https://electroinfo.net

girniy.ru 1

Бишкек шаары


2001-жылдын 11-январы N 4


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ


Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө


(Кыргыз Республикасынын

2006-жылдын 25-июлундагы N 129,

2006-жылдын 24-ноябрындагы N 189,

2007-жылдын 12-июнундагы N 83,

2009-жылдын 26-январындагы N 28,

2009-жылдын 26-майындагы N 174,

2011-жылдын 22-июлундагы N 120

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


I Глава. Негизги түшүнүктөр

II Глава. Айыл чарба багытындагы жерге менчик укугу

III Глава. Айыл чарба багытындагы жерге укуктарды мамлекеттик каттоо

IV Глава. Айыл чарба багытындагы жерлерди максаттуу пайдалануу

V Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер ижара объекти катары

VI Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер алмашуу объекти катары

VII Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер сатып алуу-сатуу объекти катары

VIII Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер күрөө объекти катары

IX Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер мурастоо жана тартуулоо объекти катары

X Глава. Айыл чарба багытындагы жерлерди мамлекеттик максат үчүн сатып алуу

XI Глава. Айыл чарба багытындагы жерлерди салыктарды төлөө үчүн ажыратуу

XII Глава. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби


Ушул Мыйзам айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруунун укуктук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын калкынын кызыкчылыгында жерлерди натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.


I Глава

Негизги түшүнүктөр


1-статья.

Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттарга багытталган жана үрөөн чарбачылык, асыл тукум, товардык айыл чарба өндүрүшүнө, коргоочу токой өстүрүүгө, багбанчылыкка, чарбачылыкка, дачаларга, илим-изилдөө жана тажрыйба жумуштарын жүргүзүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка максаттарга пайдаланылуучу жерлер.


(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


2-статья.


Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери айыл чарбасына жарактуу жерлерден (жайыттардан тышкары) түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде болгон жер участоктору.


3-статья.


Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын жаранына жер агрардык реформанын жүрүшүндө менчик укугу күбөлүк менен ырасталуучу акысыз негизде менчикке берилген айыл чарба багытындагы (жарактуу жерлер боюнча) жер участогу.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


4-статья.


Жер участогу - бул накталай, белгиленген чек арасы бар туюк чектелген жер аянты.

Жер участогуна менчик укугу мамлекеттик акт же күбөлүк менен ырасталат.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


II Глава

Айыл чарба багытындагы жерге менчик укугу


5-статья.


Жер Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы, анын аймагында жашаган элдин энчиси болуп саналат.


6-статья.


Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жер участокторуна менчик укугуна мамлекет, айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары ээ.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын же күбөлүгүн алган банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган тартипте айыл чарба багытындагы жерлерге бир жылдын ичинде убактылуу менчик укугуна ээ.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


7-статья.


Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлерди:

- чет өлкөлүк жарандарга, юридикалык жактарга жана мамлекеттерге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда;


- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдарга;

- эгерде алардын бири чет мамлекеттин жараны болсо же жарандыгы жок адам болсо, жубайларга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Ушул статьяны бузган жактардын иш-аракети колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 12-июнундагы N 83, 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


III Глава

Айыл чарба багытындагы жерге укуктарды мамлекеттик каттоо


8-статья.


Айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктөө укугун, ошондой эле алмашууну, сатып алууну-сатууну, күрөөгө коюуну жана мурастоону мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.


9-статья.


Өз алдынча майдалап бөлүштүрүлгөн айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн жана участокторун мамлекеттик каттоого жол берилбейт.


IV Глава

Айыл чарба багытындагы жерлерди максаттуу пайдалануу


10-статья.


Айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн гана пайдаланылат.


11-статья.


Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси ал жерде ар кандай курулуш курса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда мамлекет эскертүүдөн кийин бул жер участогун (жер үлүшүн) колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коет.


V Глава

Айыл чарба багытындагы жерлер ижара объекти катары


12-статья.

Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору тараптар аныктаган шарттарда айыл чарба өндүрүшү үчүн гана ижарага берилиши мүмкүн.


(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


13-статья.


Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участоктору ижарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык ачык соодалашуу шартында, айыл чарба өндүрүшү үчүн гана берилет.

Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участокторун кошумча ижаралоого тыюу салынат.

(КР 2006-жылдын 24-ноябрындагы N 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


VI Глава

Айыл чарба багытындагы жерлер алмашуу объекти катары


14-статья.


Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору Кыргыз Республикасынын чек арасында башка жер үлүштөрүнө жана участокторуна гана алмашылышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


VII Глава

Айыл чарба багытындагы жерлер сатып алуу-сатуу объекти катары


Караңыз:

Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы N 427 токтому менен бекитилген)


15-статья.


Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси аны мамлекеттик алымды төлөбөстөн ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске алуу менен сатууга укуктуу.

