https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 3 ... 25 26

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык, администрациялык жана экономикалык иштерди көзөмөл тартибинде кароо соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамдары тарабынан ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


9-статья. Судьялардын көз карандысыздыгы


1. Сот адилеттигин ишке ашырууда судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийет.

2. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдар менен белгиленет.

3. Судьялар жарандык иштерди башкалардын таасири жокко чыгарылган шарттарда карашат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын, юридикалык жактардын ар кандай кийлигишүүсүнө жол берилбейт жана мый-

замда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


10-статья. Сот адилеттигинин атаандашуучулуктун жана тең

укуктуулуктун негизинде ишке ашырылышы


1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги тараптардын атаандашуусунун жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылат.

2. Объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен сот процесске жетекчилик кылат, ишке катышкан жактарга алардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрөт, жарандык иштерди чечүүдө далилдерди ар тараптан жана толук иликтөө, жагдайларды белгилөө жана мыйзамдарды туура колдонуу үчүн шарттарды түзөт.


11-статья. Сот ишин жүргүзүүдө колдонулуучу тил


1. Жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү мамлекеттик жана орус тилдеринде ишке ашырылат.

2. Сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.


3. Соттун документтери ишке катышкан жактарга алар билген тилге которулуп тапшырылат.


12-статья. Соттук териштирүүнүн маалымдуулугу


1. Ишти териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Эгерде алар ишке катышкан жактар же күбөлөр болбосо, соттун жыйналышына кирүүгө он алтыга толо элек жарандарга жол берилбейт.

2. Соттун ачык жыйналышындагы ишке катышкан же ар кандай таламдаш жактар жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук териштирүүнүн жүрүшүн каттап алууга укуктуу. Соттун отурумун киного, сүрөткө, көрмө тасмага тартып алуу, түздөн-түз радио- жана телеберүү

соттун уруксаты менен жүргүзүлөт.

Жабык сот жыйынынын кино- жана сүрөткө, көрмөтасмага тартуу, үн жазгычка жазуу соттун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жабык сот жыйынын радио жана телекөрсөтүү аркылуу түз алып берүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик жашыруун сыр болгон маалыматтарды камтыган иштер, ошондой эле мыйзамда белгиленген башка иштер соттун жабык отурумунда каралат жана чечимдер жарыяланат. Соттук жабык териштирүүгө сотко катышкан жактын коммерциялык же мыйзам аркылуу корголуучу башка сырды сактоо, жарандардын жекече турмушу жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо зарылчылыгына таянуу өтүнүчү канааттандырылганда жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо болуучу башка жагдайларга жараша жол берилет.

4. Соттун жабык отурумунда ишти кароо жана чечимди жарыялоо жөнүндө сот жүйөсүн көрсөтүү менен аныктама чыгарат. Бул аныктамада жабык сот жыйналышына катышып жаткан адамдардын ишти кароодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө сот тарабынан эскертилгендиги тууралуу көрсөтүлөт.

5. Ишти соттун жабык отурумунда териштирүүдө ага иштин катышуучулары, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл учурда ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, тилмечтер катышат.

6. Соттун жабык отурумунда иш жарандык сот ишин жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен каралат жана чечилет.


7. Бардык учурларда соттун чечими элге ачык жарыяланат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110, 2010-жылдын 19-январындагы N 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


13-статья. Жарандык ишти чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу

ченемдик укуктук актылар


1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү. Сот Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актыларды колдонот.

2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы

келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок.

3. Талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн укук ченемдери жок болгон учурда, сот буга шайкеш мамилелерди (мыйзамдардын окшоштугу) жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми андай ченемдер жок болгон учурда, ишти жана жарандык-процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына

маңызына (укуктардын окшоштугу) жана ак ниеттүүлүктүн, аң-сезим-

дүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына негизденүү менен чечет.

4. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо сот колдонулууга тийиш мыйзам же башка ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирсе жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы

келсе, анда ал ишти жүргүзүүнү токтотуп, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна бул актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрыла алат. Сот тарабынан Конституциялык соттун чечими алынгандан кийин ишти жүргүзүү улантылат.

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдарда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.


6. Ишти кароодо жана чечүүдө сот Мыйзамга же эл аралык келишимге ылайык эл аралык укуктун ченемдерин же башка мамлекеттин укук ченемдерин колдонот.

7. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселени чечүү сотко калтырыла тургандыгы белгиленсе, анда сот бул маселелерди адилеттүүлүктүн жана акыл-эстүүлүктүн критерийлерине негизденип чечүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


14-статья. Сот актыларынын милдеттүүлүгү


1. Сот жарандык иштер боюнча соттук актыларды чечим, буйрук, аныктама жана токтом түрүндө кабыл алат.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген актылары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар, кызмат адамдары жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар тарабынан кыйшаюсуз аткарылууга тийиш.

3. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарбоо, ошого - тете сотко карата ар кандай урмат көрсөтпөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

4. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпаган таламдаш тараптарды өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


2-Глава

Соттун курамы.

Баш тартуу


15-статья. Соттун курамы


1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 8-статьясына ылайык биринчи инстанциядагы иштерди судьялар өздөрү жекече карашат. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.

2. Областтык соттордогу жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер апелляциялык жана кассациялык тартипте жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынын курамында каралат.


