https://electroinfo.net

girniy.ru 1

Распоряжение Правительства КР от 23 июля 2014 года № 289-р




Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ


Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү;

Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу түзүү аркылуу өз ара экономикалык жана финансылык мамилелерин өнүктүрүүнү, ошондой эле экономикалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташууну чыңдоону каалап,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар

Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга колдонулат.

2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар

1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү органдарынын атынан алынуучу киреше салыктарына карата аларды алуунун методуна карабастан колдонулат.

2. Кирешеге салык деп кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан алган кирешенин салыктарын, ишканалар төлөгөн эмгек акынын же маянанын жалпы суммасына салынган салыктарды кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринин суммасынан алынган бардык салыктар эсептелет.

3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонулуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:

а) Кыргыз Республикасында:

- пайдага салык;

- жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары - "Кыргызстандын салыктары" деп аталат);

б) Бириккен Араб Эмираттарында:

- корпоративдик салык;

- пайдага салык (мындан ары - "БАЭ салыктары" деп аталат).

4. Бул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып аракеттеги салыктарга кошумча катары же алардын ордуна алына турган ушул сыяктуу жана маңызы боюнча окшош салыктарга карата колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.


3-берене. Жалпы аныктамалар

1. Эгер контексттен башкача келип чыкпаса ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:

а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин анда Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;

б) "Бириккен Араб Эмираттары" деген терминди географиялык мааниде пайдаланганда Бириккен Араб Эмираттары эгемендүү укуктарга ээ болгон аймакты, ошондой эле аймагындагы суунун, аба мейкиндигинин жана суу алдындагы аймактын чегинен тышкары Бириккен Араб Эмираттары эл аралык укуктардын жана мыйзамдардын ченемдерине ылайык жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланыштуу сууларында, деңиз түбүндө жүргүзгөн ар кандай иш аракеттерге карата эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган аймакты түшүндүрөт;

в) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;

г) "компания" деген термин корпоративдик бирикмени же салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай ишкананы түшүндүрөт;

д) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Бириккен Араб Эмираттарын түшүндүрөт;

е) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;

ж) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги унаа каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары пайдалануучу деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги унаа каражаттары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;


з) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:

(1) Кыргыз Республикасында - Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;

(2) Бириккен Араб Эмираттарында - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;

и) "букара" термини төмөнкүнү түшүндүрөт:

(1) Ушул Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы бар ар кандай жеке жакты;

(2) Ушул Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн макамын алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же бирикмени.

2. Макулдашуучу Мамлекет ушул Макулдашууну колдонууда анда аныкталбаган ар кандай термин, ушул Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган маанисинен өтүп Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата ушул Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот.

4-берене. Резидент

1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

(а) Бириккен Араб Эмираттарына карата:

1) Бириккен Араб Эмираттарынын же ар кандай административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдарына ылайык жаран болуп эсептелген ар кандай жак;

2) катталган же Бириккен Араб Эмираттарынын же ар кандай административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдары менен башкача түрдө таанылган жеке адамды кошпогондо ар кандай жак;

(б) Кыргызстанга карата:

1. Ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, туруктуу барган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле ушул Мамлекетти же анын административдик бөлүнүшүн жана жергиликтүү бийлик органын камтыйт. Бирок бул термин ошол Мамлекеттеги булактардан алынган кирешелерге же андагы капиталына карата ушул Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.

2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболору боюнча жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда анын макамы төмөнкүдөй аныкталат:


а) ал аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;

б) эгер анын жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же эгер бул Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;

в) эгер ал демейде эки Макулдашуучу Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;

г) эгерде ушул пункттун (в) пунктчасынын жобосуна ылайык жеке жактын макамы аныкталбаса, анда бул маселе Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.

3. Эгерде ушул берененин 1-пунктуна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал катталган Мамлекеттин резиденти болуп саналат.

5-берене. Туруктуу мекеме

1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишмердиги толук же жарым-жартылай ишке ашырылат.

2. Тактап айтканда "туруктуу мекеме" термини өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) башкаруу орду;

б) бөлүм;

в) кеңсе;

г) фабрика;

д) өнөркана;

е) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстары казылуучу ар кандай башка жерлер.

