматы баланын укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүүчү адам баланын курагын эске алуу менен ага маалыматтарды, түшүндүрүүлөрдү жана кеңештерди берүүгө милдеттүү.

3. Баланын өз пикирин билдирүү укугун ишке ашыруу мыйзамдарда каралган учурларда, төмөнкүдөй максаттарда айрым чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн:

- башка адамдардын укуктары менен кадыр-баркын урматтоо;

- мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти же Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоодо.


22-статья. Баарлашуу укугу


1. Өз көз карашын айта алууга жарактуу ар бир бала өз кызыкчылыктарына тиешелүү баардык маселелер боюнча баарлашууга укуктуу.

2. Баарлашуу укугу баланын кандай болбосун маалыматты, кеңештерди суроого, өз пикирин билдирүүгө, эгер баланын пикири кабыл алынганда келип чыгуучу натыйжалар жөнүндө маалымдалуу укуктарын камтыйт.

3. Ар бир бала түздөнтүз өзү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүлү аркылуу баарлашууга укуктуу.


23-статья. Ишеним жана дин тутуу эркиндигине укуктуулук


1. Ар бир бала каалаган динди эркин тутунууга же эч бир динди тутунбоого укуктуу.

2. Эч ким баланын, ошондой эле анын ата-энесинин, же аларды алмаштыруучу адамдардын макулдугусуз динин өзгөртүүгө же тигил же бул динди тутунууга мажбурлоого акысы жок.

3. Динге ишенүү жана тутунуу эркиндиги мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ыймандуулугун жана башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл учурларда гана мыйзамдын же соттун чечиминин негизинде чектелиши мүмкүн.


24-статья. Балдардын укуктарынын коргоо


1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылуучу баланын укугун коргоо төмөнкү этаптарды камтууга тийиш:

- кырдаалды ар тараптан баалоо;

- баланын укуктарын коргоо боюнча иш чараларды пландоо;


- чечим чыгаруу жана аны биротоло бекитүү.

Баланын укуктарын коргоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан бекитилет.

2. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү кайрылуу болгон же баланын укуктарын коргоо зарылдыгы жөнүндө факты аныкталган учурдан тартып 30 күндүн ичинде баланын укуктарынын ишке ашырылышына жана анын үй-бүлөсүнө ар тараптуу баа берет.

3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн абалга ар тараптуу баа берүүчү кызматкери баланы камкордукка алуу иш чараларынын планын түзөт жана милдеттүү түрдө төмөнкү маселелерди чечет:

- ал бала Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматтарына муктажбы;

- баланы үй-бүлөсүнө кайра кайыруу мүмкүнбү же аны үй-бүлөсүнөн сырткары жайгаштыруу керекпи;

- балага камкорчулук дайындоо, фостердик же асыроочу үй-бүлөгө берүү же асыроого берүүнү артыкчылыктуу тартипте кароо.

4. Баланы камкордукка алуу иш чараларынын планы төмөнкү принциптерге негизделет:

- жашына жана жетилгендигине жараша баланын пикирин эске алуу;

- баланы андан ары ата-энелери, камкорчулары, көзөмөлгө алуучулары менен чогуу жашоосу мүмкүн болбогон учурларда ал туруктуу негизде жайгаштырылууга тийиш;

- балдар мекемесине жайгаштырганга караганда үй-бүлөгө жайгаштыруу артыкчылыктуу болуп саналат;

- бир туугандарды ажыратуу алардын кызыкчылыгы үчүн гана болууга тийиш;

- баланын улуттук, диний, маданий же тилдик тегин эсепке алуу;

- балага тийиштүү бардык маалыматтар жана кабыл алынган чечимдер ага анын жаш курагына жана жетилгендигине жараша жеткиликтүү формада түшүндүрүү;

- чечим мүмкүн болушунча тез арада кабыл алуусу жана баланын бейпилдигине жана кызыкчылыктарына зыян келтирбөөсү керек.

5. Баланы камкордукка алуунун планы Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен 10 күндөн ашпаган мөөнөттө бекитилет. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкери ушул статьяда белгиленген талаптарды аткарбаган учурда план толуктап иштеп чыгууга жиберилет.


6. Баланы өз үй-бүлөсүнөн башка жакка жайгаштыруу жөнүндө чечимге ата-энелери макулдук бербесе Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү ата-энелердин укуктарын чектөө же ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө материалдарды сотко жиберет.

7. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөнтүз коркунуч (күч колдонгон же психологиялык зомбулук, орой мамиле же эксплуатациялоо жана башка учурларда) келген өзгөчө учурларда Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү баланын укуктарын коргоо жана аны үй-бүлөсүнөн башка жакка жайгаштыруу боюнча шашылыш чараларды көрөт. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү көрүлгөн шашылыш чаралар жөнүндө прокурорго жана Балдар иштери боюнча комиссияга бир күндүн ичинде билдирет. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү 3 күндөн кечиктирбестен коргоого алуу планын түзөт жана материалдарды Балдар иштери боюнча комиссияга жана андан ары сотко жөнөтөт.