3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынан турган соттук курамы болгон учурда каралат.

4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан пайдаланышат.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакцияларына

ылайык)


16-статья. Соттун коллегиялык курамда маселе чечүүсүнүн тартиби


1. Соттун коллегиялык курамда иштерди кароосунда пайда болгон бардык маселелер судьялар тарабынан көпчүлүк добуш менен чечилет. Судьялардын бирөө да добуш бербей коюуга укугу жок. Отурумда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

2. Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө жазууга укугу бар, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт. Ишке катышкан жактарга өзгөчө пикир тааныштырылбайт.


17-статья. Судьядан баш тартуу


1. Судья:

1) эгерде ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болсо;

2) эгерде ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжа-

сына таламдаш болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо;

3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса, ишти карай албайт жана андан баш тартылууга тийиш.

2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара тууганчылыгы бар адамдардын кириши мүмкүн эмес.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


18-статья. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна

жол берилбестиги

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт.


2. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан караган учурларды кошпогондо, биринчи же апелляциялык, кассациялык инстанцияда каралган ишке катышкан судья ушул эле иш ушундай эле инстанцияда кайра каралганда катыша албайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти көзөмөл тартибинде кароого катышуусу анын ушул ишти көзөмөл тартибинде кайрадан кароого катышуусуна тоскоол болбойт.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


19-статья. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот

отурумунун катчыснан баш тартуу үчүн негиздер


1. Ушул Кодекстин 17-статьясында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн не-

гиздер экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата да

колдонулат.

Мындан тышкары эксперт же адис:

1) эгерде алар ишке катышкан жактардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөнө кызмат жагынан же башкача түрдө мурда же азыр көз каранды болсо;

2) эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болууга же бул ишти кароодо колдонулууга кызмат кыла тургандай текшерүү жүргүзүшсө;

3) алардын компетенттүү эместиги аныкталган учурда, ишти кароого катыша албайт.

2. Эксперттин, адистин, тилмечтин жана сот отурумунун катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралашында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч, сот отурумунун катчысы катары катышышы алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


20-статья. Баш тартуу же өз алдынча баш тартуу жөнүндө арыз

1. Ушул Кодекстин 17, 18 жана 19-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда судья өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 17-статьясында жана 19-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот отурумунун катчысы өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү.

Ишке катышкан башка жактар да ушундай эле негиздер боюнча баш тартуу билдириши мүмкүн.

2. Баш тартуу же өз алдынча жүйөлүү болууга жана иш маңызы боюнча каралганга чейин билдирилүүгө тийиш. Иштин маңызы боюнча каралышынын жүрүшүндө баш тартуунун же өз алдынча баш тартуунун негизи сотко же өз алдынча баш тартуу же баш тартуу жөнүндө билдирип жаткан адамга иш карала башталгандан кийин белгилүү болгон учурда гана жол берилет.

3. Сот адилеттигин ишке ашыруудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

4. Судьядан жүйөлүү себепсиз баш тартуу жөнүндөгү арыз канааттандырылууга тийиш эмес.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


21-статья. Билдирилген баш тартууну кароонун тартиби


1. Баш тартуу билдирилген учурда, сот ишке катышкан жактардын пикирин, ошондой эле баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, баш тартуу билдирилген адамды да угат.

2. Баш тартуу жөнүндө маселе соттун кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы түрүндө чечилет.

3. Судьяга карата билдирилген баш тартуу же ишти жекече караган судьянын өз алдынча баш тартуусу ошол эле судья тарабынан чечилет.

4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе калган судьялар тарабынан баш тартылып жаткан судья жок болгон учурда чечилет. Баш тартуу жана баш тартууга каршы добуштар бирдей болуп калган учурда, судья чыгарылды деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген баш тартуу ушул эле сот тарабынан анын толук курамында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.


5. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот жыйналышынын катчысынан баш тартуу жөнүндөгү маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.

6. Эгерде бир эле учурда судьяга жана прокурорго, экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата баш тартуу билдирилсе, анда биринчи кезекте судьядан баш тартуу жөнүндөгү маселе чечилет.

7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат. Ишти жеке өзү карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу, же судьянын өз алдынча баш тартуусу жөнүндө сот тарабынан чыгарылган аныктамага жекече даттануу берилиши мүмкүн. Жекече даттануу ишти кароо боюнча соттун чечими менен бир учурда берилет жана апелляциялык даттануу үчүн каралуучу тартипте каралат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110, 2007-жылдын 25-июнундагы N 93, 2009-жылдын 24-июлундагы N 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 268 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


22-статья. Баш тартуу жөнүндөгү билдирүүнү канааттандыруунун

натыйжалары


1. Райондук (шаардык) сотто, гарнизондун аскер сотунда ишти караган судьядан баш тартылган учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, иш башка райондук (шаардык) сотко, гарнизондун аскер сотуна жогору турган сот аркылуу берилет.

2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, областтык сотто, Бишкек шаардык сотунда, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунда кароодо судьядан баш тартылганда бул иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамы тарабынан каралат.

3. Эгерде баш тартууну канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 18-статьясында көрсөтүлгөн себептер боюнча областтык сотто,

Бишкек шаардык сотто, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунда соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, анда иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко берилүүгө тийиш.


<< предыдущая страница   следующая страница >>