https://electroinfo.net

girniy.ru 1

Малаки пайгамбардын китеби



Бул пайгамбардын ким болгондугу тууралуу бизге так маалымат жетпеди. Китеп Иcа Машаяктын төрөлгөнгө чейинки 435-жылдары жазылган. Ал убак израилдиктер үчүн өтө оор убак эле. Кудайдын ибадатканасына болгон элдин зор ынтызаарлыгына карабастан Кудайдын куткарам деген убадасы создугуп жаткан убак болчу. Ошондуктан диний кызматкерлердин көпчүлүгүнүн ындыны өчүп, өз милдеттеринен четтей башташкан. Элди кайтарган “Чабандар” ушундай болгон соң “койлордун” абалы кандай болмок эле, албетте андан бетер мүңкүрөп “баспай” калышкан, алтургай көбү Кудайдын тааныбаган чет элдиктер менен куда-сөөк болуп кетишкен. Ушундай акыбалда турган элге кайрат айтып, Сот күнүнүн жакындап келатканын эскертүүгө Кудай Малаки пайгамбарды тандайт. Малаки пайгамбар да Закария пайгамбар сыяктуу Эгебиздин эки жолу келе турганын, жана анын алдында келе турган эки инсанды алдын ала көрөт. (Малаки 3:1, 4:5-6) Бирок башка пайгамбарлар сыяктуу эле Теңирдин эки жолку келишинин ортосундагы убакытты көрө албайт.


Кириш сөз
(1:1)


Бул Кудайдын аяны жазылган китеп. Малаки пайгамбар аркылуу Жараткан Эгенин Исраилге айткан сөзү.


Жакыпка мээримимди төгүп, Исавды четке кактым
(1:2-5)


Теңир силерге: “Мен силерди сүйдүм,” — десе силер: “Сен бизди кандайча сүйдүң?” — деп сурадыңар. “Исав Жакыптын бир тууган агасы эмес беле?” — деди Теңир, — ошондой болсо да мен Жакыпты сүйдүм, ал эми Исавды болсо жек көрүп, анын тоолорун ээн талаа эрмен чөлгө айланттым. Ээлеген жерин чөөлөргө берип салдым”. Исав: “Шаарларыбыз талканды, бирок биз кайра куруп алабыз,” — деши мүмкүн. Бирок кудурети күчтүү Кудай таала мындай дейт: “Курса кура берсин, баары бир мен кайра талкалайм. Эл аларды “Адепсиз Жер”, “Түбөлүккө Кудайдын каарына калган уруу” деген атка кондурушат. Сен муну өз көзүң менен көрүп: “Ой, тообо, Исраилден сыртта да Теңир кудуреттүү экен!” — дейсиң”.

Жарабаган курмандыктар

(1:6-14)

"Бала атасын, кул ээсин сыйлайт. Мен силердин атаңар болсом, анда эмне үчүн мени ата катары сыйлабайсыңар? Мен силердин ээңер болсом, анда эмне үчүн ээңер катары урматтабайсыңар? — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз. Диний кызматкерлер, силер мени жек көрөсүңөр да: “Кантип биз сени жек көрүп жатабыз?” — дейсиңер. Бузулган тамакты мага курмандык чалына турган жайдын үстүнө коюп, мени жек көргөнүңөрдү көрсөтүп жатасыңар да, анан кайра “кантип сени жек көрүп жатабыз? “ дейсиңер. Кантиппи? “Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!” — дегениңер мени жек көрүүңөрдөн эмеспи? Курмандыкка сокур мал жетелеп келгениңерди туура деп ойлойсуңарбы? Аксак же ооруу жандык апкелгениңер туурабы? Аныңарды башчыларыңарга апарып көргүлөчү, кабыл алышаар бекен? Силерге ыраазы болушаар бекен? Эми: “Оо Кудай, бизге жакшылык кылагөр!” — деп жалынып көргүлөчү. Колуңардан ушундай курмандыктар чыгып жатса, мен силерди кантип кабыл алам? Аттиң, андан көрө бирөөңөр тура калып, ибадаткананын эшигин жаап салса го. Ошондо мага курмандык чалчу жайда пайдасыз от жылтылдабайт эле “, — дейт кудуретүү Теңир.

Мен силерге ыраазы эмесмин. Силер чалган курмандыктардын эч бирин кабыл албайм. Бүткүл дүйнөдөгү элдердин арасында менин атым ардакталат. Бардык жерде менин атыма жыттуу заттарды өрттөшүп, таза курмандыктарды чалышат. Анткени алардын баары мени урматташат. А силер: “Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!” — дегениңер менен мени кордоп жатасыңар! Дагы: “Ээ койчу, ушунун баарынан жадап кеттик!” деп, мага мурдуңарды чүйрүйсүңөр. Анан уурдап алган, аксак, ооруу малыңар менен бузулган, эч нерсеге арзыбаган тамагыңарды мага багыштайсыңар. Аларды мен кантип кабыл алам! Короосундагы сүлкүлдөгөн кочкорун мага берем деп сөз берип алып, анан майыбын жетелеп келген эч оңбосун! Анткени мен улуу Ханмын, бүт дүйнө жүзүндөгү элдер менден коркушат,” — дейт кудуреттүү Эгебиз.