Жер үлүшү толук же анын бир бөлүгү жарактуу жерлер боюнча өз алдынча участокко бөлүү менен сатылышы мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


16-статья.

Айыл чарба багытындагы жер участогунун менчик ээси аны өз алдынча участокко бөлүү менен жер участогу же анын бир бөлүгү боюнча сатууга укуктуу.


(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


17-статья.


Мамлекет, айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары айыл чарба багытындагы жерлердин сатып алуучусу боло алат.

Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн же участокторун сатууда сатылуучу жер үлүшүн, же участогун, сатып алууда, жалпы соода аркылуу сатуудан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын айыл тургундары артыкчылык укуктарга ээ болушат.

Белгиленбеген чек ара аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга тыюу салынат.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


18-статья.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамына ылайык алынып салынды)


19-статья.


Айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучу сатып алган жер участогун (жер үлүшүн) кайра саткан учурда жер участогунун (жер үлүшүнүн) сатып алуу наркынын: биринчи жылдын ичинде 40 пайызы, экинчи жылы - 20 пайызы, үчүнчү жылы - 10 пайызы өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөйт.


20-статья.


Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери сатылбайт. Өзгөчө учурларда гана Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жер участокторун Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-январындагы N 14 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-февралындагы З N 1060-II "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" 2003-жылдын 15-январындагы N 14 токтомун бекитүү тууралу" токтому;


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги З N 1528-II "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы N 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому


21-статья.


Жайыт жерлери мамлекеттин менчигинде турат жана "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гана пайдаланууга берилет.

(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Караңыз:

Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4 июнундагы N 360 токтому менен бекитилген)


VIII Глава

Айыл чарба багытындагы жерлер күрөө объекти катары


22-статья.


Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору күрө объекти боло алат.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


23-статья.


Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн жана участокторун күрөөгө алуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия же күбөлүк алган финансылык-кредиттик уюмдарга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарына жооп берген жактарга гана берилет.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


24-статья.


Банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөнүн затына төлөмөр кылууга укуктуу.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129, 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)



25-статья.


Убактылуу менчик укугу банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга өткөн жер үлүштөрү же айыл чарба багытындагы участоктор ушул Мыйзамдын 17-статьясында көрсөтүлгөн жактарга ачык аукциондук соодада сатылат.

Сатылган жер үлүштөрүн мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129, 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


26-статья. (КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамына ылайык алынып салынды)


27-статья.


Айыл чарба багытындагы жер участокторуна убактылуу менчик укугуна ээ болушкан банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын, Жер Кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө ошол жер участокторун ажыратып берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


IX Глава

Айыл чарба багытындагы жерлер мурастоо жана

тартуулоо объекти катары


28-статья.


Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мураска берилиши мүмкүн. Жер үлүштөрүнө жана участокторуна ээлик кылуу укугу өзүнө өткөндө, мураскор айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучуга коюлуучу талаптарды канааттандырганда, аларды өзү каалагандай пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары мурастоо боюнча жана мыйзам боюнча жер үлүштөрүнүн жана айыл чарба багытындагы жер участокторунун мураскорлору боло алышат.

Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун мураскору чет өлкөлүк адам болсо же жарандыгы жок адам болсо, ал жер үлүшүнө жана/же жер участогуна укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.

Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүштөрүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.


(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


29-статья.


Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белекке берүүнүн объекти болуп саналат жана белекке берилиши мүмкүн.

Белекке берүүнүн объекти болуп саналган жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүшүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


X Глава

Айыл чарба багытындагы жерлерди

мамлекеттик максат үчүн сатып алуу


30-статья.


Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мамлекеттик максат үчүн зарыл болгон учурларда (стратегиялык объекттерди жана инженердик курулмаларды куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жерлердин рыноктук наркын жана эсеп-кысап чыгымдарын төлөп бергенден кийин сатып алуу же Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлеринен теңдеш участокту берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.


31-статья.


Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүнүн жана участокторунун менчик ээлери өз жерлерин мамлекеттик максат үчүн ажыратуунун далилдери ишенимсиз болгондо сотко кайрылууга укуктуу.


32-статья.


Мамлекеттин менчигинде турган жана ижарага берилген айыл чарба багытындагы жерлер эсептешүү чыгымдарын жана ажыратуу учурунда алынбай калган пайда төлөп берилгенден кийин мамлекеттик максат үчүн ажыратылат.


33-статья.

Калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына, жаш үй-бүлөлөргө жер берүү үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген атайын чечиминин негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин рыногунда сатып алуучу болууга укуктуу.


(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


XI Глава

Айыл чарба багытындагы жерлерди

салыктарды төлөө үчүн ажыратуу


34-статья.


Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору алардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон карыздары үчүн ажыратылбайт.


XII Глава

Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби


35-статья.


Ушул Мыйзам, VII главадан тышкары, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.


36-статья.


Ушул Мыйзамдын VII главасынын аракети 2001-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.


37-статья.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев


2000-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган