https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 ... 27 28
Бишкек шаары


2004-жылдын 12-июлу N 87


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЖЫ КОДЕКСИ


(Кыргыз Республикасынын

2006-жылдын 19-июлундагы N 121,

2007-жылдын 26-мартындагы N 39,

2008-жылдын 16-майындагы N 87,

2008-жылдын 5-августундагы N 196,

2008-жылдын 17-октябрындагы N 231,

2009-жылдын 27-мартындагы N 86,

2009-жылдын 28-мартындагы N 90

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


(КР 2004-жылдын 12-июлундагы N 88 Мыйзамы менен

колдонууга киргизилген)


I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава. Кыргыз Республикасындагы бажы иши

2-Глава. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө

жүзөгө ашырылуучу иштерди лицензиялоо

3-Глава. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы

чегарасы аркылуу алып өтүүнүн негизги принциптери

II БӨЛҮМ. ТОВАР ЧЫГАРЫЛГАН ӨЛКӨ. ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИН

ТОВАРДЫК НОМЕНКЛАТУРАСЫ

4-Глава. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо

5-Глава. Кыргыз Республикасында колдонулган тышкы экономикалык

иштин товардык номенклатурасы

III БӨЛҮМ. АЛДЫНАЛА КАРАЛГАН ЖАНА БАШКА БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

6-Глава. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз

Республикасынын бажы аймагына келиши

7-Глава. Ички быжы транзити

8-Глава. Бажы жүгүн ташуучу

9-Глава. Товарларды убактылуу сактоо

10-Глава. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан

тышкары чыгарып кетүүдөгү бажы жол-жоболору

IV БӨЛҮМ. БАЖЫ РЕЖИМДЕРИ

11-Глава. Бажы режимдерине тиешелүү жалпы жоболор

12-Глава. Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу

13-Глава. Реимпорт

14-Глава. Бажы кампасы

15-Глава. Алымсыз соода дүкөнү

16-Глава. Бажы аймагында кайра иштетүү

17-Глава. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү

18-Глава. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү

19-Глава. Убактылуу ташып келүү

20-Глава. Убактылуу ташып кетүү

21-Глава. Экспорт

22-Глава. Реэкспорт

23-Глава. Транзит

24-Глава. Жок кылуу

25-Глава. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу

26-Глава. Атайын бажы режимдери

V БӨЛҮМ. АТАЙЫН БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

27-Глава. Транспорттук каражаттардын өтүшү

28-Глава. Жеке жактардын товарларды алып өтүшү

29-Глава. Эларалык почта жиберүүлөрү менен товарларды алып өтүшү

30-Глава. Чет өлкөлүк жактын товарлардын айрым категорияларын

алып өтүшү

VI БӨЛҮМ.

31-Глава. Бажы төлөмдөрүнө тиешелүү жалпы жоболор. Бажы

төлөмдөрүнүн түрлөрү

32-Глава. Бажы алымдарын жана салыктарын эсептөө

33-Глава. Бажы жыйымдары

34-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана мөөнөттөрү

35-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшү

36-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу

37-Глава. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

38-Глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акча каражаттарын кайра

кайтаруу

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ЖАГЫНАН ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУ

39-Глава. Бажы жагынан жол-жоболоштурууга тиешелүү негизги

жоболор

40-Глава. Товарларды декларациялоо

41-Глава. Товарларды чыгаруу

42-Глава. Бажы брокери

VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ КОНТРОЛУ

43-Глава. Бажы контролуна тиешелүү жалпы жоболор

44-Глава. Бажы контролун жүргүзүүнүн формалары жана тартиби

45-Глава. Бажы контролун жүзөгө ашыруудагы экспертизалар жана

изилдөөлөр

46-Глава. Бажы контролуна карата тиешелүү кошумча жоболор

IX БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК


УКУКТАРЫНЫН КОРГООГО АЛЫНЫШЫ

47-Глава. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик

укуктарын коргоого алуунун негиздери

48-Глава. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды

бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана бажы контролунун

өзгөчөлүктөрү

X БӨЛҮМ. БАЖЫ СТАТИСТИКАСЫ. МААЛЫМАТ ТУТУМДАРЫ ЖАНА МААЛЫМАТ

ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

49-Глава. Бажы статистиканын жүргүзүү

50-Глава. Бажы ишиндеги маалымат тутумдары жана маалымат

технологиялары

XI БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИН УЮШТУРУУ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ИШИН

КАМСЫЗ КЫЛУУ

51-Глава. Бажы органдары

52-Глава. Бажы органдарынын милдеттери, укуктары жана

жоопкерчилиги. Бажы органдарынын ишине контроль жана

көзөмөл

53-Глава. Бажы органдарынын кызматкерлеринин күч, атайын

каражаттарды жана курал колдонушу

54-Глава. Бажы органдарынын ишин камсыз кылуу

XII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА ТРАНСПОРТТУК

КАРАЖАТТАРДЫН ТЕСКӨӨСҮ

55-Глава. Бажы органдары товарларды жана транспорттук

каражаттарды тескөөнүн негиздери

XIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЖААТЫНДАГЫ МААЛЫМАТ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРҮҮ.

АЛДЫНАЛА ЧЕЧИМ

56-Глава. Бажы иши жаатындагы маалымат жана консультация берүү

57-Глава. Алдынала чечим

58-Глава. Бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды

контролдоп жөнөтүү

XIV Б0ЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА АЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН

ЧЕЧИМДЕРИНЕ, АРАКЕТТЕРИНЕ (АРАКЕТСИЗДИГИНЕ) ДАТТАНУУ

59-Глава. Бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин

чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу

тартиби

60-Глава. Даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу

Ушул Кодекс бажы ишинин ченемдик укуктук, экономикалык жана уюштуруу негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендигин жана экономикалык коопсуздугун коргоого, улуттук экономиканын дүйнөлүк чарба менен байланышын жигердештирүүгө, жактар менен мамлекеттик органдардын укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле алардын бажы иши чөйрөсүндөгү милдеттерди сакташына багытталган.



I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР


1-Глава

Кыргыз Республикасындагы бажы иши


1-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы иши


1. Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы (мындан ары - бажы чегарасы) аркылуу өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасындагы бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн, бажы төлөмдөрүн алуунун, бажы режиминин, бажы документтерин жазып толтуруунун жана бажы контролунун тартибин түзөт.

3. Кыргыз Республикасы бажы иши жаатында эларалык кызматташтыкка жигердүү катышууга умтулат. Кыргыз Республикасында бажы иши жалпы кабыл алынган эларалык ченемдер жана практика менен шайкеш жана бир түргө келтирүү багытында өнүгүүдө.


2-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы аймагы жана бажы чегарасы


1. Кыргыз Республикасынын аймагы кургак жер аянтын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин кошуп алганда бирдиктүү бажы аймагын түзөт, анын чегинде Кыргыз Республикасы бажы ишине тиешелүү өзгөчө юрисдикцияга ээ.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектери бажы чегарасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын аймактарында салык салуунун өзгөчө шарты колдонулган, иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынын бир бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өзгөчө экономикалык зоналар болушу мүмкүн. Өзгөчө экономикалык зоналардын аймактарына жайгаштырылган товарлар, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган учурлардан тышкары, тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарды алууну жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынан тышкары турган катары каралат.


4. Бажы чегарасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы менен дал келет.


3-статья. Бажы мыйзамдары


1. Бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасында күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер жана башка эларалык укуктук ченемдик актылардан турат.

2. Бажы мыйзамдары товарлардын жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө, бажы төлөмдөрүн белгилөөдө, киргизүүдө, алууда пайда болгон мамилелерди, ошондой эле бажы документтерин жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашыруу - процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу, бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу чөйрөсүндө колдонулат.

3. Бажы ишинде ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралгандан тышкаркы учурларда бажы органдары тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндө колдонулган мыйзам актылары колдонулат.

4. Салык болуп саналган бажы төлөмдөрүн белгилөө, киргизүү жана алуу боюнча мамилелерге карата бажы мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгү колдонулат.


