https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2
Жаратылыш сырлары


Он үчүнчү кылымды оодарган арча

Кыргыздар арчаны касиеттүү дарактардын алды деп карайт. Баткен менен Лейлек жергелеринде болгон археологиялык казуулар мезгилинде миңдеген жылдар мурун сөөк салынып көмүлгөн арча табыттар эч бузулбастан табылганы, арчаны байыртадан бааланып келгенин көрсөтөт. Ал табыттарды Бишкектен, Оштон көрүүгө болот. Азыркыга чейин арча челекке уютулган айранды , ачытылган максымды жактыргандар бар. Келиндин төркүндөрү жаңы төрөлгөн ымыркайга арча бешикти сыймык менен алып барышат. Бөлөнгөн наристенин да өмүрү арча сыяктуу узун болот деген ишеним бар. Кыргыздар арчанын бүрүн нандын күкүмү менен барабар баалаган, бүрдү тебелеген эмес. Ал эми көчөлөрдө же базарларда ысырыктап жүргөндөргө салтты билген адамдар өздөрү эле берчүүлөрүн карматышат. «Көктөп турган арчаны кыйган көктөбөй соолуйт (жашында өлөт)» деп арчаны кыйуудан коркушкан. Бул түшүнүктөр бабаларыбыздын экологиялык ан сезиминен келип чыкканын айгинелеп турат.

Кыргыз арчаларынын аксакалы.

Лейлек жергесинде табияттын таң калыштуу белектери бар. Алардын бири Баул айылындагы Көк терек (ичкилик диалектисинде катта терек деп да аталат), диаметри 7 метрге жеткен бул теректи Захириддин Бабур тиккен деген уламыш бар. Белестин «тоо бүркүтү» пионердик лагеринин четинде өскөн дагы бир алп дарак бар. Бул даракты Исфананын райондук администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, райондун тарыхынын энциклопедиясы аталган Умар Усановдун айтуусу боюнча, бул дарактын аты «Шуң» деп аталат. Бир жылы россиялык дендрологдор, немистердин дарактын жашын өлчөөчү аспабы менен келишкен. Шуң теректин жашын жергиликтуу калк 300-400 жыл чамасын айтышса, аппараты менен өлчөп көрүп, 1260(!) жыл болгонун айтышкан. Бул дарактын диаметри 11метр 30см (!) экен. Бир капталы көңдөй болуп, ондон ашуун адамды батыручудай болсо да, азырга чейин көктөп, «тирүү» турат. Лагердин жанында жашаган жергиликтүүлөр аны «Сада» тал деп аташат экен. Шуң терекпи же Сада талбы? Бул суроонун жообун токойчулук боюнча адис Акулов Жапар бул Шуң теректин ясень дарагы экенин далилдеген. Илимде да «туркестанская ясень» дарагы деп таанылган.


Кароосуз калган «аксакал»

- Атаңдын көрү, атпай журтубузду ааламга таанытчу «аксакал» дарагыбыздын кароосуз калганы кейитпей койбойт. Эч ким көзөмөлгө албай, өзү да эч кимге залалын тийгизбей, жөн гана өсүп турат. Кокус лагердеги тентектердин бири кокустан өрт коюп жиберсе, өзөгү ачык алп дарак куурап калчудай. Жергиликтуу айыл өкмөтүнүн башчысы, ал болбосо райондун акимчилиги тегерегин темир менен кашаалатып, атайын табличкага жашын көрсөтүп, мамлекет тарабынан корукка алынганын жаздырып койсо, сооп эле иш болмок. Кыргызстандын баардык жеринде эле он үч кылым жашап, он метрден ашык жоондукка жеткен дарак өсүп турбаса керек... Балтика боюндагы өлкөлөрдө жүз жылдан ашык өсүп турган дарактарга атайын паспорт берилерин окуган элем.

Мына ушундай майда-чүйдөлөргө маани берилгенде гана кунсуз байлыгыбыз болгон табиятыбызды сактап, ошондо гана туризм Кыргызстандын чар тарабына кулачын жаят деп эсептээр элем - дейт журналист Абдымиталил МЫРЗАКМЕТОВ


Кыргыз кереметтери

Кышында тоңбогон, бир тамчы суу агып чыкпаган кыргыз керемети – Ысык Көл.

