https://electroinfo.net

girniy.ru 1 ... 22 23 24 25 26

тарабынан сот актысын же дагы башка органдын актысын

аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик


1. Карызкордон акча каражаттарын төлөтүү жөнүндөгү сот актысы же башка органдын актысы бул карызкорду тейлеген банктагы же дагы башка кредит уюмундагы анын эсеп-кысабында накталай акча болгон жана төлөтүүчү же сот аткаруучусу тарабынан аткаруу баракчасы аткаруу үчүн аларга берилген учурда аткарылбагандыгы үчүн сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө сот айыбы салынышы мүмкүн.

2. Аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу милдети жүктөлгөн адамдардын ал аракеттерди жасабагандыгы үчүн аткаруу баракчасын берген сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө сот айыбы салынышы мүмкүн.

3. Сот айыбын төлөө сот актысын аткаруу милдетинен бошотпойт.

4. Сот айыбын салуу жөнүндөгү маселе төлөтүүчүнүн же сот аткаруучусунун арызы боюнча сот тарабынан ушул Кодекстин 9-главасында белгиленген тартипте каралат.


46-Глава

Бейтарап соттун чечимин мажбурлап

аткартуунун аткаруу баракчысын берүү

боюнча иштердин өндүрүшү


420-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүү


1. Ушул главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында бейтарап соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздарды сотто кароодо колдонулат.

2. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү маселелер таламдаш тараптын арызы боюнча райондук же аларга теңештирилген соттордо каралат.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча, же карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, анда бейтарап териштирүүнүн тарабы болгон карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча сотко берилет.



421-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну


1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган күн жана жер;

5) арыз менен кайрылган тараптын бейтарап соттун чечимин алган күн;

6) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

Арызда телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндөгү макулдашуунун (бейтарап макулдашуусу) түп нускасы же болбосо макулдашуунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү бул Кодекстин ушул статьясында жана 421-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен берилген арыз бул Кодекстин 136 жана 137-статьяларында белгиленген эрежелерге ылайык кыймылсыз калтырылат же аны берген кишиге кайтарып берилет.



422-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун тартиби


1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды судья жеке өзү ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья бейтарап соттон аткаруу баракчасы суралып жаткан иш боюнча материалдардын, анан дагы ушул Кодекстин 423-статьясында саналган аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелген материалдардын гана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сурап ала алат.

3. Бейтарап териштирүүнүн тараптарына соттук отурумдун боло турган убактысы жана жери тууралуу билдирилет. Соттук отурумдун болор убактысы жана жери тууралуу тиешелүү түрдө кабар кылынган аталган адамдардын келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.

4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды караган учурда компетенттүү сот бейтарап соттун чечимин маани-мазмуну боюнча кайра кароого укуксуз.


423-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери


1. Сот бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн ушул статьяда каралган учурларда гана баш тартат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды караганда сот төмөндөгү учурларда аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартууга укуктуу:

1) эгерде тараптардын бири талашты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда тараптардын бири аракетке жөндөмсүз экендигин сотто далилдесе;

2) эгерде тараптардын бирине арбитрдин же бейтарап териштирүүнүн дайындалгандыгы тиешелүү түрдө кабар кылынбаса;

3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүүнүн жол-жобосу тараптардын макулдашуусуна же колдонуудагы эрежелерге ылайык келбесе;


4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда белгиленбеген же анын шарттарына ылайык келбеген талаштар боюнча кабыл алынса же макулдашуунун чегинен тышкары маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыса. Эгерде бейтарап макулдашууда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү мындай макулдашуу менен камтылбагандардан ажыратып бөлүү мүмкүн болсо, анда бейтарап соттун чечиминин бейтарап макулдашуусунда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрү бар бөлүгү аткарылышы мүмкүн жана бул бөлүктү аткаруу боюнча аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартууга болбойт;

5) эгерде тарап бейтарап макулдашуусу жараксыз деп негиздүү түрдө билдирсе, ал эми бейтарап соту талашты кароого кабыл алып жана талаштын маани-мазмуну боюнча чечим чыгарса;

6) эгерде сот талаштын объектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети болушу мүмкүн эмес экендигин аныктаса.