Кудайдын сөзүнө ак болбогон диний кызматкерлер

(2:1-9)


Кудуреттүү Кудай диний кызматкерлерге мындай дейт: “Силер мени сыйлашыңар керек! Эгер мени укпай, айткан сөзүмдү таназарыңарга албасаңар, каргышка каласыңар. Мурда берген баталарымды каргышка айлантам. Чынында мен аларды эмитен эле каргышка алып жатам, анткени силер менин айткандарыма көңүл бургуңар келген жок. Ошондуктан мен силердин балдарыңарды жазалайм. Курмандыкка апкелген малыңардын заңын бетиңерге шыбайм. Анан малыңар менен кошо тышка ыргытыласыңар. Ошондо мен осуяттарымды Левийдин тукумуна сактасын үчүн бергенимди билесиңер. Менин осуяттарым аманчылык менен тынчтык алып келүүчү осуяттар болчу. Аларды мени урматтасын деп бергем. Ошол убакта алар чындыгында эле мени сыйлап, менден ыйбаа кылышчу. Акыйкатты окутушуп, ооздорунан бейчеки кеп чыкчу эмес. Менин менен тынчтыкта жашап, ак мамиледе жүрүшчү. Көп пенделерди күнөөдөн буруп, оң жолго салышчу. Анткени диний кызматкердин милдети — элди Кудайдын ак жолуна үйрөтүү. Себеп дегенде диний кызматкер — бул Кудайдын жарчысы. Бирок силер оң жолдон бурулуп кеттиңер. Диний мыйзамды бузганыңар менен көпчүлүккө азгырык болдуңар. Левийдин мени менен түзгөн келишимин буздуңар. Ушундай кылганыңар үчүн мен силерди эл алдында жек көрүндү кылып, кордук тарттырам, анткени силер менин ак жолумда жүрбөй койдуңар. Менин сөзүмө кылдат мамиле кылган жоксуңар.”


Элдин Кудай алдында ишенимсиздиги
(2:10-17)


Баарыбыздын Атабыз бир Кудай эмеспи? Баарыбызды бир Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн бири-бирибизге кыянаттык кылып, ата-бабаларыбыздын осуятын бузабыз? Яхуда Кудай алдында ак болбогондуктан Иерусалимде, ал тургай бүткүл Исраилде Эгебиздин осуяттары бузулуп жатат. Ал бөтөн кудайдын кызына үйлөнүп, Эгебиздин ыйык жайын булгады. Ылайым ушундай кылганды Теңир Жакыптын чатырынан сыртка чыгарып таштасын! Курмандык чалгандардын арасынан кетирсин!

Силер дагы мындай кылып жатасыңар: Теңирдин курмандык чалчу жайын көз жашына суугарып, онтоп, зарлаган ыйга бөлөп салдыңар. Ошондон улам ал силердин алып келген курмандыктарыңарга көңүл бурбай калды. Силер: “Эмне үчүн кабыл албайт?” — дейсиңер. Жаш кезиңерден баш кошкон жанбиргеңер, ак никедеги аялыңардын көзүнө чөп салып, анын алдында берген убадаңардан тайганыңар үчүн. Бул убадаңарга Теңир өзү күбө болбоду беле? Кудай экөөңөрдү бир дене, бир эт кылып койбоду беле? Эмне максат менен силерди Кудай ушундай кылды эле? Ак жолдо жүргөн укум-тукумдардын ата-энеси болсун деп Теңир ушундай кылган да, туурабы? Андыктан жубайыңар менен ак жашап, нике бузуудан сак болбойсуңарбы. Анткени, чынында Кудай ажырашууну да, таш боор адамдарды да жек көрөрүн билбейсиңерби? өзүңөрдү байкап, никеңерди булгабай жүрбөйсүңөрбү?


Силер ар кандай сөздөрүңөр менен Кудайды жадаттыңар. “Эмнебиз менен биз аны жадатыптырбыз?” дейсиңер. “Кудайга жамандык кылгандар жагат. Ал ошондойлорго жакшылык кылат!” дегениңер менен, ошондой эле: “Адилет сот жүргүзө турган Кудай кайда кеткен? Анын биз менен кылдай иши жок!” дегениңер менен.


Кудайдын кабарчысы
(3:1-5)


“Мына, мага жол даярдасын үчүн алдыман кабарчымды жөнөтүп жатам. Анан силер издеп жүргөн Теңир өзүнүн ибадатканасына күтүлбөгөн жерден кирип келет. Эңсеген кабарчыңар келип, сүйүнчү кабарды жарыялайт. Бирок ал келгенде ким анын алдында чыдап тура алат? Ким ошол күндү көтөрө алат? Анткени ал күн темирди ээритчү жалындаган оттой, терини оюп кетчү кир самындай болот. Кабарчым зергерге окшоп олтуруп алып, күмүштүн аралашмадан тазаланып жатканын байкап турат. Алтын-күмүштү ээриткендей Левиттин балдарын кайра тазалап, аларды Кудайга акыйкаттык менен курмандык алып келе турган диний кызматкерлер кылат. Ошондо Яхуда менен Иерусалимдин курмандыктары тээ илгерки замандардагыдай Теңирге жага турган болот.