Дүйнөдө Соңкөлдүн «Көк – Чар» балыгына даамы боюнча эч бир балык тендеше албайт.

Дүйнөдөгү эң бийик жети чокунун экөө Кыргызстанда: «Жеңиш», «Хантеңири» чокулары.

Дүйнөдөгү эң ири жети алтын кенинин бирөө- биздин «Кумтөр».

Дүйнөдөгү эң ири тоо дарыяcы «Нарын». Ал үч өлкөнү аралап өтүп « Арал» денизине барып куят.

Кыргызда Балбайдын «Актаман» деген тайганы жолборс алган.

Кыргыздын азыркы кыраан тайгандарынын бири Көл кылаасынын тургуну Замирбек Мукашевдин жети карышкыр алган «Коккушу».

Кыргыздын эн акыркы жолборсу 1930 жылы Чүйдө атылган..

Темирбек АЛЫМБЕКОВ. ЗАМАНДАШ №11 (52) НОЯБРЬ 2007 43 БЕТ


2) Жерүй

Жайлоонун ар бир коктусу, апай беттери, түзөң жерлери төрт түлүк малга толук жайылып, элим беймарал, бейкут өмүрүн сүрөөр эле. Балдар болуп күңгөйдөн жапалак арчанын кууларын тергенибиз, тескейиндеги мөңгүгө чейин барып, катып калган кардын үстү менен басканыбыз, жашыл жайлоо салкын төрүндө мал кайрыганыбыз, мөлтүрөгөн көк кашка сууларынан жата калып жутканыбыз, салкын таза абасынан дем алганыбыз, таштай муздак экенине карабай тоо көлүнө түшкөнүбүз күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Ошол таза назик кыздай болгон Жерүйдөн тээ совет доорунда алтын кенин табышкан. Бул болжолу өткөн кылымдын элүүнчү - алтымышынчы жылдар аралыгына туура келет. «Запасы түзүк бул алтын кенин эмне үчүн совет учурунда иштетишкен эмес?» - деген суроо туулат. Мындан бир олуттуу себеп болуп жүрбөсүн? Ошол эле учурларда Кыргызстандын башка жерлеринде алтын, уран жана башка кен казуу иштери жүргүзүлгөн. Тоо арасынын эң кыйын татаал шарттарына карабай, өтө ири гидростанциялар курулган. Анан эмне үчүн Жерүй алтын кени иштетилген эмес? Ошого эмне, совет өкмөтүнүн күчү жетпей калды беле? Анан өзүбүз эгемендүүлүктү алаарыбыз менен эле Жер-үйгө курт чымындай үйүлүп калдык? Жок! Мында бир мандем бар. «Алтын бар жерде азап бар» - дегендей, Кум-Төр алтын кенинин азабын иттей эле тартып жатканыбызды бешиктеги балдарга чейин билишет. өлкөбүз жарыбаган пайда тапкан болуп, алтын тышка ташылып кетип жатканын эсепке кошпогондо да, жер-суубуз цианитке ууланды, ичек-карды тышка чыгып, жерибиз ордуна келгис болуп бузулду, бейкапар жаткан кыргыз элинин ичинде алтын менен байланышкан келишпестиктер, чыр-чатак, уруш-талаштар пайда болду. «Жер-үй» менен «Андаш» алтын кендеринин иштетиле электигине карабай, Талас эли эмитен эле азапты баштарынан кечирип жатышат. Канча бир патриот жигиттерибиз кармалды. Канча бири талаалап качып жүрөт?
«Андаш», «Жер-үйдөн» алына турган болсо алтын,
Анык азапка салганы турат Талас калкын!
Талас эли жогорто аталган эки алтын кенин жабуу маселесин көтөрүшкөн жана ошол талабын дагы деле улантып жатышат. Анын негизги себебин жаратылыштын экологиясынын бузулушу жана элдин ден-соолугуна зыян болору менен байланыштырып жатышат. Ооба, тура мотивировка! Менин жеке пикиримде, советтик тоо-кен инженерлерин да ушул себептер кооптондурган. Ошол себептен Совет учурунда кен иштетилген эмес деп болжолдосок болот. Эгерде алтын кендери казыла баштаса, Талас эли эмне пайда табат жана эмне зыян тартат? Таластын, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн анча-мынча калкы, өзгөчө жаштары