424-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы


1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) бейтарап соттун аталышы жана курамы жөнүндөгү;

2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндөгү;

3) бейтарап соттун чечими жөнүндө, арыз берүүчү берүүнү өтүнүп жаткан мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасы жөнүндөгү;

4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү көрсөтмө.

3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 423-статьясынын 2-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кабыл алынса, анда аткаруу баракчасын берүүдөн баш тарткан чечим чыгарган бейтарап соту бейтарап териштирүүнү кайрадан өткөрүүгө милдеттүү.


4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.


47-Глава

Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап

аткартуунун аткаруу баракчасын берүү

жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш


425-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүү


1. Ушул главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында аксакалдар соттору тарабынан кабыл алынган чечимдерди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздарды сотто караганда колдонулат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү маселе чечим анын пайдасына карата чыгарылган тараптардын арызы боюнча райондук жана аларга теңештирилген соттордо каралат.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз кабыл алынган чечимдин аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз, эгерде ал ушул статья менен белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана аны кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса, кайра кайтарылууга тийиш.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз аксакалдар соту жайгашкан аймактагы сотко берилет.


426-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана

мазмуну


1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган жери;

4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган күн жана жери;

5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбай калышын тастыктаган документтер;

3) асакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын дагы башка тарапка берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсүнүн жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган тапшыруу жөнүндөгү кабарлама же дагы башка документ;

4) ишенимкат же арызга кол коюуга ыйгарым укукту тастыктаган дагы башка документ.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө ушул статьяда каралган талаптарды бузуу менен берилген арыз аны берген кишиге кароосуз кайтарып берилет.


427-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароо

тартиби


1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды судья жеке өзү арызды сот алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө карайт.

2. Аксакалдар сотунун териштирүүсүнүн тараптарына сот соттук отурумдун боло турган убактысы жана жери тууралуу билдирет. Соттук отурумдун боло турган убактысы жана жери тууралуу тиешелүү түрдө кабар кылынган аталган адамдардын келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.


428-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери



Сот аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келбеген учурда мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартат.


429-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун

аныктамасы


1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:

1) аксакалдар сотунун аталышы жана курамы жөнүндө;

2) аксакалдар сотун дагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндө;

3) арыз берүүчү мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө;

4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.


48-Глава

Эларалык соттордун, чет өлкөлүк соттордун, эларалык

бейтарап соттордун (арбитраждардын), чет өлкөлүк бейтарап

соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануу жана аткаруу

тууралуу иштер боюнча өндүрүш


430-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу


1. Чет өлкөлүк соттордун чечимдери, анын ичинде жарашуу макулдашууларын бекитүү жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасында ушул Кодекстин статьясына ылайык таанылат жана аткарылат.

2. Чет өлкөлүк соттордун чечимдери деп жарандык иштер боюнча, анын ичинде экономикалык талаштар жана ишкердикти, дагы башка экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга байланыштуу иштер боюнча чечимдер, кылмыштан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу бөлүгү боюнча өкүмдөрдү түшүнүү керек.


3. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу маселелери Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк сотто каралган талаштагы тараптын арызы боюнча чечилет.


431-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндө

арыз


Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча, же болбосо карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, анда карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча райондук же ага теңештирилген сотко берилет.


432-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

аткартуу жөнүндөгү арыздын мазмуну


1. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана ага төлөтүп алуучу же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

3) төлөтүп алуучунун, анын өкүлүнүн аталышы. эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, анда алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү;

4) карызкордун аталышы, анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү;

5) төлөтүп алуучунун чечимди мажбурлап аткарууну таануу жана чечүү тууралуу же кайсы учурдан баштап аткаруу талап кылына тургандыгын көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү;



<< предыдущая страница   следующая страница >>