https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 ... 25 26
Бишкек шаары


1999-жылдын 29-декабры N 146


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

(Кыргыз Республикасынын

2001-жылдын 12-майындагы N 43,

2003-жылдын 30-июлундагы N 162,

2004-жылдын 26-июлундагы N 97,

2004-жылдын 8-августундагы N 110,

2004-жылдын 29-декабрындагы N 195,

2005-жылдын 18-июлундагы N 106,

2007-жылдын 1-июнундагы N 76,

2007-жылдын 25-июнундагы N 93,

2007-жылдын 10-августундагы N 145,

2008-жылдын 2-июнундагы N 103,

2008-жылдын 25-июлундагы N 168,

2009-жылдын 17-июлундагы N 225,

2009-жылдын 17-июлундагы N 233,

2009-жылдын 17-июлундагы N 233,

2009-жылдын 17-июлундагы N 234,

2009-жылдын 24-июлундагы N 252,

2009-жылдын 12-октябрындагы N 268,

2010-жылдын 19-январындагы N 5,

2011-жылдын 16-ноябрындагы N 210

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-декабрындагы N 147

мыйзамы менен күчүнө киргизилген)


I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава. Негизги жоболор

2-Глава. Соттун курамы. Баш тартуу

3-Глава. Сотко таандуулук

4-Глава. Сотко караштуулук

5-Глава. Ишке катышкан жактар

6-Глава. Соттогу өкүлчүлүк

7-Глава. Далилдер

8-Глава. Соттук чыгымдар

9-Глава. Жарандык сот ишин жүргүзүүдө администрациялык жаза берүү

10-Глава. Процесстик мөөнөттөр

11-Глава. Соттук кабарлоо жана чакыруулар

12-Глава. Сот актыларын аткаруу

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТО ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

I. ДОО ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

13-Глава. Доо коюу

14-Глава. Доону камсыз кылуу

15-Глава. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо

16-Глава. Соттук териштирүү


17-Глава. Соттун чечими

18-Глава. Сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу

19-Глава. Сот ишин жүргүзүүнү токтотуу

20-Глава. Арызды кароосуз калтыруу

21-Глава. Соттун аныктамасы

22-Глава. Протоколдор

23-Глава. Сырттан жүргүзүү жана сырттан чыгарылган чечим

II. БУЙРУК ИРЕТИНДЕГИ ИШ

24-Глава. Буйрук иретиндеги иш

III. АЙРЫМ КАТЕГОРИЯДАГЫ ИШТЕР БОЮНЧА СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

25-1-глава. Сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесине киргизүү же

андан чыгаруу жөнүндө, ошондой эле сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесиндеги туура эмес жазууларды оңдоо жөнүндө арыздар боюнча сот ишин жүргүзүү

25-Глава. Жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

26-Глава. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо ыйгарым укугу берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү арыздар боюнча сот иши

27-Глава. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

28-Глава. Жарандар, юридикалык жактар, прокурорлор тарабынан ченемдик укуктук актылар талашылгандагы сот ишин жүргүзүү

IV. ӨЗГӨЧӨ СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ

29-Глава. Жалпы жоболор

30-Глава. Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо

31-Глава. Жаранды дайынсыз жок деп табуу жана жаранды өлгөн деп жарыялоо

32-Глава. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу

33-Глава. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо эмансипация)

34-Глава. Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жана ээси жок кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу


35-Глава. Талап кылуучунун баалуу кагаздарына жана ордердик баалуу кагаздарга карата жоголгон менчик укугун калыбына келтирүү (кайра чакыртуу ишин жүргүзүү)

36-Глава. Психиатриялык стационарга жаранды мажбурлап жаткыруу

37-Глава. Жарандык абал актысындагы туура эмес жазууларды белгилөө

38-Глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө арыздарды карап чыгуу же аларды жүзөгө ашыруудан баш тартуу

III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЖАНА КИРБЕГЕН АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА СОТ ИШИ

39-Глава. Соттун чечимине апелляциялык даттануу

39-1-Глава. Соттун чечимин кассациялык тартипте кайра кароо

40-Глава. Соттун аныктамасына апелляциялык даттануу

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

41-Глава. Көзөмөл инстанциясындагы сотто иш жүргүзүү

42-Глава. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо

V БӨЛҮМ. ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАР КАТЫШКАН ИШ БОЮНЧА СОТ ИШИ

43-Глава. Чет өлкөлүк жактардын жарандык процесстик укуктуулугу жана укукка кудуретсиздиги

44-Глава. Чет өлкөлөк жактар катышкан жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын соттору карап чыгышы

VI БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ЖАРАНДЫК СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

VII БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА ДАГЫ БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ

45-Глава. Жалпы жоболор

46-Глава. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчысын берүү боюнча иштердин өндүрүшү

47-Глава. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш

48-Глава. Эларалык соттордун, чет өлкөлүк соттордун, эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын), чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануу жана аткаруу тууралуу иштер боюнча өндүрүш



I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР


1-Глава

Негизги жоболор


1-статья. Жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдар


1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат.

