https://electroinfo.net

girniy.ru 1 ... 2 3 4 5

Жетим-балдар же ата-энелеринин камкордугусуз жана көзөмөлүсүз калган балдар мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен багылат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камкордугунун формасына карабастан ар бир балага бирдей материалдык шартты камсыз кылууга тийиш.

2. Мамлекет жетим-балдарды, майып, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, согуштук аракеттердин, улуттар аралык жаңжалдын, табигый кырсыктардын, эпидемиялардын, экологиялык кыйроолордун чөлкөмүндө калган балдарды, качкындардын жана аргасыз жер которгондордун балдарын кошумча жеңилдиктер менен камсыз кылат.


29-статья. Асыроо


1. Асыроо - бул өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы.

2. Асыроо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат жана өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган балдардын кызыкчылыгы үчүн, ошол балдардын укуктарын коргоонун ылайыктуу ыкмасы катары, ошондой эле балдардын кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырылат.


30-статья. Качкын балдардын укуктук статусу


Кыргыз Республикасында эл аралык жана улуттук мыйзамдарга ылайык качкын статусун алууну каалаган же качкын деп эсептелген, ата-энелери же ким болбосун башка адам коштоп жүргөн балага ушул Кодексте жана адам укугу боюнча Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда баяндалган коргоо жана жардамдардан ойдогудай пайдалануу укуктарын камсыз кылуу кепилденет.


31-статья. Качкындын үй-бүлөсүнүн бала мүчөлөрүнө качкындын

статусун берүү


Эгер үй-бүлө башчысына "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасында качкын статусу берилсе, анда алар чогуу жашаган шартта качкын статусу анын балдарына да таркалат.

Балдар Кыргыз Республикасында ата-энелерине кошулууга жана качкын статусун алууга укуктуу.


Кыргыз Республикасынын аймагында качкын статусу бар бала Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктардан пайдаланат жана ошондой эле милдеттерди тартат.

Ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдары жок учурларда Кыргыз Республикасынын качкын бала турган жердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары анын ата-энелерин же туугандарын издөө чараларын көрөт, материалдык, медициналык жана башка жардамдарды берет.


6-глава

Балдардын билим алуу жагындагы

укуктарын жана таламдарын

камсыз кылуунун негизги

багыттары


32-статья. Баланын милдеттүү акысыз мектептик билим алуу укугун

камсыз кылуу


1. Ар бир бала мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акысыз мектептик билим алууга укуктуу.

2. Мамлекет башталгыч жалпы жана негизги жалпы билим алуунун милдеттүүлүгүн, акысыздыгын жана жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы орто билим алуунун акысыздыгын кепилдейт.


33-статья. Дене-бой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана

өзгөчө муктаждыктагы балдардын билим алууга укугу


1. Денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана өзгөчө муктаждыктагы балдар өздөрүнүн денебой акыбалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган мамлекеттик жалпы билим берүүчү жана башталгыч кесиптик билим берүүчү мекемелерде кепилденген акысыз билим алууга укуктуу.

2. Мамлекеттик билим берүүчү мекемелерде жалпы негизде билим алууга жөндөмсүз денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана өзгөчө муктаждыктагы, балдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын дарылануусун, билим алуусун, кесиптик даярдыгын, социалдык ыңгайлашуусун жана коомго аралашуусун камсыз кылуучу атайын топторду, класстарды же уюмдарды ачууну өз ичине камтыган өзгөчө шарттар түзүлөт.

3. Билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик окуу жайларына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү окутуунун күндүзгү (бюджеттик) формасына квоталарды жана окутуунун күндүзгү (контракттык) формасына жана сырттан окуу бөлүмүнө жеңилдиктерди бөлүштүрөт.


4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн арналган квоталар толук талап кылынбаган учурда, алар башка абитуриенттердин арасында жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


34-статья. Ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын билим

берүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери


1. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар баланын пикирин жана жөндөмүн эске алуу менен окутуунун формасын, билим берүүчү мекеменин тибин жана түрүн тандоого укуктуу.

2. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар балдардын негизги жалпы билим алуусу боюнча милдеттерин аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопко тартылышат.


35-статья. Билим берүү мекемелеринин укуктары жана милдеттери


1. Балдар жана ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар үчүн жеткиликтүү билим берүү мекемелеринин көрүнөө жерлерге уставдардын, ички тартип эрежелеринин тексттери, ал уюмдардын ишин көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын тизмеси алар менен байланышуунун жолдорун көрсөтүү менен илинип коюлат.

2. Билим берүү мекемелеринин ишинде балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын чектөөгө жол берилбейт.

