https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2 ... 6 7
Бишкек шаары


1999-жылдын 2-июну N 45


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ


(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 28-декабрындагы N 93,

2001-жылдын 4-январындагы N 2, 2001-жылдын 4-январындагы N 3,

2001-жылдын 12-мартындагы N 30, 2002-жылдын 11-майындагы N 78,

2003-жылдын 17-февралындагы N 36, 2003-жылдын 9-июлундагы N 123,

2003-жылдын 5-декабрындагы N 227, 2004-жылдын 23-июнундагы N 77,

2005-жылдын 7-февралындагы N 15, 2005-жылдын 28-февралындагы N 40,

2005-жылдын 4-июнундагы N 67, 2006-жылдын 20-январындагы N 7,

2006-жылдын 25-июлундагы N 126, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 217,

2007-жылдын 26-февралындагы N 22, 2007-жылдын 26-февралындагы N 23,

2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 26-январындагы N 29,

2009-жылдын 11-мартындагы N 79, 2009-жылдын 26-майындагы N 171,

2011-жылдын 22-июлундагы N 117, 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 213,

2012-жылдын 7-майындагы N 46, 2012-жылдын 9-августундагы N 159

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы N 46

Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)


I БӨЛҮМ. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

1-Глава. Жалпы жоболор

2-Глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик

бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу жагындагы

компетенциясы

II БӨЛҮМ. ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУК ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИСИ

КАТАРЫ

3-Глава. Жер участогуна укук жарандык укуктардын объектиси

катары жана аны менен түзүлүүчү бүтүмдөр

§ 1. Жалпы жоболор

§ 2. Жер участогун берүү

§ 3. Жер участогун өткөрүп берүү

§ 4. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер участогуна

укуктун өтүшү

§ 5. Жер участогуна болгон укуктун ипотекасы

4-Глава. Жер участогун жалпы пайдалануу

5-Глава. Имараттар, курулуштар жана жер участогуна укук

6-Глава. Жер участогунун менчик ээлеринин жана

пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери.

Кыргыз Республикасынын жарандарынынын жана алардын

бирикмелеринин жер участокторун коргоо жана

пайдаланылышына контролдук жүргүзүү боюнча укуктары

7-Глава. Кызматтык жер аянты

8-Глава. Сервитуттар

9-Глава. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын

пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануунун тартиби

10-Глава.. Жер участогуна укукту токтотуу

11-Глава. Жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары

III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУСУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН

КАТЕГОРИЯЛАРЫ

12-Глава. Айыл чарба багытындагы жерлер

13-Глава. Калктуу пункттардын (шаарлардын, шаар тибиндеги

поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын)

жерлери

14-Глава. Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун

жерлери жана башка багыттагы жерлер

14-1-глава. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик

резервинин жерлери

15-Глава. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери

16-Глава. Токой фондусунун жерлери

17-Глава. Суу фондусунун жерлери

18-Глава. Запастагы жерлер

IV БӨЛҮМ. ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО. ЖЕРЛЕРДИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫНА ЖАНА

КОРГОЛУШУНА МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР

КАДАСТРЫ. ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ

19-Глава. Жерлерди коргоо

20-Глава. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль

21-Глава. Мамлекеттик жер кадастры. Жерлердин мониторинги.

Жерге жайгаштыруу

22-Глава. Жер талаштарын чечүү жана жер мыйзамдарын


бузуу үчүн жоопкерчилик


Ушул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерди пайдалануу укуктарынын пайда болуу негиздерин жана ушул укуктарды ишке ашыруунун жана аны токтотуунун тартибин жана аларды каттоону жөнгө салат, ошондой эле жерге болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин шарттарындагы жер-рынок мамилелерин түзүүгө жана жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган.


