https://electroinfo.net

girniy.ru 1 2
долбоор



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу

Кинематография департаменти


Кинематографияны өнүктүрүү стратегиясы

«Кыргызстан киносу - 2020»


Бишкек - 2013


Киришүү

Кинематограф болгон бардык көркөм өнөрлөрдүн синтези жана адамдын аң-сезимине таасир көрсөтүүчү кубаттуу каражаты экендиги бүткүл дүйнө жүзүндө таанылган. Кинематографга карата мамлекеттик кызыгуунун келип чыгышы кинонун артыкчылыктуу шаймандык функциялары, социалдык көрүнүштөрдү жана регламенттелген топтук тажрыйбаны жана ролдук тапшырманы көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги менен байланышкан. Тарбия берүүдө жана улутчулдуктун жана сабырсыздыктын, расалык жалган ой-жүгүртүүлөрдү алдын-алууда кино тилинин мааниси жалпыга белгилүү. Тактап айтканда кинематографтын социалдык таасири жагындагы феномени бааланбай келүүдө, ал анын социалдык институт катары өзгөчөлүктөрү, анын инсандын эстетикалык калыптануусуна таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү, жеке инсандын анын жүрүш-турушунан кеңири алганда социализациялануусу (когнитивдүү жүрүш-туруш, регламенттелген топтук практика жана ролдук тапшырма аткаруу) менен байланыштуу.

1991-жылдан тартып атамекендик кинематограф өткөөл экономиканын бардык оорчулуктарын, мамлекеттен бөлүү жана менчиктештирүү саясатын башынан өткөрүү менен, жалпысынан кино өндүрүшүнүн жана кино прокатынын инфраструктурасын сактап кала алды.

Кинематографиянын өнүгүүсүндө уюштуруучулук-экономикалык дем берүүнүн жоктугу жана технологиялык жактан артта калуусу атамекендик кинематографты системалык кризиске алып келди. Анын кесепети катары атамекендик кинематограф баалуулуктардын калыптануусуна, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жарыяланган артыкчылыктарын маалыматтык колдоого өбөлгө болгон фильмдерди жаратуу боюнча өз милдеттерин аткара албай келүүдө жана ишке ашыра албай келүүдө жана кинематографтын өлкөнүн гуманитардык модернизациялоосуна салымы чектелүү.


Азыркы учурда атамекендик кинематограф чөйрөсүндө кыргыз киносунун феноменин (кино көркөм өнөр катары) кайра жаратуу жана кино өндүрүшүнүн натыйжалуу иштөөсү сыяктуу стратегиялык максатка жетишүүгө багытталган иш-чаралардын ар тараптуу, так жана координацияланган программасын иштеп чыгууга курч зарылчылык бар. Кино өндүрүшү улуттук кинематографга дивиденддерди алып келе баштаганда гана ал өндүрүш катары иштеп жаткан катары эсептелет. Ал эми Кыргызстанда буга азырынча жетишиле элек, бирок алдыда аткарылууга жаткан милдет - кинематографга инвестициялык жагымдуулукту жана туруктуу экономикалык негизди берүү, кинематографты жеке, мамлекеттик, муниципалдык булактардан, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан жана фонддордон кайчылаш финансылоо үчүн шарттарды түзүү.

Кинематограф чар-жайыт өзүн-өзү уюштуруудан мамлекет тараптан координациялануучу күч-аракеттер багыты боюнча эволюцияланат. Максатка жетишүүнүн зарыл жана негизги шарты кино тармагынын институционалдык кайра түзүү болуп саналат. Мамлекеттик деңгээлде кинематографтагы менеджмент төмөнкү маселелерге туш болууда: максатты, артыкчылыктарды жана башкаруу предметин кантип аныктоо керек, мониторинг жана баа берүү системасын кантип түзүү керек; коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык ресурстук камсыз кылуу.

Кинематография департаменти жана Кыргызстандын кинематографисттер бирлиги улуттук маданият катары атамекендик кино өндүрүшүндөгү иштин абалына кесипкөй ачык экспертизалоону жүргүзүп, долбоорлоо проблемалары менен алектенип келүүдө. Тилекке каршы алардын бири да кинематография үчүн универсалдуу маселелерге жоопту бере алган:

кинематографты өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары эмнеде: каякка багыт алуу жана эмнени тартуу керек;

мамлекеттин ролу эмнеде: кинематография жагында мамлекеттик саясаттын мазмунун ачып көрсөткөн документ жок;

кесипкөй жамаат эмнени аткарышы керек, б.а. өзүн-өзү жөндөө маселеси.