3. Курулуш аянты, куруу, монтаждоо же куроо объект туруктуу мекеме болуп саналат, бирок эгер ушундай аянт же объект он эки айдан ашык мезгил ичинде иштеген учурда гана.

4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:


а) ишканага тиешелүү болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү максатында гана курулмаларды колдонууну;

б) сактоо, көрсөтүү же берүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын камдыктарын кармоону;

в) башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын камдыктарын кармоону;

г) товарларды же буюмдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;

д) ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка иш-аракетти жүргүзүү максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;

е) ушул пункттун "а" - "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар кандай айкалыштарын ишке ашыруу үчүн гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону, мындай айкалыштыруунун натыйжасында пайда болгон иш-аракеттин туруктуу орундагы жалпы иш-аракеттер даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө боло турган шартта.

5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде көз каранды эмес макамдуу агенттен башка, ушул берененин 6-пункту колдонулуучу жак биринчи Макулдашуучу Мамлекетте экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын атынан келишимдерди түзүүгө берилген укук менен аракеттенсе, эгер ал жактын иш-аракети ушул берененин 4-пунктунда айтылган, туруктуу иштөөчү жерде аткарылганда ошол туруктуу иштөөчү жерди ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпоочу иштер менен чектелсе, анда ал ишкана биринчи Мамлекетте туруктуу иштөөчү мекемеси бар жана ал мекеменин бардык иштерин ушул жак аткаруучу ишкана катары каралат.

6. Ишкердикти ошол Мамлекетте, брокер, комиссионер, же көз карандысыз макамы бар башка агент аркылуу жүргүзсө гана, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, ишкана Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары каралбайт.

7. Компания Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган факты, же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.


6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше

1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан, жайыттан жана токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алган кирешесине ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды жана айыл, токой чарбасында жана жайыт чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык камдыктарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштүүгө укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Кемелер, кайыктар жана аба кемелери кыймылсыз мүлк катары каралбайт.

3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.

4. Эгер компаниянын акцияларына же башка корпоративдик укуктарына ээ болуу бул акциялардын жана корпоративдик укуктардын ээсине компанияга тийиштүү кыймылсыз мүлктөрдү колдонуу укугуна, жалдоого берип колдонуудан же башка формада колдонуудан пайда алууга укук берсе, анда мындай иш-аракеттерге карата ушул кыймылсыз мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте салынышы мүмкүн.

5. Эгер пайданын негизги ээси болуп Мамлекет же жергиликтүү бийлик органдары, административдик бөлүнүштөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу же алардын финансылык мекемелери саналса, аларга карата ушул берененин 3-пунктунун жобосу колдонулбайт.

7-берене. Ишкердик иштен пайда

1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик иш жүргүзбөсө, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик иш жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.


2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен эгер Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик иш жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда кирет.

3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.

4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын жалпы пайдасын анын ар түрдүү бөлүнүштөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, ушул берененин 2-пункту ушул Макулдашуучу Мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бирок бөлүштүрүүнүн кабыл алынган методу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек. Бирок, кайрадан эсеп ачууга жол берилбейт, эгер ассоциацияланган ишканалар ортосундагы бүтүм жалпы кабыл алынган практикага ылайык жасалса.

5. Ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды сатып алуунун себеби боюнча туруктуу мекемеге эч кандай пайда эсептелбейт.

6. Ушул берененин жогоруда аталган пункттарын аткаруу үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн кескин жана жетишердик негиздери болбосо, жыл сайын бир гана ыкма менен аныкталат.

7. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин камтыса, анда бул берененин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.

8. Ушул берененин 1, 2, 3-пункттарынын жоболору эгер пайданын негизги ээси мамлекеттин өзү, административдик бөлүнүшү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү бийлик органдары же алардын финансылык мекемелери болуп саналса, бул пайдадан салык келген Мамлекетте гана алынат.


8-берене. Эл аралык ташуулар

Ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболоруна карабастан:

1. Эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү унааны пайдалануудан Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ишкананы иш жүзүндө башкаруу жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

2. Ушул беренени аткаруу үчүн эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү унааны пайдалануудан алынган пайда төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) бош кеме шартында деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү унааны ижарага берүүдөн пайданы;

б) товарларды ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди ташуучу трейлерди жана коштоочу жабдууларды кошкондо, контейнерлерди колдонуудан, пайдалануудан же ижарага берүүдөн пайданы.