Анан мен силерди соттош үчүн келем. Балчылар менен аягы суюктардын, жалган күбөлүк айткандардын, эмгек акыны төлөбөгөндөрдүн, жетим-жесирлер менен мусапырларды кысымга алгандардын, дегеле менден коркпогондордун баарынын күнөөлөрүн ашкере кылам”, — дейт кудуреттүү Кудай таала.


Кудайды кандайча алдашат?
(3:6-18)


“Мен Жараткан Эгеңермин, эч качан өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакыптын балдары, тукум курут болуп кырылып калган жоксуңар.

Силер да ата-бабаларыңар сыяктуу эле менин мыйзамдарымдан тескери бурулуп кеттиңер, аларды сактаган жоксуңар. “Мага жүз бургула, ошондо мен да силерге жүзүмдү бурам десем” силер: “Бу кандайча биз сага жүзүбүздү бурушубуз керек, биз сенден эч качан тескери кеткен жокпуз!” — дейсиңер.

Силерге суроо берейин, жооп бергилечи: пендеге Кудайды алдаганга болобу? А силер мени алдап жатасыңар! “Эмне деп жатасың, кандайча биз сени алдадык?” — дээрсиңер. Мага арналган ондуктар менен тартуулардан кытып калып жатканыңар менен мени алдап жатасыңар. Силерге каргыш тийсин, себеби силер — бүткүл Исраил эли — мени алдап жатасыңар. Ибадатканада тамак жайнап турсун үчүн, бардык ондуктарыңарды мага алып келгиле. Жок дегенде мени ушинтип сынап көрбөйсүңөрбү: ошондо мен силерге батамды көктөн жаадыртпайт бекем? Асман терезелерин шарак эткизип ачып жиберип, ашып-ташкан береке-кутту башыңарга төкпөйт бекем? Мен силердин эгиниңерди курт-кумурскага жедиртпей коет элем го. Жүзүмзарыңардын сабактарын салаңдаган оор шиңгилдеринин салмагынына ийилтет элем го. Жашаган жериңердин ырыскысын ашып-ташырып, жер бетиндеги элдердин баарын суктандырып: “Булар бактылуу эл экен!” — дедиртет элем го.


Силер мага акаарат келтирип жатасыңар да: “Кандайча биз сага акаарат келтирип жатабыз?” — дейсиңер. “Кудайга кызмат кылгандан не пайда? Мыйзамдарын сактап, анын алдында кара кийим жүргөндөн не утуп жатабыз? Карачы, көпкөндөр жыргап-куунап эле жүрүшөт. Мыйзамсыздардын иштери ийгиликтүү. “Кудай дагы канчага чейин чыдаар экен” дегенсип, күнөөлүү иштерин көз көрүнөө кылгандарды Кудайдын жазалаганы кана?” дейсиңер.

Ал эми Кудайдан корккондор болсо мындай дешет: “Кудай булардын баарын угуп, көрүп турат. Кудайдан корккондор тууралуу Кудай алдында китеп жазылып жатат.” Жараткан Теңир алар тууралуу: “Бул адамдар мага караштуу, менин менчигим. Соттой турган күнүм келгенде мен аларга ырайым кылам. Тил алчаак уулуна мээримин төккөн атадай болом. Ошондо чыныгы такыбаа менен бузукунун, мага чындап кызмат кылган адам менен кызмат кылбагандын айырмачылыгын кайрадан көрөсүңөр.”


Кудайдан корккондордун жана бузукулардын тагдыры
(4:1-6)

Кудурети күчтүү Кудай таала мындай дейт: “Мештеги оттой жалындаган күн келатат. Ал көпкөндөр менен бузукуларды жыгачты өрттөгөн сымал өрттөп кетет. Тамыр-бутактарына чейин күйүп жок болот. Ал эми менден ыйбаа кылгандар, силер үчүн чындыктын күнү чыгат, анын нуру силерге айыгуу алып келет. Эркиндикке кое бергенде так секирип, оюн салган музоолордой азаттыкка чыгып, кубанасыңар. Мен сот жүргүзгөн ошол күндө бузукулар таман алдын чаңдай болот. Силер аларды бутуңар менен тепселейсиңер. Менин кулум Мусанын таалимдерин эстегиле. Бүткүл Исраил баш ийсин деп мен ага Синай тоосунда осуят-мыйзамдарымды бергем. Келечектеги улуу жана өтө коркунучтуу күнүмдүн алдынан мен силерге Илиясты жиберем. Мен келип, жериңердин таш-талканын чыгарып, кыйратып салбоом үчүн ал аталардын жүрөгүн балдарга, ал эми балдардын жүрөгүн аталарга кайрадан бурат.”