алтын казылып бүткүчө жумуш менен камсыз болушат. Алтын кенин иштетмек болуп жаткан чет элдик компания Талас облусуна, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн элине тил эмизген жардамдарды берет. Бул убактылуу гана пайда, бирок анын артында орду толгус канча зыяны барын неге ойлобойбуз. Алтын казылган аймактагы жайыт тарыйт. Жер челинип, руда алынган жер кайрадан калыбына келбейт. «Андаш» жана «Жерүй» алтын кендерин иштетүү Көпүрө-Базар жана Кара-Ой айылдары гана эмес, бүткүл Талас өрөөнүнө, андан ары Казакстандын Жамбыл облусунун элине коркунучтуу. Жер үстүндө болсун (дождевая вода), жер астында болсун (грунтовая вода) тоо жеринде суу тынымга токтобой,эңишти көздөй умтулат. Алтын кени казылганда пайда болгон зыяндуу элементтер акырындап ошол суулар менен агып, Каракол жана Чоңчычкан сууларына куюлат. Бул эки суу Талас дайрасынын башталыш куймалары экенин эстен чыгарбоо керек. Радиоактивдүү элементтердин калдыктары сакталуучу жайы (хвостохранилише) дегендери Каракол жанан Чоңчычкан сууларынан алыс эмес жерлерде курулат. Орто-Азия Жер шарынын тез-тез кайталанма жана катуу жер титирөөчү аймагына кирет. Ошондой жер титирөө болуп, калдыктар сакталуучу жай бузулса, андагы уулуу заттарды эчтеме менен токтото албайсың. Дароо Талас өрөөнүнүн ортосу менен аккан Талас дайрасына кошулат. Бул болсо бүтүндөй өрөөндүн караганы. Казактар да жөн калбайт. Калдыктар сакталуучу жай бүтүн турган күндө да, урпактарыбыз жарылчу дары салынган челектин (бочканын) үстүндө олтургандай, дамамат коркунучта жашашат. Экологиянын бузулганына байланыштуу Талас жана Казакстандын Жамбыл облусун, Тараз шаарынын элдеринин ортосундагы соода-сатык үзгүлтүккө учурайт же биротоло токтойт. Туризмди өнүктүрүү- Кыргызстандын келечеги. Алтын кенинин иштетилиши Талас өрөөнүндө туризимдин өнүгүшүн четейт же таптакыр токтотот. Ал эми Таласта Кеңкол, Бешташ, үрмарал, Жерүй, Күмүштак Каракол, Кумбел, Бакайташ, Желдисуу, Жарганат, өтмөк деген «жапайы туризм» уюштура турган абасы, суусу таза ажайып жерлерибиз, төрлөрүбүз бар эмеспи. «Манас Ордо» музей комплексин айтпаганда да. Германия өлкөсүнүн биздеги посолу, профессор, доктор Клаус Гревлих «Кыргызстан-суу державасы» деп белгилегендей, кыргыздын келечеги, тагдыры таза суу менен байланышып жүрбөсүн? Алтынды коюп, Таластын сууларын таптаза бойдон кийинки муундарга мурас кылып калтырганыбыз оңдур. Ошол таза сууларыбыз алтындан кымбат болор. Кара-Ой айылы – 20-кылымдагы кыргыз элинде популярдуулугу боюнча алдына эч кимди салбаган «Жаман сары» акыны Байдылда Сарногоевдин туулуп, бала чагы өткөн жер. Азыр даңгыраган Суусамыр – Талас шоссе жолу салынып жатыр. Кара-Ой айылын басып өтөт. Чоң Чычкан менен жолдун кесилишине Байдылданын комплекстүү музейин салууга, жыл сайын ыр майрамын, улуттук оюндарды, мелдештерди өткөрүп турууга эмнеге болбосун? Эр көкүрөк жигитибиз Болот Шерниязов музей салам деген убадасын качан аткарат? Талас жергеси таланттардын уюткусу. Алтындын азабы аң-сезимдерин аралаган жана жаралаган келиндерибизден Эенаман, Эшмамбет, Жеңижок, Алымкул, Атай, Шекербек, Чыңгыз, Сүйүнбай, Байдылда, Анатай, Эстебес, Замирбек, Амантай, Аалы, Айчүрөктөр… төрөлүшөөр бекен?.