I БӨЛҮМ

НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР


1-Глава

Жалпы жоболор


1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр


Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан

берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;

2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;


3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;

3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;

5) Көп квартиралуу үй алдындагы жер участогу - үйгө танапташ ай-

макты, анын ичинде бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчалары, тиричиликтик катуу калдыктарды чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды ичине алган участок жана чектери белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдиктер менен аныкталган башка участоктор;

6) жер фондусу - Кыргыз Республикасынын чектеринде болгон бардык

жерлер;

7) жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн, мураска өткөн жеке же юридикалык жак;

8) жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери;

9) жерди муниципалдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар;


9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;

10) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

11) чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:

а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;

б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;

в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонуучу же башкарылуучу;

г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;

д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак;

12) жер категориясы - бир эле максат боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;

13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - жайыттарды кошпогондо, бонитети төмөн жана аларды мелиоративдик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери;

14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;

15) өзгөчө баалуу жерлер - сугат жана кургатылган жерлер, ургалдуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (айдоо аянттары, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, жүзүмзарлар, эгилме аянттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген жашыл бак-дарактар отургузулган жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын тажрыйба жүргүзүүчү талаалары;


16) жер участогун бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде чек арасын көрсөтүү менен жер участогун накталай бөлүп берүү;

17) жер участогуна болгон укугун өткөрүп берүү - жарандык-укуктук бүтүмдөргө ылайык менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун жерге ээлик кылуудан ажыратышы же аны жарандык-укуктук бүтүмдөр аркылуу башка адамга убактылуу пайдаланууга бериши;

18) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер участогуна болгон укуктун өтүшү - мурастоодо же юридикалык жак кайрадан уюшулганда укукту улантуучунун жер участогуна болгон укугунун пайда болушу;

19) жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

20) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

21) жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;

22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;

22-1) укуктук зоналарга бөлүү - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;

23) жер участогуна укугун берүү - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга бериши;

23-1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;


24) короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жерги-

ликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан турак-жай куруу үчүн жарандарга бөлүнүп берилген, үлүш эмес, бирок, турак-жайга танапташ жаткан жер;

24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу;

24-2) рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа;

25) багбанчылык-чарба жүргүзүү участогу - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишканаларга, мекемелерге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жашылча-жемиштерди, анын ичинде айыл-чарба продуктуларын өндүрүү боюнча керек-жарак багбанчылык шериктештигин уюштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогу;

26) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, атап айтканда, айдоо аянттары, күрөөгө калтырылган жерлер, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, чабындылар жана жайыттар;

27) сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу;

28) кызматтык жер үлүшү - мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилүүчү жер участогу;

29) айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусу - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору;


30) жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;

32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган.

(КР 2001-жылдын 4-январындагы N 2, 2002-жылдын 9-июлунун N 123, 2006-жылдын 20-январындагы N 7, 2009-жылдын 26-январындагы N 29, 2011-жылдын 22-июлундагы N 117, 2012-жылдын 7-майындагы N 46, 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)


2-статья. Жер мыйзамдары


1. Кыргыз Республикасында жер мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле аларга ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жөнгө салынат.

2. Башка мыйзамдарда жана башка мыйзам актыларында камтылган жер укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Ченемдик-укук актыларда камтылган жер укуктарынын ченемдери Жер кодексинин жоболоруна каршы келген учурда, ушул Кодекстин жоболору колдонулат.

4. Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосферанын абасын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)



3-статья. Жер мыйзамдарынын принциптери


Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары төмөндөгү принциптерге негизделет:

1) жерди жаратылыш объектиси, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-турмушунун, өнүгүшүнүн жана иш-аракетинин негиздери катары сактоо;

2) мамлекеттик жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

3) жер рыногун түзүү жана аны натыйжалуу иштетүү;

4) жердин менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын сактоо жана коргоо;

5) жерди натыйжалуу пайдалануу;

6) жерди максаттуу пайдалануу;

7) айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгы;

8) жерге болгон укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

9) жерди пайдалануу жана коргоо боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;

10) жерге зыян келтирүүнүн алдын алуу же анын кесепеттерин жоюу;

11) жер үчүн акы төлөө;

12) жерге менчиктин бардык түрүнүн бирдейлиги.