3. Ушул берененин 1-пунктчасынын жоболору ошондой эле төмөнкүлөрдөн алынган пайдага да колдонулат:

а) пайдалануу боюнча бирикмелерге, биргелешкен ишканаларга же эл аралык уюмдарга катышуудан;

б) башка ишкананын атынан билеттерди сатуудан;

в) кадрларды даярдоодон;

г) үчүнчү жакка техникалык каражатты сатуудан;

д) банкка салымдан, облигациялардан, акциялардан, фонддордон жана башка карыз милдеттенмелеринен.

9-берене. Ассоциацияланган ишканалар

1. Эгер:

а) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына туз же кыйыр катышса; же

б) бир эле жактар биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына туз же кыйыр катышса.

Ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, тийиштүү түрдө бул ишкананын пайдасына киргизилет жана салык салынат.


2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушундай түрдө киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жасашы мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири- бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрүшөт.

10-берене. Дивиденддер

1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти - компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ушул экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.

2. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан, дивиденд алуу укугу менен акциялардан же дивиденд алууга укуктардан, кен казуучу компаниялардын акцияларынан, уюштуруучу акциялардан же пайдага катышууга укук берген, карыздык талап болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан кирешелерге салык салууга карата теңештирилген башка корпоративдик укуктардан түшкөн кирешелерди түшүндүрөт.

3. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердикти анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө же ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтсө жана дивиденддер төлөнгөн холдинг чындыгында ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, 1-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-берененин жоболору шартка жараша колдонулат.


4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта экендигин кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.

11-берене. Пайыздар

1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга, ошол экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.

2. "Пайыздар" термини ушул беренеде колдонгон учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү, күрөө менен камсыздалган же камсыздалбаган ар кандай түрдөгү карыз талаптарынан кирешени, атап айтканда мамлекеттик баалуу кагаздардан кирешени жана облигациялардан жана карыз милдеттенмелеринен кирешени түшүндүрөт, буга ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыз милдеттенмелери боюнча сыйакылар жана утуштар да кирет. Өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.

3. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же анын негизинде пайыздар төлөнүүчү ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы аркылуу көрсөтүү жана карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.


4. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, карыздык талапка таандык болгон пайыздан, анын негизинде төлөнүүчү кирешенин суммасы төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө салык салынат.

12-берене. Роялти

1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Бирок, мындай роялтиге алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте жана ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5%нан ашпоого тийиш.

3. Ушул беренеде "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге, компьютердик программаларды, кинематографиялык фильмдерди, радио жана телеберүүлөр үчүн колдонулуучу фильмдерди же жазууларды, кандайдыр бир патенттерди, соода маркаларын, дизайн же моделди, планды, жашыруун формуланы же процессти кошо алганда автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун берүү үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.

4. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7-берене жана 14-берене колдонулат.


5. Роялти Макулдашуучу Мамлекетте эгерде аны төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, ошол Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок роялти төлөөчү жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналганына же саналбаганына карабастан Макулдашуучу Мамлекетте роялти төлөө милдеттенмеси менен байланышкан туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, ал эми роялти ушул туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, анда роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.

6. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы аталган суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.

13-берене. Капиталдан киреше

1. 6-беренеде аталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан алынган, же көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагындагы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлктөрдөн алынган кирешеге, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.


3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү унааны же мындай деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү унааны пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ажыратуудан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу кирешелерге ишкананы иш жүзүндө башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

4. Экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн түздөн-түз же кыйыр түрдө анын наркынын 50%нан көбү алынуучу акцияларды ажыратуудан түшкөн Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу кирешелерге ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

5. Жогоруда аталган пункттарда аталгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү

1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Мамлекетте гана салык салынат, буга экинчи Макулдашуучу Мамлекетте мындай кирешеге салык салынган төмөнкү учурлар кирбейт:

а) эгерде ал дайыма жеткиликтүү туруктуу базага ээ болсо, мындай учурда ушул туруктуу базага таандык гана киреше бөлүгүнө ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же

б) эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин болушу ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилдин ичинде, жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилде же мезгилдердин аралыгында уланса; бул учурда анын ошол экинчи Мамлекеттеги иш-аракетинен алынган киреше бөлүгүнө гана экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү" деген термин, атап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуучулук иштерди, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.

