https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 3 4 ... 25 26


3-Глава

Таандуулук


23-статья. Жарандык иштердин сотторго таандуулугу


1. Эгерде аларды коргоо соттук башкача тартипте жүзөгө ашырылбаса, соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча бардык иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рына ылайык карайт.

2. Соттор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде, атап айтканда:

1) үй-бүлөлүк же эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаштартыштар боюнча иштерди;

2) эгерде тараптардын бир жагы эле жаран болсо, башка жарандык, турак-жай, жер мамилелеринен, табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди;

3) эгерде тараптардын жок дегенде бири жаран болсо, башка тараптардын биринин экинчисине бийлик жагынан баш ийүүсүнө негизделген мамлекеттик-укуктук, администрациялык-укуктук, салыктык жана башка мамилелерден келип чыккан иштерди;

4) эгерде аларды коргоо башкача сот тартипте ишке ашырылбаса, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын бузган чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жарандар тарабынан талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгондон башка учурларда жарандар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

6) белгисиз жактардын чөйрөсүнө тиешелүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актылардын прокурорлор тарабынан өз компетенциясынын чектеринде талашылгандыгы жөнүндөгү иштерди;

7) юридикалык жактардын уюштуруучулары менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, ошондой эле кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө иштер;


8) юридикалык жактардын жана аларды уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин ортосундагы талаштар боюнча иштер;

9) ушул Кодекстин 270-статьясында саналып өткөн соттук өзгөчө ишти жүргүзүүдөгү иштерди карайт.

10) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жарандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чыккан экономикалык талаштар боюнча иштерди.

Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат.

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер доо боюнча сот ишин жүргүзүү тартибинде каралат.

Эгерде мыйзам тарабынан аларды коргоонун башка тартиби белгиленбесе, соттор жарандык, саясий, социалдык, маданий жана башка укуктарды жана жарандын мыйзам тарабынан корголуучу эркиндиктерин коргоо жөнүндөгү башка иштерди да карайт.

3. Эгерде ал мыйзамда, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же тараптардын макулдашуусунда каралса, соттор чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын катышуусу менен болгон иштерди карайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168, 2009-жылдын 24-июлундагы N 252 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


24-статья. Талаш-тартышты аксакалдар сотунун чечүүсүнө

өткөрүп берүү


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда, жарандык иш тараптардын макулдашуусу боюнча аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.


25-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын

ведомствого караштуулугу

1. Бири жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча каралган, башкалары - экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча каралган бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптарды бириктирүүдө бардык талаптар, эгерде аларды ажыратып бөлүү мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин VI бөлүмүндө каралган экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.


2. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто ишти кароодо ушул иш ушул Кодекстин VI бөлүмүнүн эрежелери менен каралууга тийиш экендиги аныкталса, анда сот ишти экономикалык иштер боюнча жарандык сот иши жүргүзүү тартибинде кароо жөнүндө аныктама чыгарат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


4-Глава

Сотко караштуулук


26-статья. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү


1. Гарнизондун аскер сотунда жана райондор аралык сотто каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сотто, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш.

2. Гарнизондун аскер сотунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчынын статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана (же) талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо жөнүндө, ошондой эле жыйын өтүү мезгилинде аскерге ммлдеттүүлөрдү аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызмат адамдарынын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) коргоо боюнча жарандык иштер каралат.

3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт.

- юридикалык жактарды уюштуруучулардын арасындагы, юридикалык жактардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча, кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арызы боюнча талаштар жөнүндө;

- уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ортосундагы өз ара талаш-тартыштар боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун компетенциясына гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан коргоого алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;


- прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектелбеген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын ченемдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуулары жөнүндөгү;

- соттордун токтомдорунан бөлөк администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү;

- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече ишкер статусуна ээ болгон жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда процесстик мыйзамга ылайык жарандык, администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелеринен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча;

- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

- администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерден, жарандардын жана шайлоо процесстерине катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштерден, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актыларына каттоо китебиндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү иштерден, нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга карата арыздар боюнча иштерден бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иштер.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168, 2009-жылдын 24-июлундагы N 252 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


27-статья. Гарнизондук аскер сотуна караштуу жарандык иштер

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы

N 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)



27-1-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече

талаптардын сотко караштуулугу


1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш.

2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө ал райондор аралык соттун кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти кароонун жүрүшүндө доогер өзүнүн талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот (кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө, иш сотко караштуулугу боюнча администрациялык жана экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотко жөнөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


28-статья. Жашаган жери же жоопкердин жайгашкан жери боюнча доо

коюу


Доо жоопкердин жашаган жериндеги сотко берилет.

Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жери боюнча коюлат.