4-статья. Бажы мыйзамдарын колдонуу мезгили


Бажы мыйзамдарына тиешелүү ченемдик укуктук актылар мөөнөтү өткөндө колдонулбайт жана ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралгандагыдан тышкаркы учурларда алар киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

Колдонуудагы мыйзамдарга караганда кыйла жеңил эрежелерди белгилеген, бажы боюнча ченемдик укуктук актылар, мөөнөтү өткөн мезгилге карата колдонулушу мүмкүн, эгерде ал түздөн-түз каралган болсо.



5-статья. Бажы иш чөйрөсүндө эларалык келишимдердин колдонулушу


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Президенти ратификациялаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин жана башка актылардын жоболору, ошондой эле эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Кодекстин жоболоруна карата артыкчылыкка ээ.


6-статья. Бажы ишине жетекчилик кылуу


1. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы жетекчилик кылат.

2. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түздөн-түз жетекчилик кылат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жана өзүнө баш ийген бажы органдары аркылуу жүзөгө ашырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук статусу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.


7-статья. Бажы иши боюнча нускоолор


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча нускоолорду иштеп чыгат жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тышкы экономикалык катышуучуларына кабардар кылынат.

2. Нускоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин гана күчкө ээ болот жана алар жокко чыгарылганга чейин колдонулат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


8-статья. Бажы органдары тарабынан маалыматтарды алуу жана берүү


1. Бажы органдарына мамлекеттик органдар менен жактар ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык берилген маалымат жалаң бажы максаттарында гана пайдаланылат.

2. Бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан тышкары мамлекеттик сырдан турган маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салык же башка мыйзам менен корголо турган сырларды жана башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, болбосо үчүнчү жакка, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.


3. Коммерциялык сырды түзгөн же жашыруун болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик органдарына маалымат берет:

1) укук коргоо органдарына - айрыкча бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон жазык иштери боюнча гана;

2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талаптары боюнча;

3) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган банкроттук процесс козголгон субъектилер боюнча гана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

4) ушул Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өз милдеттерин аткаруу максатында салык кызматынын органдарына;

5) алардын иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салуу белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Эсептөө палатасына, Финансылык чалгындоо кызматына;

6) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өзара кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


9-статья. Ушул Кодексте пайдаланылган негизги түшүнүктөр


Ушул Кодексте негизги түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат:

1) Аудит ыкмалары колдонулган бажы контролу - бухгалтердик эсеп, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук жана субъектин экономикалык (ишмердүүлүк) аракеттерине тийиштүү башка документтер менен адамдардын бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүсүндө берген маалыматтардын так жана анык экенин текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар;


2) ички салыктар - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;

3) товарды убактылуу (шарттуу) баалоо - товардын бажы наркын декларант толтургандарды тактоо мезгилинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органына декларант тарабынан киргизилген депозиттин өлчөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган товардын бажы наркы;

4) чыгаруу - бажы органдарынын таламдаш жактарга белгилүү бажы режиминин шарттарына ылайык товарларды транспорт каражаттарын пайдаланууга же тескөөгө уруксат кылууну камтыган аракеттери;

5) эркин жүгүртүүгө чыгаруу - товарларды чыгаруу, мында таламдаш жак аны бажы органдары тарабынан эч кандай чектөөсүз жана шарттарсыз эркин тескей алат;

6) декларант - товарларды декларациялаган же болбосо анын атынан товарлар декларацияланган кайсы жак болбосун;

7) таламдаш жактар - эгерде ушул Кодекстен башкасы келип чыкпаса, товарларга жана (же) транспорттук каражаттардыа карата түздөн-түз же жекече бажы органдарынын чечимдери, аракеттери же аракетсиздиги кызыкчылыгын козгогон кайсы болбосун;

8) чет өлкөлүк жактар - ушул статьянын 19-пунктчасында көрсөтүлбөгөн жактар;

9) чет өлкөлүк товарлар - ушул статьянын 18-пунктчасында көрсөтүлбөгөн товарлар;

10) коммерциялык документтер - эгерде ушул Кодекстен башкасы келип чыкпаса, бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өтүү менен байланышкан тышкы экономикалык жана башка иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же ишкердик салттарга ылайык колдонулуучу эсеп-фактуралар, инвойстор, жүк жөнөтүүчү жана таңгактоочу барактар жана башка документтер;



следующая страница >>