2. Башка мыйзамдарда жана мыйзам актыларында каралган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленгенден башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн

аныктамасы


(1) Адвокат - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууда аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн адам.

(2) Апелляциялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап.

(3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) - жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жана биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык жана аларга теңештирилген соттор.


(3-1) Жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде администрациялык жана экономикалык иштер.

(4) Мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, багып

алган ата-энеси, камкорчусу, тарбиялоочусу, ошондой эле ишке катышкан

адам камкордугунда турган уюмдун жана адамдардын өкүлдөрү.

(5) Доо коюу арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламдаш адамдын сотко берген процесстик документи.

(5-1) Кассациялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун сот коллегиясына берилүүчү даттануусу же талабы.

(5-2) Кассациялык инстанция - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата кассациялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык соттун сот коллегиясы.

(6) Ишке катышкан жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, үчүнчү жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган же корутунду берүү үчүн процесске кирген жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө сот ишин жүргүзүүдөгү таламдаш жактар.

(6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларына берилүүчү даттануусу же талабы.

(7) Көзөмөл инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары.

(8) Аныктама, чечим, токтом, буйрук - сот отурумдарында сот тарабынан чыгарылган сот актысы.

(8-1) Областтык сот - областтык жана аларга теңештирилген соттор (Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту).


(9) Төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же жеке өзү кароочу судья.

(10) Талап кылуу - прокурордун сот актысына карата даттануусу.

(11) Прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтык, райондук, шаардык прокурорлорго теңештирилген аскер, транспорттук жана башка прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуранын башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенген прокурорлору.

(12) Протокол - сот жыйналышында болгон аракеттер катталган процесстик документ.

(12-1) Райондук сот - райондук жана аларга теңештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, гарнизондордун аскер соту, областтардын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту).

(13) Тараптар - жарандык сот ишин жүргүзүүдө тең укуктуулук жана атаандашуучулук башталышында чыгуучу органдар жана адамдар.

(14) Сот - жарандык иштер боюнча кандай гана болбосун сот, судья, сот коллегиясынын же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын соттук курамы, биринчи инстанция боюнча, апелляциялык тартипте, кассациялык тартипте, сот көзөмөлү тартибинде жарандык ишти карай турган.

(15) Судья - ишти кароочу кандай гана болбосун соттун кесипкөй судьясы, төрагасы, соттун төрагасынын орун басары.

(16) Биринчи инстанциядагы сот - сот отурумунда иштин жагдайын түздөн-түз аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга карата

ыйгарым укугу бар сот.

(17) Жеке даттануу - процесске катышуучулардын биринин сот отурумунда чыгарылган сот аныктамасына же судьянын токтомуна карата даттануусу.

(18) Жекече аныктама - сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын мыйзамдын бузулу-


шунун аныкталган фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болгон себептерге

жана шарттарга жана тийиштүү чараларды кабыл алууну талап кыла турган-

дыгына көңүл бура турган аныктама.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


3-статья. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн милдеттери


1. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн милдеттери жарандардын жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык, эмгектик, администрациялык жана башка укуктук мамилелердин субъектиси болгон башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу талаптарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды коргоо болуп эсептелет.

2. Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн мыйзам тарабынан белгиленген тартиби иштердин туура жана өз убагында каралашын жана чечилишин, мыйзамдуу сот актыларынын чыгарылышын, алардын анык аткарылышын камсыз кылууга, мыйзамдуулуктун, укук тартибинин бекемделишине өбөлгө түзүүгө жана укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


4-статья. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу


1. Таламы бар ар кандай адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эгерде мыйзам тарабынан айрым категориядагы иштер үчүн сотко чейин жөнгө салуу тартиби белгиленгенсе же ал келишимде каралса, анда мындай иштер ушундай тартип сакталгандан кийин гана сотко берилиши мүмкүн.



5-статья. Сотто жарандык ишти козгоо


1. Сот жарандык ишти өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоого таламы бар адамдын арызы боюнча козгойт.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, жарандык иш башка жактын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, ошондой эле адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн таламдарын, же болбосо мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоого киришип жаткан адамдын арызы боюнча козголушу мүмкүн.


6-статья. Соттун сот адилеттигин жүзөгө ашырышы


1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги соттор тарабынан гана жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


7-статья. Мыйзам жана сот алдында бардыгынын тең укуктуулугу


Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги жынысына, расасына, улутуна, тилине, диний ынанымдарына, саясий жана диний көз караштарына, ата-те-

гине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине жана жекече же коомдук жагдайдагы башка шарттарга жана жагдайларга карабастан бардык жарандардын, ошондой эле менчигинин формасына, жайгашкан жерине, баш ийүүчүлүгүнө жана башка жагдайларга карабастан, бардык юридикалык жактардын мыйзам жана сот алдында тең укуктуулугунун башталышында ишке ашырылат.


8-статья. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана

коллегиалдуу кароо


1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо биринчи инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт.

2. Жарандык иштер областтык соттун сот коллегиясында апелляциялык жана кассациялык тартипте үч судьядан турган соттук курам тарабынан коллегиалдуу түрдө каралат.


следующая страница >>