4-статья. Жерге менчик


1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.

2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот.


Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Айылдык округдун, поселоктун, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү:

- айылдык округдун чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;

- шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык округдун жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы N 67, 2009-жылдын 26-январындагы N 29, 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


5-статья. Чет өлкөлүк жактардын жер участогуна укугу


1. Чет өлкөлүк жактарга, эгер ушул статьяда башкача каралбаса айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилбейт.

Айыл чарба багытындагы жер участогунун чет өлкөлүк жакка өтүшү универсалдуу укук мурастоо тартибинде ушул Кодекстин 37-статьясынын 2, 3-пункттарында каралган натыйжаларга алып келет.

2. Калк жашаган пункттун (шаарлардын, шаарчалардын, айылдык калк жашаган пункттардын) чегиндеги жер участоктору чет өлкөлүк жактарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укуктарында берилиши мүмкүн же "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар ипотекалык турак жай курулушун кредиттеген учурда менчикке берилиши мүмкүн.

3. Айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдаланууга берилүүчү жерлерди кошпогондо, калктуу конуштардан тышкаркы жер участоктору чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Башка учурларда калктуу конуштардан тышкаркы жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.


Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.

4. Чет өлкөлүк банктар менен адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер айыл чарба багытындагы жер участокторун өндүрүп алуу кырдаалы түзүлгөндө айыл чарба багытындагы жерлерди үч жыл аралыгында менчикте кармоого укуктуу.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 126, 2009-жылдын 26-майындагы N 171, 2012-жылдын 7-майындагы N 46, 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


6-статья. Жер участогуна укук жарандык укуктардын жана бүтүм

жасоо объектиси катары


1. Жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объекти болуп

саналат жана сатып алуу-сатуу, белекке берүү, алмаштыруу, ипотека, дагы башка бүтүмдөрдү жасоо заты боло алат, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен өзүнөн-өзү укук мураскорлугу катары өтөт.

2. Жер участогуна укук акы аркылуу же акысыз алынышы мүмкүн.

3. Мыйзамда белгиленгенден башкача түрдө эч ким жер участогуна укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Жер мыйзамдары бузулгандан башка учурларда, жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-майындагы N 78 мыйзамынын

редакциясына ылайык)


7-статья. Жерди пайдалануучулардын жер участогун пайдалануу

мөөнөттөрү


1. Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн.

2. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.


3. Жер участоктору чет өлкөлүк жактарга жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилет.

4. Айыл чарба багытындагы жерлер кайра бөлүштүрүү фондусунан, эреже катары, 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет.

(КР 2001-жылдын 12-мартындагы N 30 мыйзамынын редакциясына ылайык)


8-статья. Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231

Мыйзамынын редакциясына ылайык)


1. Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартиптен башка учурларда, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү болуп эсептелет.

2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

3. Жер участогун жайыттарды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарты жана тартиби, анын ичинде эң жогорку чегин аныктоо баштапкы жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет. Мында ижарага алынган жер кошумча ижарага берилбейт.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн (айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алгандык үчүн эң жогорку акыны аныктоосуз) шарты жана тартиби жөнүндө Жалпыга бирдей жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

Айыл чарба багытындагы жерлерден башка жерлерди берүү үчүн ижара төлөмүнүн чегине жеткен өлчөмү жер салыгынын эки ставкасынан ашпашы керек.

Караңыз:

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу типтүү Жобосу, КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 15-апрелиндеги З N 702-11 токтому менен бекитилген;


Айыл чарбасына жарактуу жерлерди албаганда, чет өлкөлүк жактарга жер бергендик үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген коэффициентти колдонуу менен жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө жараша белгиленет.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги N 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтому

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер участокторун башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү Кыргыз Республикасы ушул мамлекет менен түзгөн мамлекеттер аралык келишим боюнча аныкталат. Жер участокторун пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.