Жыйынтык сөз:
Таласымдын алтынын алып кетер,
Талас элин азапка салып кетер.
Жашыл жайлоо бузулуп таштар калар,
Жанды кыйган уу толгон заттар калар.
Таласымдан таза суу акпай калар,
Таласым эл-журту жок актай калар!
«Андаш», «Жерүй» алтын кендерин иштетүү, иштетпөө жалгыз эле Талас элинин көйгөйү эмес. Президентибиз баш болгон бүт кыргыз эли, бул жөнүндө жакшылап ойлонушубуз керек. Илгертен мал менен жан баккан кыргыз элине алтынга караганда, жашыл жайлоо түбөлүктүү керек!
Казакбай АБДЫШЕВ акын-жазуучу Материалдык дүйнөдөн-рухий дүйнөгө


Полуэтилен баштыгы жана биздин жашоо

Тарыхы

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын базарларында жана турмуш тиричиликте колдонуп жүргөн, «целлофан» аты менен таанылган полуэтилен баштыктары эн алгач АКШда пайда болгон. 1957- жылы Америкалыктар сэндвичти, нанды жана жашылча жемиштерди ороо үчүн ойлоп табышкан. 1966- жылы бул баштыктар өлкөдө ун азыктарынын 30 пайызын орошкон (упаковать). 1973- жылы болсо Батыш Европада полуэтилен баштыкчасынын саны 11,5 млн го жеткен. Болжол менен он жылдан кийин «майка» деген ат менен саптуу баштыкчалар ири соода борборлорунда сатыкка чыга баштаган. 2002- жылы болсо дүйнөлүк баштык чыгаруунун эсеби 4- 5 триллионго жеткен.

Кызыктуу фактылар


  • Энелерибиз, эжелерибиз СССР доорунда мындай полуэтилен баштыктарын узакка колдонушкан. Кирдеп калса жууп, суртуп, тазалап турган. Себеби, мындай баштыктар «жетишсиз» болгон.

Көйгөйлөрү

Биздин апаларыбыз дүкөнгө же базарга барарда сөзсүз кам көрүшчү. Колго тигилген баштыгын, суюктук куйганга бидон же банкасын ала журчу. Бул көрүнүш акыркы он- он беш жыл аралыгында таптакыр өзгөрдү. Азыр эч нерседен бейкапар базарга же дүкөнгө барышат. Алган буюмдарын ошол эле жерден арзан баштык сатып ала коюп, салып келе беришет.

Кагаз баштык же полуэтилен баштыгы деп кардарларга сунуш кылынса сөзсүз полуэтилен баштыгын тандашат. Себеби, бул баштыктар турмуш тиричиликте колдонуу өтө ыңгайлуу жана кагазга караганда алда канча женил. Баасы да арзан. Бирок, экологиялык жактан алып карасак, кагаз полуэтиленге караганда жүз эсе аз убакытта чирип жок болот. Буларды билишсе да адамдар «арзан» баштыктарды колдонушат.


Баштыктардын дээрлик баардыгы бир жолудан колдонулуучу буюмдар. Мисалы, базардан товар салып келген баштыктарды, бошотуп туруп таштандыга ыргытып жиберишет. Бул өнөкөт кайталанып жүрүп, чөйрөбүздү баштык таштандыларына айландырып жиберет. Шамал болгондо бул буюдардын асманда учуп жүргөнүн, деңиз, көл - дарыялардын бетинде калкып жүргөнүн көрүүгө болот.

Жогорудагы көрүнүш бара- бара экологиялык көйгөйлөрдү жаратат. Анткени полиэтилен узак убакытка чейин «чирибейт». Ушул көйгөйдү болтурбоо максатында чаралар көрүлүп жатат. Азыр айрым өлкөлөр полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салып жатышса, айрымдары таптакыр колдонушпайт. Мисалы, Австралия, Тайвань, Ирландия, Бангладеш, Кытай өңдүү өлкөлөр экологиялык тазалыгы сактоо үчүн «арзан» баштыктарды колдонууга жана сатыкка коюуга таптакыр тыюу салышкан. Жылына 1,2 млрд баштык колдонуучу Ирландия мамлекети 2002-жылы баштык учун 15 сенттик салык киргизишкен. Натыйжада колдонуучулардын саны 90 пайызга азайган.