8. Баланы үй-бүлөсүнөн тышкары жакка жайгаштыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү өзүнчө Жобо менен аныкталат.

9. Балдар иштери боюнча комиссия Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн чечимдерин эки жолу жүйөсүз четке каккан учурда Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү мындай чечимдин үстүнөн баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз алдынча даттанууга укуктуу. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин үстүнөн соттук тартипте даттана алат.


25-статья. Балдарды сатуу, балдардын сойкулугу жана порнографиясы


1. Кыргыз Республикасында балдарды сатууга, балдардын сойкулугуна жана порнографиясына жол берилбейт.

2. Балдарды сатууга, балдардын сойкулугуна жана балдардын порнографиясына күнөөлүү, жана ошондой эле балдардын сексуалдык кызматтарынан пайдаланган жана балдардын порнографиясын тараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат.



5-глава

Балдардын үй-бүлөдөгү укуктук мамилелер

жагындагы укуктарын жана таламдарын

камсыз кылуу


26-статья. Баланын үй-бүлөлүк укук мамилелерге укугу


1. Ата-энелеринин биринен же экөөнөн тең ажыратуу баланын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгондон башка учурларда ар бир бала үй-бүлөсүндө жашоого, ата-энесинин экөөнү тең билүүгө жана алардын камкордугуна алынууга, алар менен чогуу жашоого укуктуу.

2. Бала ата-энелеринен ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык чыгарылган чечим боюнча анын пикирин эске алуу менен, анын эң жакшы кызыкчылыктары үчүн гана ажыратылышы мүмкүн.

3. Ата-энелери бөлөк жашаган, алардын никеси ажыратылган же бала үй-бүлөдөн башка жакка жайгаштырылган, баланы ата-энелеринин биринен же экөөнөн тең ажыратуу баланын кызыкчылыгы үчүн гана жасалгандан башка учурларда, бала өзүнүн ата-энелерин билүүгө жана алар менен баарлашууга укуктуу.


27-статья. Ата-энелердин жана аларды алмаштырчу адамдардын

жоопкерчиликтери


Ата-энелер жана аларды алмаштырчу адамдар баланын толук кандуу өсүүсүнө, тарбиялануусуна, билим алуусуна, ден соолугунун чыңдалышына, үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча жашоого даярдануусуна зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энелердин экөө тең, же аларды алмаштырган адамдар баланын тарбиялануусу, тийиштүү түрдө багылуусу, материалдык жактан жана турак жай менен камсыз болуусу үчүн кам көрүүгө бирдей милдеттүү.

Ата-энелердин же бала багуусунда турган аларды алмаштырчу адамдардын баланын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын бузуулары, чектөөлөрү, ошондой эле баланын ден соолугуна жетиштүү кароону жүргүзбөгөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

Ата-энелери өлгөн, ата-энелик укуктан ажыратылган, ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелери аракетке жөндөмсүз деп табылган, ата-энелери ооруган, ата-энелери узакка жок болгон, ата-энелери балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон качкан учурларда, анын ичинде ата-энелери өз балдарын тарбиялоочу мекемелерден, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ушул сыяктуу мекемелерден алуудан баш тарткан учурларда, ошондой эле ата-энелик багуусу жок болгон башка учурларда баланын укуктарын жана таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын кызыкчылыгында балдардын кызыкчылыктары үчүн иштеген Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө жана Балдар иштери боюнча комиссияга тапшырылат.


Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар баланы тарбиялоого, алардын билим алуусуна кам көрүүгө, баланын жаш курагына жана жөндөмүнө жараша анын аракеттерин башкарууга укуктуу жана милдеттүү.

Ата-энелик укуктар балдардын кызыкчылыктарына каршы ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Балдардын таламдарын камсыз кылуу алардын ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын негизги камкордугу болууга тийиш.

Ата-энелер же аларды алмаштырчу адамдар ата-энелик укуктарын ишке ашырууда балдардын дене бой жана психикалык саламаттыгына, алардын адеп-ыймандык өнүгүүсүнө залал келтирүүгө укуктары жок. Балдарды тарбиялоо ыкмалары баланы этибар албаган, катаал, орой, адамдык намысты басмырлаган мамилеге, мазактоого же эксплуатациялоого жол бербөөгө тийиш.


28-статья. Балдардын муктаждыктарын канааттандыруу жолу менен аз

камсыз үй-бүлөлөргө мамлекеттик (материалдык) жардам

берүү


1. Ата-энелери же анын мыйзамдуу өкүлдөрү жетиштүү камсыздабаган ар бир балага мамлекеттик жардам берилет. Мамлекеттик жардамдын өлчөмү, берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.



<< предыдущая страница   следующая страница >>