Дээрлик бардык дискус кинематографты финансылоонун чакан экендигинин айланасында куралган. Мыйзам менен каралган кинематографты (фильмдерди тартууну, кино тармагын жана кино прокаты колдоону кошо алганда ж.б.) республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндөгү 0.1%дан азыраак өлчөмдөгү мамлекеттик финансылоо бир да жолу аткарылган жок жана иш жүзүндө 0.05%дан ашпайт. Натыйжада проблеманы чечүү төмөнкүдөй болушу мүмкүн: же мыйзамдык норманы алып салуу керек же белгиленген норматив боюнча финансылоо керек. Мындай кырдаал түзүлүүдө: мыйзамдык норманы аткаруу, б.а. республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндөгү 0.1%ден кем өлчөмдө кинематографты финансылоо кинематографтын бардык көйгөйлөрүн чечмек.


Атамекендик кинематографтын жана теле көрсөтүүнүн өнүгүүсүнүн азыркы мезгилдеги башкы көйгөйү зарыл сапаттуу контенттин жоктугунда болууда. Сценардык жокчулук курч байкалууда. Кинопрокаттын жана теле көрсөтүү обонун негизи чет өлкөлүк тасмалар жана теленовеллалар болуп саналат. Тармакта тасмалардын көрүүчүлүк дараметин баалоонун обьективдүү механизмдери жана көз карандысыз экспертизалоо (рейтинг) институттары жок.


2. Атамекендик кинематографтагы учурдагы кырдаалды талдоо


Кыргызстан кино өндүрүшү жок дүйнө жүзүндөгү үчүнчү өлкөлөрдүн тизмесине кирип калуу тобокелдиги бар. ЮНЕСКО кичи жана анча бай эмес өлкөлөрдүн тасмаларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө чоң күмөн саноо менен карайт: калктын киши башына ВНП $1200 аз өлкөлөрдүн (Кыргызстандын ИДПсы – $1131 (2010-ж)) жана Адамдык өнүгүү индекси 0.600 аз ( Кыргызстандын АӨИ – 0.704 (2010-ж.)) кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе.

Кинотеатрлардын экрандарынан кино образдарды көрбөгөн жана кино маданиятына жакындыгы жок бүтүндөй жаңы муун өсүп чыкты. Экинчи жагынан, альтернативдүү каналдардын, эң оболу ТВ жана кеңири тилкелүү Интернеттин жардамы менен ушул эле муун бөтөн көрүүчүлүк образдарга жана каармандарга, башка баалуулук катарына жакындап тааныштыгы болду. Дүйнөлүк маданий алмашууга интеграциялануу процессинде бөтөн образдар менен каармандар жүрөктөн орун алган атамекендик каармандарды сүрүп чыгарды.

Социалдык тармактардын кеңири таркалышы жана тармактык ресурстарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар аудиториянын санынын туруктуу өсүшү бир контенттин тегерегинде теле-, интернет-, жана киноаудиториянын акырындык менен биригүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Азыркы балдар үчүн кино экраны, теле көрсөтүү, компьютерлер жана мобилдик түзүлүштөрдүн ортосундагы чектер сүрүлүүдө жана ийгиликтүүлүктүн негизин медиалык персонаждар жана балдардын азыркы каармандары түзүүдө. Медиалык образдардын негизинде балдарда жүрүш-туруш манерасы жана руханий баалуулуктар калыптанып, балдардын маданият менен таанышуу процесси болууда. Дээрлик ар бир өнүккөн өлкөдө элдик фольклор менен катар эле балдардын өзүнүн азыркы каармандары бар, алар боюнча балдардын бүтүндөй мууну тарбияланып өсүүдө, бирок кыргыз кино каармандары дээрлик жок.


Администрациялык жана бюджеттик децентралдаштыруу фактору эске алынбайт жана анын кесепти катары кинематограф проблемаларын улуттук деңгээлде гана чечүүгө өзүн-өзү актабаган умтулуу орун алган.

Кино өндүрүшүн мамлекеттик бюджеттен финансылоонун орун алган механизмдери жана көлөмдөрү инновациялык кино өндүрүшүн калыптандырууга жана заманбап кино өндүрүшүн/кинопрокатты уюштурууга өбөлгө түзбөйт. Иш жүзүндөгү анын мазмуну статус-квону сактоодо гана турат.

Дискриминациялоо процесси жана анын натыйжасы катары бюджеттик каражаттарга жеке кино студиялардын жеткиликтүүлүгүнүн жоктугу чыгармачылык атаандашуучулукту жана тийиштүү түрдө кино көркөм өнөрүн өнүктүрүүнү тизгиндейт.

Кинематографты өнүктүрүүнүн концепциясын долбоорлоо актуалдуу статистикалык жана анык маалыматтын жоктугу менен татаалданат. Уюштуруучулук-экономикалык структура менен эксперименттер тармактык статистиканын институционалдык жолун жолдоочулугуна жана бүтүндүгүнө терс таасирин тийгизди.