Баланын мамлекеттик билим берүү мекемесине кирүүсүнө мыйзамда каралбаган чектөөлөргө жол берилбейт.

Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акчалай же материалдык кандайдыр жыйымдарды же акыларды мажбурлап алууга жол берилбейт.

3. Билим берүү мекемеси басмырлоону жана кордоону болтурбастан, окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, окуучулардын кадыр-баркын эске алуу менен тарбиялык мүнөздөгү чаралар аркылуу гана тартипти камсыз кылат.

4. Билим берүү мекемелеринде балдарды уруп-согуп жазалоого жол берилбейт.

Уруп-согуп жазалоо болгон учурда жазалаган адам, ошондой эле билим берүү мекемесинин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтерди тартышат.



7-глава

Саламаттык сактоо жагында балдардын

укуктарын жана таламдарын камсыз

кылуунун негизги багыттары


36-статья. Балдардын саламаттык сактоого укуктарын камсыз кылуу


1. Ар бир бала жашоого, саламаттыгын сактоого жана чыңдоого укуктуу.

2. Балдардын ден соолугун сактоого жана бакубат жашоо укугу төрөлгөндөн тартып пайда болот жана балдар кандай шартка кабылганына, үй-бүлөсүндө жашаганына, балдарды багуучу мамлекеттик мекемеде же кылмыш жасаганына байланыштуу эркиндигинен ажыратуучу жайларда, тарбиялоочу-эмгектик мекемелерде болгонуна, психикалык, денебой саламаттыгына же аракетке жөндөмсүз деп табылганына карабастан сакталат.


37-статья. Ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын

балдардын ден соолугуна тийиштүү камкордукту көрүү

милдеттери


1. Ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар балдардын саламаттыгына тийиштүү камкордук көрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

2. Медициналык жардамга атайылап кайрылбаган же андан баш тарткан ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар эгер бул баланын ден соолугуна залал келтирсе ушул Кодексте белгиленген тартипте жоопко тартылышат.


38-статья. Мамлекеттик органдардын саламаттык сактоо жагындагы

милдеттери


1. Саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкү чараларды камсыз кылышат:

- жаңы төрөлгөн, ымыркай жана эрте жаштагы балдардын ден соолугун медициналык байкоого алуу аркылуу балдардын ден соолугун коргоо боюнча;

- балдардын өлүмгө учуроо деңгээлин азайтуу боюнча;

- энелерге төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилдерде саламаттыгын сактоо боюнча тийиштүү кызматтарды көрсөтүү боюнча;

- ата-энелерге балдардын саламаттыгы жана тамактануусу жөнүндө, эмчек эмизүүнүн артыкчылыктары, бала жашаган чөйрөнүн гигиенасы жана санитариясы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча;


- алдын алуучу медициналык жардам жана үй-бүлөнү пландаштыруу жагында агартуучу иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча;

- билим берүү мекемелеринде балдардын саламаттыгын сактоо, анын ичинде тукум улоочулук, саламаттык, жыныстык билим, баңгилик, алкоголь жана тамеки маселелерин жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды камтыган программаларды түзүү жана жайылтуу боюнча;

- жугуштуу жана коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча;

- мертинүүгө учуроонун алдын алууну жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча.

2. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарга оорулардын алдын алууну, медициналык диагностиканы, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу иштерди, анын ичинде майып балдарды жана өнөкөт оорудан жабыркаган балдарды диспансердик байкоого алууну, медициналык реабилитациялоону жана санаторийлик-курорттук дарылоону караштырган акысыз, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат.


8-глава

Социалдык жана эмгектик укуктук мамилелер

жагында балдардын укуктарын жана

таламдарын камсыз кылуунун

негизги багыттары


39-статья. Балдардын кесиптик багыт алуу, даярдык жана ишке

орношуу укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз

кылуу


1. Балдар жаш курагына, ден соолугунун абалына, жалпы билиминин жана кесиптик даярдыгынын деңгээлдерине жараша кесиптик даярданууга, ишке орношууга укуктуу.

2. Баланы ишке алуудагы төмөнкү курак он төрт жаш эсептелет.

3. Жумуш убактысынын узактыгы, эмгек шарттары, эмгектик укуктук мамилелердеги баланын укуктары жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен аныкталат.

Он төрт жашка чыккан бала ата-энелеринин биринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен окуусунан бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган жумуштарды аткарууга эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.


4. Мамлекет башталгыч эмгектик (кесиптик) даярдык мекемелер системасы аркылуу он төрт жаштан баштап балдардын кесипке даярдануу укуктарын камсыз кылат.

5. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишке орноштуруу кызматтарынын жолдомолору боюнча балдарды квоталануучу жумушчу орундарына алууга милдеттүү. Балдарды бошотууга баланын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн макулдугу боюнча, болбосо соттун чечими менен гана жол берилет.


40-статья. Балдардын эмгегин пайдалануу


1. Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, үй-бүлөлүк жана ижаралык подрядда балдарды мажбурлаган же анын ден соолугуна жана (же) денебой, акыл-эс, рухий, адептик жана (же) моралдык өсүшүнө залал келтирүүчү эмгектин бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасында балдардын эмгегин жаман түрлөрүндө пайдаланууга тыюу салынат.

Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон жумуштарда (оюн-зоок бизнесинде, түнкү кабаре жана клубдарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттуу жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

Балдардын алар үчүн белгиленген ченемден ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө жана ташууларына тыюу салынат.

Балдардын эмгегин колдонуу тыюу салынган жумуштардын тизмеси, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн ченемдик чектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте белгиленет.


9-глава

Балдардын мүлктүк жана мүлктүк

эмес жеке укуктары


41-статья. Балдардын укук жөндөмдүүлүгү жана аракет жөндөмдүүлүгү

1. Балдардын укук жөндөмдүүлүгү жана аракет жөндөмдүүлүгү, алардын мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.


2. Бала Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен сакталуучу жана корголуучу менчик укугуна ээ.

Балдар өздөрү тапкан кирешелерге, өздүк каражаттарына сатып алган мүлккө менчик укугуна ээ.

Балдар өз ата-энелеринен жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө каржы алууга укуктуу.

Жубайлардын (ата-энелеринин) биргелешкен жалпы менчиги болгон мүлктү бөлүштүрүлгөн бардык учурларда балдардын мүлктүк укуктары көңүлгө алынууга тийиш.

Ата-энелери же алардын бирөө сот чечими менен дайынсыз жок деп табылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар алардын каражаттарынын эсебинен багылууга укуктуу.

3. Баланын аракетке жөндөмдүүлүгү бойго жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка чыккан учурдан тартып толук көлөмдө пайда болот.

4. Он сегиз жашка чыкканга чейин мыйзамда белгиленген тартипте никеге турган бала никелешкен учурдан тартып толук көлөмдө аракет жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.

Никеге туруунун натыйжасында алынган аракет жөндөмдүүлүгү нике бузулган учурда да толук өлчөмдө сакталат.


42-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү


1. Он төрт жашка чейинки балдар түзгөн бүтүмдөр ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда жараксыз болот.

2. Он төрт жашка чейинки баланын атынан бутүмдү ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ата-энелери, асыроочулар же камкорчулар гана түзө алышат.

3. Жетиден он төрт жашка чейинки бала төмөнкү бүтүмдөрдү өз алдынча жасоого укуктуу:

1) тиричиликтик майда бүтүмдөр;

2) нотариуста күбөлөндүрүүнү же жол-жоболоону, же мамлекеттик каттоону талап кылбаган, кайтарымсыз пайда алууну көздөгөн бүтүмдөр;

3) мыйзамдуу өкүлү берген каражаттарды тескөө же анын макулдугу менен үчүнчү жак тийиштүү максат үчүн же эркинче пайдалануу үчүн берген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.


4. Он төрт жашка чейинки баланын кредиттик мекемелерге аманат салуу жана аларды тескөө укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

5. Он төрт жашка чейинки баланын бүтүмдөрү, анын ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча мүлктүк жоопкерчиликти, милдеттенменин бузулушунда алардын күнөөсү жок экенин далилдей алышпаса, анын ата-энелери, асыроочулары же камкорчулары тартышат.


43-статья. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки балдардын аракет

жөндөмдүүлүгү


1. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки бала ушул статьянын 2-пунктунда аталгандан башка бүтүмдөрдү өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ата-энелеринин, асыроочуларынын же камкорчуларынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен түзөт.

Баланын андай уруксатсыз жасаган бүтүмү, аны кийин ата-энелери, асыроочулары же камкорчулары жазуу жүзүндө кубаттаса жарактуу болот.

2. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки бала ата-энелеринин, асыроочуларынын жана камкорчуларынын макулдугусуз төмөнкүлөргө өз алдынча укуктуу:

1) өзүнүн эмгек акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө;

2) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге аманат салууга жана аларды тескөөгө;

3) ушул Кодекстин 41-статьясынын 3-пунктунда каралган тиричиликтик майда бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө.



<< предыдущая страница   следующая страница >>