15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр


1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, ушул Макулдашуунун 16, 18 жана 19-беренелеринин жоболорун эске алуу менен, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлыгына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сыйакысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сыйакыга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сыйакысына биринчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:

а) алуучу ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилде, жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте болсо; жана

б) сыйакы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана

в) сыйакы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.

3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз, аба кемесинин бортунда же жер үстүндөгү унаада ишке ашырылган жалдануу боюнча иш менен байланыштуу алынган сыйакыга резиденти ушул ташууларды ишке ашыруучу ишкана болгон Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.

16-берене. Директорлорго сыйакы

Директорлордун калем акыларына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү катары биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушундай төлөмдөргө экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

17-берене. Артисттер жана спортчулар

1. Ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелерин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти катары искусство кызматкери же музыкант же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.


2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан ушул беренеде көрсөтүлгөн киреше артисттин же спортчунун иши жүзөгө ашырылуучу Макулдашуучу Мамлекетте салык салуудан бошотулат, эгерде бул иш Макулдашуучу Мамлекетте жактырылган маданий программанын же спорттун алмашуунун алкагында жүзөгө ашырылса.

18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер

1. Ушул Макулдашуунун 19-беренесинин 2-пунктун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсиялар жана башка ушул түрдөгү сыйакыларга ошол. гана Мамлекетте салык салынат.

2. "Аннуитет" термини акчалай же нарктык туюнтулушта адекваттуу же толук түрдөгү сыйакынын ордуна төлөмдү жүргүзүү милдеттенмесине ылайык белгиленген убакыт ичинде мезгил-мезгили менен төлөнүүчү белгиленген сумманы билдирет.

3. Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү ар кандай алименттерге жана башка ушул сыяктуу төлөөлөргө ошол экинчи Мамлекетте гана салык салынат.

19-берене. Мамлекеттик кызмат

1. Макулдашуучу Мамлекет, анын административдик бөлүнүшү же жергиликтүү органдары тарабынан төлөнүүчү пенсияларды кошпогондо ушул Мамлекетке, бөлүнүшкө же органга көрсөтүлгөн кызматтарга карата каалаган жеке адамдын эмгек акысына, айлыгына жана башка ушул сыяктуу төлөөлөрүнө ошол Мамлекетте гана салык салынат.

Бирок, мындай эмгек акыга, айлыкка жана башка ушул сыяктуу төлөөлөрүнө, эгерде кызмат ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат; же


а) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же

б) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбосо.

2. Макулдашуучу Мамлекет, анын административдик бөлүнүштөрү же жергиликтүү органы тарабынан ушул Мамлекет, бөлүнүшү же орган үчүн ишке ашырылуучу кызмат үчүн жеке адамга төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул Мамлекетте гана салык салынат.

Бирок, мындай пенсияга, эгерде жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

3. Ушул Макулдашуунун 15, 16, 17 жана 18-беренелеринин жоболору Макулдашуучу Мамлекет, анын административдик бөлүнүштөрү же жергиликтүү орган тарабынан ишкердикке байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, айлыкка жана башка ушундай сыйакыларга жана пенсияларга колдонулат.

20-берене. Студенттер

1. Бир Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.

21-берене. Көмүрсуутектерден киреше

Ушул Макулдашуунун башка жоболоруна карабастан, каалаган Макулдашуучу Мамлекеттин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу же жергиликтүү бийлик органдарынын жагдайга жараша, тийиштүү Макулдашуучу Мамлекеттик аймагында көмүрсуутектерден жана аны коштоочу иш аракеттерден түшүүчү пайдага жана кирешеге салык салууга карата ички мыйзамдарын пайдалануу укугуна эч нерсе тоскоол болбоого тийиш.

22-берене. Башка кирешелер

1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесинин түрлөрүнө келип чыгуу булактарына карабастан, ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.


2. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешеге карата ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулат, эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин, өз алдынча башкаруунун же административдик бөлүнүштүн резиденти болуп эсептелген ушул пайданы алуучу, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу ишкердик жүргүзсө.

3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө, ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, кирешелерге 1-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.

23-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору

1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:

1) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Бириккен Араб Эмираттарында салык салынган киреше алса, анда Кыргызстан:

а) ошол резиденттин пайдасына салыктан Бириккен Араб Эмираттарында төлөнгөн пайдага салыкка барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга;

б) ошол резиденттин кирешесине салыктан Бириккен Араб Эмираттарында төлөнгөн корпоративдик салыкка барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган жоболорго ылайык кемитилген салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулуучу коюм боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш.

2) Эгер Кыргызстандын резиденти киреше алып, ага ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Бириккен Араб Эмираттарында гана салык салынса, анда Кыргызстан бул кирешени Кыргызстанда салык салынуучу ушундай кирешеге салыктын коюмун белгилөө максатында салыктык базага киргизиши мүмкүн.

2. Бириккен Араб Эмираттарында кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:

1) эгерде Бириккен Араб Эмираттарында резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Бириккен Араб Эмираттары:


а) ошол резиденттин пайдасына салыктан Кыргызстанда төлөнүүчү киреше салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга;

б) ошол резиденттин кирешесине салыктан Кыргызстанда төлөнгөн киреше салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган жоболорго ылайык кемитилген салыктын суммасы Бириккен Араб Эмираттарында колдонулуучу коюм боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш.

2) Эгер Бириккен Араб Эмираттарынын резидентинин ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык алган кирешесине Кыргызстанда гана салык салынса, анда Бириккен Араб Эмираттары бул кирешени Бириккен Араб Эмираттарында салык салынуучу ушундай кирешеге салыктын коюмун белгилөө максатында салыктык базага киргизиши мүмкүн.

24-берене. Басмырлабоо

1. Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга же кандайдыр бир талаптарга Караганда кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбошу керек. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна карабастан ушул жобо Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин да жараны болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.

2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн ошол экинчи Мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда начар ыңгайлуулукта болууга тийиш эмес. Ушул берененин бир дагы жобосу бир Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине алардын жарандык макамынын же үй-бүлөлүк жагдайынын негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды берүүгө милдеттендирүү катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.

3. Ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунун, 12-беренесинин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурду кошпогондо, бир Макулдашуучу Мамлекеттин экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөөлөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында баштапкы аталган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта эсептен чыгарылууга тийиш. Ошондой эле, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин алдындагы Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын ар кандай карызы ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында эгер биринчи Мамлекеттин резиденти менен контракт түзүлсө, ошол шарттарга ылайык салык алынышы керек.


4. Капиталы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резидентине түз же кыйыр түрдө толук же жарым жартылай таандык болгон Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы аталган биринчи Мамлекетте ошол аталган биринчи Мамлекеттин башка ушундай ишканалары дуушар болуучу салык салуудан жана алар менен байланышкан жагдайлардан кыйла түйшүктүү жагдайларга дуушар болушпайт.

25-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору

1. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эмес салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал бул Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өздөрүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарына кароого берет. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоонун учурунан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.

2. Компетенттүү орган доону негиздүү деп тапса жана ал өз алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса ушул Макулдашууга дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген макулдашуулар Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарындагы кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылышы керек.

3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат.

4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну түшүнүү жана бир чечимге келүү максатында бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.

26-берене. Маалымат алмашуу

1. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарын аткаруу үчүн зарыл болгон, тактап айтканда ушул мыйзам боюнча салык салуу бул Макулдашууга каршы келбеген, Макулдашуу жайылтылуучу салыктар тууралуу маалыматтарды алмашып турушат.


2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган маалымат купуя маалымат болуп саналат жана Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата салыктарды аныктоо, алуу, мажбурлап өндүрүп алуу, соттук териштирүү же апелляцияларды карап чыгуу менен байланышкан жактарга же органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) маалымдалышы мүмкүн. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонот. Алар маалыматты ачык сот отурумунун жүрүшүндө же соттун чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн.

3. Кандай гана учур болбосун ушул берененин 1-пунктунун жоболору Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:

а) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;

б) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;

в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачып берүүнү же мамлекеттик саясатка каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.

4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелерге ушул берененин 3-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматтар ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.

5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекеттин маалыматы банкта, башка финансылык институтта, дайындалган жакта же агент катары аракеттенген адамда же ишенимдүү адамда болгондуктан, же ал кайсыл бир жактан жеке кызыкчылыгына таандык болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.


27-берене. Башка жоболор

1. Бул Макулдашуунун жоболору ошол учурдагы кандайдыр бир өзгөчөлүктөргө, бошотууларга, чегерүүлөргө, насыяларга же башка төлөөлөргө, ошондой эле келечекте:

а) Макулдашуучу Мамлекет алуучу салыктарды аныктоодо Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамына;

б) Макулдашуучу Мамлекеттердин же Макулдашуучу Мамлекеттер менен экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ортосунда түзүлгөн салык салуу боюнча кандайдыр бир башка атайын макулдашууга чек коюу катары талкууланбашы керек.

28-берене. Мамлекеттин жана мекеменин пайдасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү же алардын жергиликтүү бийлик органдары жана алардын финансылык мекемелери Макулдашуучу Мамлекет же алардын финансылык мекемеси капиталдан алган ар кандай пайдага же кирешеге карата экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салынуучу салыктардан бошотулушу керек.

29-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрү

Бул Макулдашуунун бир дагы жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.

30-берене. Күчүнө кириши

1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Макулдашуучу Мамлекеттердин аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Бул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:

а) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же эсептелген суммасына карата булактан кармалуучу салыктарга; жана

б) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап каалаган салыктык мезгилдерге карата башка салыктарга.


3. Макулдашуучу Мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизе алышат, ал тийиштүү протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

31-берене. Колдонулушун токтотуу

1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийинки календардык жыл аяктаганга чейин алты ай мурда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн токтотот:

а) жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып же андан кийин төлөнүүчү сумма боюнча төлөө булагынан алынуучу салыктарга; жана

б) жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып же андан кийин башталган ар кандай салык жылында эсептелген башка салыктарга карата.

Муну ырастоо үчүн, тийиштүү түрдө кол коюуга ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.

 

________________ шаарында, 201___-жылы "___" _______________ эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.

 


Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн


 

Бириккен Араб Эмираттарынын
Өкмөтү үчүн


 

Долбоор

ПРОТОКОЛ

Төмөндө кол койгондор. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюу учурунда төмөнкү жоболор Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзүшү керек деп макулдашты:


1. 4-берененин 2-пунктуна, 6-берененин 3-пунктуна, 7-берененин 8-пунктуна, 10-берененин 1-пунктуна, 11-берененин 1-пунктуна жана 21-берененин 2-пунктуна карата:

өзгөчө жогоруда аталган пунктчалардан пайда көргөн объекттер, бирок алар эле эмес төмөнкүлөр деп да шартталган:

а) Абу-Даби инвестициялык органы (Abu Dhabi Investment Authority);

б) Абу-Даби инвестициялык кеңеши (Abu Dhabi Investment Council);

в) Эмираттардын инвестициялык органы (Emirates Investment Authority);

г) Мубадаланы өнүктүрүү боюнча компания (Mubadala Development Company);

д) Эл аралык мунай инвестициялык компаниясы (International Petroleum Investment Company);

е) Дубай Ворлд (Dubai World);

ж) Дубай инвестициялык корпорациясы (Investment Corporation of Dubai);

з) Пенсиялык фонд деп табылгандар (Recognized pension fund);

и) Аль-Дахра Холдинги (Аl Dhahra Holding).

2. Тийиштүү органдар башка мекемелерге карата мекемелердин маалыматтарынын тизмесин башка компетенттүү органдарга кат берүү аркылуу билдириши керек.

Күбөлөндүрүү иретинде, тиешелүү түрдө кол коюуга ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.

 

_______________ шаарында, 201___-жылдын "___" _______________ эки нускада, ар бири кыргыз, араб орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст колдонулат.

 


Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн


 

Бириккен Араб Эмираттарынын
Өкмөтү үчүн


 



стр. из