https://electroinfo.net

girniy.ru 1 ... 23 24 25 26

6) тиркелген документтердин тизмеси.

Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызда төлөтүп алуучунун, карызкордун жана алардын өкүлдөрүнүн телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, эгерде алар ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызга Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде белгиленген документтер, ал эми эгерде эларалык бул келишимде ал каралбаса, арызга төмөндөгүдөй документтер тиркелет:

1) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) эгерде бул чечимдин текстинин өзүндө көрсөтүлбөсө, анда чет өлкөлүк соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин тастыктаган расмий документ;

3) төлөтүп алуучу таанууну жана аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк сотто иштин териштириле тургандыгы жөнүндө карызкорго өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылганын тастыктаган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документ;

4) эгерде чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарылган болсо, анда чечимдин толук же жарым-жартылай аткарылгандыгы тууралуу документ;

5) сотко берилген арызга кол койгон кишинин ыйгарым укуктарын тиешелүү түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка документ;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткартуу жөнүндөгү арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин тастыктаган документ;

7) тараптардын сотто каралуучу келишимднк иштер боюнча макулдашуусун тастыктаган документ;

8) ушул пункттун 1-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик тилдеги же расмий тилдеги котормолору.

4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызга бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга карата аткаруу баракчасын берүү тууралуу арызды сотко берген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ да тиркелет.



433-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

аткартуу жөнүндөгү арызды кароо тартиби


1. Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арызды судья жеке өзү ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрү менен ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

2. Сот ишке катышуучу жактарга соттук отурумдун болор убактысы жана жери тууралуу маалымдайт. Тиешелүү түрдө маалымдалган аталган адамдардын келбегендиги кароого жолтоо болбойт.

3. Ишти караган учурда соттук отурумга сот чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу үчүн ушул Кодекстин 434-статьясында каралган негиздер бар же жок экендигин аныктайт.

4. Ишти караган учурда сот чет өлкөлүк соттун чечимин маани-мазмуну боюнча кайра кароого укуксуз.

5. Эгерде мажбурлап аткартуу жөнүндөгү маселени чечкен учурда сотто күмөн саноолор пайда болсо, анда ал чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу тууралуу арыз менен кайрылып жаткан адамдан түшүндүрмө берүүнү өтүнүүгө, ошондой эле карызкордон арыздын маани-мазмуну боюнча сураштырууга жана зарыл болгон учурда чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттон түшүндүрмө суратууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


434-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап

аткартуудан баш тартуунун негиздери


1. Сот төмөндөгүдөй учурларда чет өлкөлүк соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүн таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартат, эгерде;

1) аймагында кабыл алынган мамлекеттин мыйзамы боюнча чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек же аткарылбоого тийиш болсо;

2) чечим өзүнө каршы кабыл алынган тарап ишти кароонун убактысы жана жери жөнүндө өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылбаса же дагы башка себептерден улам сотко өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;


3) ишти кароо Кыргыз Республикасынын эларалык келишимине же мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы соттун компетенциясына гана тиешелүү болсо;

4) ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча ошол зле тараптардын ортосундагы талаш жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын сотунун чечими болгон учурда;

5) Кыргыз Республикасындагы соттун кароосунда ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чет өлкөлүк сотто иш козголгонго чейин козголгон иш болгон учурда;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу мөөнөтү өтүп кеткен жана бул мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилбеген учурда;

7) чет өлкөлүк соттун чечимин аткартуу Кыргыз Республикасынын эгемендигине эыян келтирсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудурса.


435-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

аткартуу жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы


1. Карызкордун түшүндүрмөсүн угуп жана берилген далилдерди карап чыгып, сот ушул Кодекстин 21-главасын да белгиленген эрежелер боюнча чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү аныктамада төмөвдөгүлөр камтылууга;

1) чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

2) төлөтүп алуучунун жана карызкордун аталышы;

3) төлөтүп алуучу чечимди таанууну жана мажбурлап аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими тууралуу маалыматтар;

4) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу же чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

436-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу



1. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлал аткартуу чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндө аныктама чыгарган сот тарабынан берилүүчү аткаруу баракчасынын негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Чет өлкөлүк соттун чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан ашпаган мөөнөттө мажбурлап аткартууга берилиши мүмкүн. Аталган мөөнөт өтүп кеткен учурда ал төлөтүп алуучунун өтүнүчү менен ушул Кодекстин 10-главасында каралган эрежелер боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.


437-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу


1. Чет өлкөлүк соттордун мажбурлап аткартууну талап кылбаган чечимдери, эгерде таламдаш жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө, андан ары эч кандай иш жүргүзүүсүз эле таанылат.