5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер участогу үчүн жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтөөлөрдү жана жерлердин мониторингин жүргүзүүгө жана алардын аймактарын жерге орноштуруу тартибинде уюштуруу менен чарба жүргүзүүчү субъектилерди жайгаштырууга багытталат.

(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-январындагы N 3, 2007-жылдын 26-февралындагы N 23, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2011-жылдын 22-июлундагы N 117, 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


9-статья. Жерге болгон укукту жана укуктар менен жасалган

бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо


1. Жер участогуна болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, нотариалдык жагынан күбөлөндүрүүгө жатпайт.

2. Төмөндөгүлөр: жер участогуна укуктун пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, алардын өтүшү, чектелиши, сервитут, ипотека жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү каттоонун токтотулушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.



10-статья. Жер фондусу


Кыргыз Республикасынын жер фондусу айыл чарбалык жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:

1) айыл чарба багытындагы жерлер;

2) калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери;

3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер;

4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери;

5) токой фондусунун жерлери;

6) суу фондусунун жерлери;

7) сактоодогу жерлер;

8) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


11-статья. Жерлерди категорияларга таандык кылуу жана аларды

бир категориядан экинчисине которуу


1. Жерлерди ушул Кодекстин 10-статьясында көрсөтүлгөн категорияларга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын негизги максаттык багыттарына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.

2. Жерлерди категорияларга киргизүү жана бир категориядан экинчисине которуу иши өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.


12-статья. Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү


1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

3. Жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

2-Глава

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,

мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу

жагындагы компетенциясы


13-статья. Айылдык округдун, поселоктун жергиликтүү өз алдынча

башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органынын жер

мамилелерин жөнгө салуу жагынан компетенциясы

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 11-мартындагы

N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


1. Айылдык округдун, поселоктун чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын карамагына төмөндөгү маселелер кирет:

1) жер участогун менчикке берүү жана ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен пайдалануу;

2) жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тартибин белгилөө;

3) жерге жайгаштырууну уюштуруу;

4) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук кылуу;

5) жер реформасын жүргүзүү;

6) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү.

2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу көрсөтүлгөн Фонд карамагында турган мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айылдык округдун жана поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт.

(КР 2006-жылдын 20-январындагы N 7, 2009-жылдын 26-январындагы N

29, 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө шаардык

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык

башкаруу) аткаруучу-тескөөчү органынын компетенциясы


Шаардын чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчү органынын карамагына тиешелүү түрдө төмөндөгүлөр кирет:

1) жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү;

2) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

3) шаардык кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана киргизүү;

4) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;

5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

(КР 2006-жылдын 20-январындагы N 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


15-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө райондук

мамлекеттик администрациянын компетенциясы


Бишкек шаарынын райондорунан башка райондук мамлекеттик администрациянын райондун чегинде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан карамагына төмөндөгүлөр кирет:

1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлери жана ушул Кодекстин 13, 14-статьяларында көрсөтүлгөн жерлер үчүн белгиленген чектөөлөр менен адамдарга жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү;

2) (КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) райондун аймагында жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

4) райондук маанидеги мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилөө;

5) райондук кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу;


6) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;

7) өзгөчө баалуу жерлерден башка жерлерде долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

8) жер реформасын жүргүзүү;

9) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


16-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын

жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун

компетенциясы


Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун шаар жерлеринде жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүнүн карамагына төмөндөгүлөр кирет:

1) шаардын четтеринде жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү шаардын башкы планына, шаардын деталдуу пландаштырылышынын жана курулушунун долбооруна ылайык жүргүзүлөт;

2) жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

3) Бишкек шаардык жана Ош шаардык кеңештери менен биргелешип жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу;

4) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзүү;

5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


17-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө областтык

мамлекеттик администрациянын компетенциясы


Областтык мамлекеттик администрациянын карамагына областтын чек арасындагы жерлерде төмөндөгүлөр кирет:

1) (КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзүү;

3) жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;


4) райондор аралык багыттагы мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтоочу аянттарды белгилөө;

5) жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү жана аткаруу;

6) жер реформасын жүргүзүү;

7) өзгөчө баалуу жерлерди долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

8) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.