Юридикалык жакка карата уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) доосу ушул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы N 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


29-статья. Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук


1. Жашаган жери, жүргөн жери белгисиз болгон же Кыргыз Республикасында жашаган жери жок болгон жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча же акыркы белгилүү болгон жашаган жери, же жүргөн жери боюнча коюлушу мүмкүн.

2. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыккан доо доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

3. Алиментти өндүрүү жөнүндө же атасы экендигин аныктоо жөнүндө доогер жашаган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.


4. Мертинүү же ден соолугун башкача түрдө бузуу, ошондой эле баккан адамынын өлүмү менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо доогер тарабынан жашаган жери боюнча жана зыяндын келтирилген жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

5. Белгиленген тартипте дайыны жок, психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар менен никени бузуу жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

6. Никени бузуу жөнүндөгү доо доогердин колунда бойго жете элек балдары болгон, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу доогер жоопкердин жашаган жерине баруу кыйынчылык туудурган учурда, доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

7. Мыйзамсыз соттоого, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартууга, бөгөт коюу катары мыйзамсыз камакка алууга, эки жакка барбоо жөнүндө колкат алууга же камакка алуу түрүндө мыйзамсыз администрациялык жаза чарасын көрүүгө байланыштуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу эмгектик, пенсиялык жана турак-жай укуктарын калыбына келтирүү, мүлктү же анын наркын кайтарып берүү жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча коюлушу мүмкүн.

8. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген администрациялык органдардын жана кызмат адамдарынын жазапулдарды салуу же башка жазаларды берүү тууралу токтомдорун талашуу жөнүндөгү арыз доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

9. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү доо доогердин жашаган жери боюнча же келишим түзүлгөн же аткарылган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

10. Аткарыла турган жери көрсөтүлгөн келишимден келип чыккан доо келишимдин аткарыла турган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

11. Ушул Кодекстин 30-статьясында белгиленген сотко караштуулуктан башка учурларда, ушул статьяга ылайык иш караштуу болгон бир нече сот-

тун бирөөнү тандап алуу доогерге таандык болот.


(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


30-статья. Сотко өзгөчө караштуулук


1. Жер участокторуна, жер кенчтеринин участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, ку-

рулуштарга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге кыймылсыз

мүлккө укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу жөнүндөгү доо бул объекттердин жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Мурас берүүчүнүн кредиторлорунун мураскорлор мурасты алганга чейинки доолору мурасталып жаткан мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча коюлат.

3. Жүктү же жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринен келип чыккан ташуучуга карата доо транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.


31-статья. Өз ара байланыштуу бир нече иштердин сотко караштуулугу


1. Ар кайсы жерлерде жашаган же жайгашкан бир нече жоопкерлерге карата доо доогердин тандоосу боюнча жоопкерлердин бири жашаган же жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Карама-каршы доо, анын кайсы сотто караштуулугуна карабастан, алгачкы доо каралган жердеги сотто коюлат.

3. Эгерде ал билдирилбесе же жазык ишин жүргүзүүдө чечилбесе, кылмыш ишинен келип чыккан жарандык доо, ушул Кодексте сотко караштуулугуна карата белгиленген эрежелер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде кароо үчүн коюлат.


32-статья. Келишим боюнча сотко караштуулук


Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ошол иш үчүн сотко аймактык караштуулукту өзгөртүшү мүмкүн.

Ушул Кодекстин 30-статьясында белгиленген сотко караштуулук тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.


32-1-статья. Талаштарды бейтарап соттун чечишине өткөрүп берүү

Сотко таандык талаш тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чечим кабыл алынганга чейин биринчи инстанциядагы сот тарабынан бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.


(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


33-статья. Сот тарабынан өзү жүргүзүү үчүн кабыл алынган иштин

башка сотко өткөрүлүп берилиши


1. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

2. Сот ишти:

1) жашаган жери же жүргөн жери мурда белгисиз болгон жоопкерге ишти анын жашаган жери же жүргөн жери боюнча сотко өткөрүп берүүнү өтүнсө, анда ушул өтүнмө сот тарабынан канааттандырылат.

2) эгерде бир же бир нече судьядан баш тартылгандан кийин же башка себептер менен ишти бул сотто кароо мүмкүн болбой калса, ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берет. Мындай учурда ишти өткөрүп берүү жогору турган сот тарабынан ишке ашырылат;

3) эгерде ишти бул сотто кароодо ал сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен жүргүзүүгө кабыл алынгандыгы аныкталса, башка соттун кароосуна өткөрүп берет;

4) ушул Кодекстин 27-1-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда.

3. Ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берүү маселеси боюнча аныктама чыгарылат, ага карата жекече даттануу берилиши мүмкүн. Ишти бир соттон башка соттун кароосуна өткөрүп берүү бул аныктамага карата даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин, ал эми даттануу берилген учурда даттануунун канааттандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндөгү аныктама чыгарылгандан кийин ишке ашырылат.



<< предыдущая страница   следующая страница >>