2. Таламдаш жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага теңештирилген сотко келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде бул чечимде таануу жагынан өэүнүн каршы пикирин билдире алат.

3. Таламдаш тараптын чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагынан каршы пикири бул адамга каршы пикирди кароо убактысын жана жерин билдирүү менен соттук отурумда каралат. Ишти кароо убактысы жана жери жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган таламдаш жактын жүйөлүү себепсиз келбей калышы каршы пикирди кароого жолтоо болбойт.

4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагынан каршы пикирди сот карагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тараптарга жиберилет. Соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.


438-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан баш тартуу


Чет өлкөлүк соттун мажбурлап аткартууга тийиш болбогон чечимин таануудан баш тартууга ушул Кодекстин 434-статьясынын 1-пунктунун 1-5, 7-пунктчаларында белгиленген негиздер болгон учурда жол берилет.

439-статья. Аткарууну талап кылбаган чет өлкөлүк соттордун


чечимдерин таануу


Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк соттордун мүнөзү боюнча аткарууну талап кылбаган чечимдери ушул Кодекстин 381-статьясында каралган учурларда таанылат.


440-статья. Эларалык соттордун, эларалык арбитраждардын чечимдерин

таануу жана аткаруу


Ушул Кодекстин 431-438-статьяларынын эрежелери эларалык соттордун, эларалык арбитраждардын чечимдерине карата колдонулат.


441-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),

эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын)

чечимдерин таануу жана аткаруу


1. Ушул Кодекстин 422, 434, 436-438-статьяларынын эрежелери чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерине карата да колдонулат.

2. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун, эларалык бейтарап соттордун чечимин таануу же аткаруу жөнүндө өтүнүп жаткан тарап чет өлкөлүк бейтарап соттун, эларалык бейтарап соттун тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн анык чечимин же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле анык арбитраждык макулдашууну же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө тийиш. Эгерде арбитраждык чечим же бейтарап макулдашуу чет тилде баяндалган болсо, анда тарап бул документтердин мамлекеттик же расмий тилге которулган күбөлөндүрүлгөн текстин берүүгө тийиш.


442-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),

эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын)

чечимдерин таануудан жана аткартуудан баш тартуу


1. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануудан жана аткартуудан, өзүнө карата каршы багытталган тараптын өтүнүчү боюнча, баш тартылышы мүмкүн, эгерде ал тарап таануу жана аткартуу өтүнүч кылынып жаткан компетенттүү сотко төмөндөгүлөр тууралуу далилди берсе:

1) бейтарап макулдашуунун тараптары өздөрүнө карата колдонулган мыйзам боюнча кандайдыр бвр деңгээлде аракетке жөндөмсүз болсо же бул макулдашуу ылайык келген мыйзам боюнча, ал эми мындай көрсөтмө жок болгон учурда - чечим чыгарылган өлкөнүн мыйзамы боюнча бул макулдашуу жараксыз болсо;


2) өзүнө каршы чечим чыгарылган тарапка арбитрди дайындоо жөнүндө же арбитраждык териштирүү жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылбаса же болбосо дагы башка себептер менен өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;

3) чечим арбитраждык макулдашууда каралбаган же анын шарттарына ылайык келбеген талаш боюнча чыгарылса, же болбосо арбитраждык макулдашуунун чегинен тышкары чыккан маселелер боюнча токтомду камтыса. Эгерде арбитраждык соттун чечиминде арбитраждык макулдашуу менен камтылган маселелер боюнча токтомдорду мындай макулдашуу менен камтылбагандардан ажыратып бөлүүгө мүмкүн болсо, анда сот арбитраждык соттун чечиминин арбитраждык макулдашууда камтылган маселелер боюнча токтому кирген бөлүгүнө карата гана аткаруу баракчасын бере алат;

4) арбитраждык соттун курамы же арбитраждык процесс тараптардын макулдашуусуна ылайык келбесе же мындай жок болгон учурда арбитраж болгон өлкөнүн мыйзамына ылайык келбесе;

5) чечим тараптар үчүн али акыркы чечим боло элек болсо же бузулса, же анын аткарылышы ал чечим чыгарылган өлкөнүн же чечим колдонулган өлкөнүн соту тарабынан токтотула турган болсо.

2. Арбитраждык чечимди таануудан жана аткартуудан Кыргыз Республикасынын соту төмөндөгүлөрдү аныктаган учурда да баш тартышылы мүмкүн:

1) талаштын объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча арбитраждык териштирүүнүн предмети боло албаса;

2) бул чечимди таануу жана аткартуу Кыргыз Республикасында жалпы элдик тартипке карама-каршы келсе.


Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев


1999-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган


<< предыдущая страница