(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29, 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


18-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык,

областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык

кеңешинин, райондук кеңештин, айылдык округдун жана

поселоктун кеңештеринин компетенциясы

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 11-мартындагы N 79

Мыйзамынын редакциясына ылайык)


1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.

2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.


3. Райондук кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык округдун, поселоктун кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга жана поселокторго курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат.

4. Айылдык округдун, поселоктун кеңештери жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечишет.

5. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.

(КР 2002-жылдын 11-майындагы N 78, 2009-жылдын 26-январындагы N 29, 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


19-статья. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын

компетенциясы


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер мамилелерин жөнгө салууну ишке ашыра турган атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.

2. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашуу боюнча шаарларда, райондордо, областтарда, Бишкек шаарында жана Ош шаарында аймактык органдарды түзөт.


(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


19-1-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жер казынасын

пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу

боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

компетенциясы


Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин эсебин жүргүзүү;

2) Пайдалуу кен чыккан жерлерин мамлекеттик резервинин жерлеринин чегинде жер участокторун пайдаланууга берүү;

3) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин жер кадастрын жүргүзүү, жер казынасын пайдаланууда жер чектөө схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

4) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин пайдаланылышын жана корголушун, жер казынасын пайдалануу токтотулганда жер участокторунун рекультивацияланышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

5) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин категориясына которулууга тийиш болгон жерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтарды берүү;

6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ушул Кодексте каралган маселелерди чечүү.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


20-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана жер мамилелерин жөнгө салуу;

2) жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу боюнча мамлекеттер аралык жана мамлекеттик максатта Кыргыз Республикасынын чегиндеги жерге ээлик кылуу;

3) жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө башка мамлекеттер менен келишим түзүү;


4) жер реформасын жүргүзүүнү уюштуруу;

5) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун өлчөмүн жана

түзүүнүн тартибин аныктоо;

6) аларды калыбына келтирүү максатында айыл чарбасынын жана токой чарбасынын коромжулуктарынын ченемдерин белгилөө;

7) жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу, жер ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана регионалдык программаларды бекитүү;

8) жерлердин мониторингин ишке ашыруу тартибин орнотуу, жер кадастрын жүргүзүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу;

9) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдукту уюштуруу;

10) өзгөчө корголуучу аймактардын чек арасын жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;

11) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участогуна болгон укугун алып коюу (сатып алуу) тартибин аныктоо;

12) айрыкча баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр, кен чыккан жерлер, маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар) башка анча баалуу эмес жерлерге же жерлердин башка категориясына которуу;

13) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкы планын бекитүү;

14) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаар четиндеги чек арасын белгилөө;

15) жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу мамлекеттик жер кадастрын жана жердин мониторингин киргизүүнү, жерге жайгаштырууну жүргүзүүнү, жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди толтурууну, жерге жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүүнү жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүүнү жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


21-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясы


Төмөндөгүлөр:

1. Жер мыйзамдарын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;

2. Кыргыз Республикасынын чек араларында жерди пайдалануу укугун берүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдерди ратификациялоо;

3. Администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү;

4. Жер мамилелерин жөнгө салуу жагындагы башка маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына кирет.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы N 67, 2009-жылдын 11-мартындагы N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


II БӨЛҮМ

ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУК ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИСИ КАТАРЫ


3-Глава

Жер участогуна укук жарандык укуктардын объектиси

катары жана аны менен түзүлүүчү бүтүмдөр



следующая страница >>