2004- жылы январь айында эркин полуэтилен аймагы (plastik bag- free) пайда болгон. Австралиянын Kangaroo жарым аралындагы ишкана олкодогу полиэтилен баштыктарына койгон тыюуларды жеңүү үчүн баштыктын жаңы түрүн ойлоп чыгышкан. «Полимер» аталган бул баштык айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизбестен узак убакытта чирип жок болот. Бул түрдөгү буюм тоскоолдуктарга карабастан кабыл алынды. Себеби, ишкана чон аз эмгек менен эбегейсиз чон пайда алып келуучу товардан баш тарткылары келген эмес. Ошол эле жылы Англиялыктар биологиялык затка айланып кетуучу баштыкты ойлоп табышкан. Суу менен комур кычкыл газына айланган бул баштыктын биологиялык эруусу торт жылга созулат. Бул баштыкчалар нан жашылчаларды ороодо колдонулат.

http://www.novayagazeta.ru/data/2007/color46/19.html

Нарын мамлекеттик коругу


Нарын мамлекеттик коругу 1983- жылы Борбордук Тянь - Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоп калуу жана жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болгон жаныбарларды калыбына келтируу максатында уюштурулган.

Азыркы учурда коруктун жалпы аянты 91023 гектарды түзөт.

Корукта жаныбарлардын бир нече түрлөрүн көрүүгө болот. Алсак, сутэмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 100 түрү, балыктардан 3 түр, жерде сууда жашоочулардын 1 түрү жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 туру кездешээри аныкталган. Бул жаныбарлардын арасында, Кыргызстандын кызыл китебине кирген Илбирс, Сүлөөсүн, Мадыл, Тянь- Шань күрөң аюусу, Бугу, Кундуз, Аркар - кулжалар да байырлашат. Ал эми канаттуулардан Бүркүт, Ителги, Көк - жору, Кумай, Ылаачын, Орок тумшук, Чулдукту кездештирүүгө болот.

Корукта омурткасыз жаныбарлар толук изилденген эмес, бирок кызыл китепке киргизилген «Аполон», «Махаон» жана омурткасыздардын көптөгөн түрү катталган.

Бул коруктун аймагы өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай келет. Өсүмдүктөрдүн 2000ге жакын түрү өсөт. Ал эми алардын көпчүлүгү дарылык касиетке ээ.

Аймагы болсо төмөнкүдөй аймактарга бөлүнөт:

Талаа аймагы

Токойлуу жана бадалдуу субальпикалык аймак

Альпылык аймак

Гляциально - нивалык аймак


Бугу марал питомниги

Бул питомник Нарын мамлекеттик коругунда, 1988- жылы бугу - маралдардын тукумун көбөйтүү максатында уюштурулган. Себеби, Ч. Айтматовдун «АК КЕМЕ» повестиндеги «Бугу эненин» тукуму ар кандай себептер менен азайып кеткен. Кыргызтанда бугулар Нарын мамлекеттик коругунда гана сакталып калган. Азыркы мезгилде пиомникте 18 баш бугу - марал багылууда. Алар колдо жана жарым колдо багылат. Келечекте бугуларды көбөйтүү менен аларды Кыргызстандын башка аймактарына да жайылтуу максаты коюлган.

Коруктун токойлуу аймактарынан эртен менен жана кечке жуук бугуларга байкоо жүргүзүп турушат.


Жаратылыш музейи

Келген конкторго жана жергиликтуу калкка жаратылыш кенчтерин жакындан тааныштыруу максатында 2003- жылы Нарын мамлекеттик коругунун базасында түзүлгөн. Бул музейден Нарын мамлекеттик коругунда байырлаган жаныбарлардын, канаттуулардын экспонаттары ошондой эле облустун чегинде чыккан кен байлыктарды көрүүгө болот.


Экологиялык борбор

Экологиялык билим беруу борборунун негизги милдети окуучуларга жана студенттерге методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул борбор «Флора- Фауна» эл аралык уюмдун жардамы менен жергиликтуу элдин, окуучу жаштардын экологиялык билимин жогорулатуу максатында 2004- жылы ачылган. Нарын облусундагы жаратылышты коргоочу мекемелердин алып барган иштери боюнча кеңири маалыматтарды экологиялык борбордон алууга болот.



следующая страница >>