2.1. Кинематографтын статистикасы жана экономикасы:


Орун алган статистиканын негизинде кинематографияны өнүктүрүүнүн келечектерин аныктоо татаал. Системалык изилдөөлөрдүн жоктугунда
атамекендик кинематографтын өзгөчөлүгү эмпирикалык изилдөөлөрдүн санын эң эле аздыгында. Рыноктун субьекттери кино рыногунда болуп жаткан процесстер жана тенденциялар жөнүндө түшүнүгү көбүнчө бурмаланган жана жетиштүү эмес.

Кыргызстанда кино тармагындагы керектөөлөрдүн структурасы жана абалы тууралуу анык статистикалык жана аналитикалык (эксперттик) маалымат жок, анын кесепети катары эмнени тартуу керектиги жөнүндө субьективдүү чечимдер, тасмалардын көрүүчүлүк дараметин баалоо үчүн методикалык база жок (эреже катары ал интуитивдүү жүргүзүлөт), анын кесепети катары прокаттагы чыгымдар; идеянын (сценардык куржун) тартыштыгы; кино өндүрүшүн тематикалык (чыгармачылык) пландаштыруу колдонулбайт; ачык экспертизалоо жүргүзүлбөйт; жеке компаниялардын мамлекеттик финансылоого жеткиликтүүлүгү чектелген.


Мыйзам менен каралган кинематографты республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндөгү (тасмаларды тартууну кошо алганда, кино тармагын жана кино прокатты колдоо, фестивалдарды өткөрүү ж.б.) 0.1%дан кем эмес өлчөмдө мамлекеттик финансылоо бир да жолу аткарылган жок жана иш жүзүндө 0.05%дан ашпайт:


Кинематография департаментинин бюджетинин структурасы





мыйзам боюнча, миң сом

0,1 %

иш жүзүндө, миң сом



%

анын ичинде киносту-дияга,

миң сом

анын ичинде фильмдер-ди

тартууга, миң сом

анын ичинде

эмгек акыга, Социалдык фонддго төлөмдөр, коммунал-дык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр

анын ичинде МТБ чыңдоого

























1

2

3

4

5

6

7


8

2002

15188,0

3 000,0

0,02

1435,8

1435,8

0

0

2003

16890,0

10056,6

0,06

8 123,0

8123,0

0

0

2004

18841,0

6752,4

0,04

4089,0

4089,0

0

0

2005

20143,0

9462,2

0,04

5290,8

2802,5

2488,3

0

2006

25301,0

16930,7

0,06

8818,0

4206,5

2661,5

1950,0


2007

35859,0

19430,6

0,05

10249,4

2381,3

2789,8

5071,5

2008

45032,0

19610,2

0,04

10282,6

5039,7

2692,9

2550,0

2009

58558,0

23312,2

0,04

19365,41

8502,9

3922,5

6635,0

2010

68781,0

21164,22

0,03

12209,5

2574,7

3887,3

5747,5

2011

91544,0

74703,2

0,08

54151,43

46929,7

4648,6

2573,1

2012


100000,0

34787,94

0,03

16649,2

6916,8

5732,4

4000,0


Көрүнүп тургандай, бюджеттик финансылоо туруктуу эмес: киностудиянын бюджетинде фильмдерди тартууга чыгымдардын үлүшү 23,5% дан 86%.га чейин өзгөрүлүп турат

«Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы чыгарган фильмдердин саны





2007

2008

2009

2010

2011

Толук метраждуу ойнолуучу фильмдер

1

1

1

0

0

Кыска метраждуу ойнолуучу фильмдер

0

0

1

0

3

Толук метраждуу документалдык

0

0

0

1

1

Кыска метраждуу документалдык

3

3

3

1


4

Кыска метраждуу ойнолуучу фильм -дебют

0

0

1

1

0

«Аралаштасма» балдардын юмористтик журналы

1

1

0

0

0

Кыска метраждуу мультфильмдер (дебют)

0

0

0

1

0

Фильмдерди кырг.тилине дубляждоо

0

0

0

0

5

Жыйынтыгы:









13 


Көрүнүп тургандай анимация, кинолетопись жана илимий кино сыяктуу жанрлар жок. Калдык принциби боюнча мамлекеттик финансылоо жана анын дискреттүүлүгү атамекендик кинематографтын потенциалын колдонууга мүмкүнчүлүк бербейт жана Кыргызстанда жылына 1 ден азыраак ойнолгон фильм тартылат. Ошого карабастан бул чакан фильмдер эл аралык кинофестивалдарда же байге алышты же чет өлкөлөрдө прокатка кире алышты жана муну менен бирге өзүн-өзү актай алышты.

1 толук метраждуу ойнолуучу фильмдин орточо бюджети: АКШда - $50,0 млн., Европада - $56 млн., Россияда - $34 млн., Кыргызстанда - $0.2 млн. түзөт.


Эгерде совет мезгилинде жылына 4 ойнолуучу фильм, 24 документалдуу фильм, 3 анимациялык фильм тартылса, азыр дубляждан сырткары, бардык категориялар боюнча болгону 8 фильм тартылат.


2011-жылы кинематография уюмдарын финансылоонун деталдаштыруусу (миң сом):



  1. “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы

  2. “Кыргызфильмофонд”

  3. Облустук кинодирекциялар


Бюджеттик каражаттардан сырткары Кинематография департаменти 7.8 млн. сом өлчөмүндө кошумча кирешеге ээ, бул киреше бөлүгүнүн 11%га жакынын түзөт:


Департамент: чарба ишмердүүлүгүнөн жана атайын каражаттардан - 1.5 млн. сом;

«Кыргызфильм» киностудиясы: кызматтарды көрсөтүү (ижара төлөмдөрү, техникалык базанын кызматтары, продукцияны буюртма боюнча (заказга) чыгаруу) - 4 млн. сом;

«Кыргызфильмофонд» РГФК - 0.5 млн. сом;

Облустук кинодирекциялар – 1 млн. сом;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу – 0.8 млн. сом.


Кинематография департаментине 9160 орундуу 38 кинотеатр объекттери бекитилип берилген. Жеке кино тармактары боюнча жыйынды маалыматтар жок болгондуктан, мамлекеттик кино тармагын (2011-жыл) төмөнкү статистикалык көрсөткүчтөр менен мүнөздөсө болот (2011-ж):


кино түзүлүштөрүнүн саны – 38

көчмө кино түзүлүштөрүнүн саны -13;

кассалык жыйымдар – 2251400 сом ($50 миң), анын ичинде авто көчмө кызмат көрсөтүүлөргө 202.0 миң сомду кошо алганда (9%) ;

салыктык жеңилдиктер (КНС5 боюнча – 270168 сом;

көрүүчүлөрдүн саны - 395 миң адам, анын ичинде акы төлөнүүчү сеанстарда 123 миң адам жана акы төлөнбөгөн сеанстарда 272 миң адам;

сеанстардын саны – 8662, анын ичинде 6422 акы төлөнүүчү жана 2240 акы төлөнбөгөн;

баруулардын саны - 1000 адамга 72;


билеттин орточо наркы- 18.3 сом;

көрүүчүлөрдүн орточо курагы – 15-25 жаш.


Кино прокатчылар тинэйджерлерге багыт алуу менен бизнестери бурчка келип такалууда.

Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнө карабастан, билеттин орточо наркы төмөн – 18.3 сом: Ысык-Көл облусунда 4.3 сомдон Жалал-Абад облусунда 22 сомго чейин өзгөрүлмөлүү. Билеттин орточо наркынын төмөндүгү жана 1 тургуна жылына 0.3 гана баруу Кыргызстандын, өзгөчө Ысык-Көл облусунун кинотеатрлары жана прокаттык системасы кош стандарттар менен иштеп жаткан жагдайды көрсөтүп турат. Бир билеттин наркы $1 тегерегинде болгондо, өлкөнүн кинотеатрларындагы кассалык жыйымдардын көлөмүн 14 млн. сомдун тегерегинде бааласа болот ($300-350 миң), мында Ысык-Көл курортунун жайкы кино залдарындагы статистикага кирбеген жыйымдар эске алынган жок.

Кинозалдарга баруулар жылына 14 төн 0.3 гө чейин азайды. Мына ошентип, Кыргызстандын жашоочуларынын 5% гана кинону кино залдан көрүшөт, башкача айтканда статистиканын тили менен алганда орточо кыргызстандык киного 20 жылда бир гана жолу барат. Салыштыра турган болсок, Россия - 77%, Казакстан - 32%. Кинотеатрлардын экрандарынан кино образдарды көрбөгөн жана кино маданиятына аралашпаган бүтүндөй жаңы муун өсүп чыкты.

Баруунун төмөн көрсөткүчү кино прокат системасынын кыйроо кесепетинен, ошондой эле кеңири тилкелүү интернет тараптан атаандашуучулуктун жана калктын суроо-талабын канааттандырган “суроо-талап боюнча видео” сервисинен улам калктын жеткиликтүүлүгүнүн жоктугу менен да байланышкан. Эгерде совет мезгилинде республиканын аймагында 100дөн ашык стационардык кышкы, жайкы жана парктык кинотеатрлар курулуп, ар кандай социалдык мекемелерде: мектептерде, атайын жана жогорку окуу жайларында, ооруканаларда, лагерлерде, санаторийлерде жана пансионаттарда, чек ара заставаларда жана аскер бөлүктөрүндө 1500дөн ашык кино түзүлүштөр иштеп турган. Жетүүгө кыйын жана алыскы калктуу конуштарда калкты тейлөө үчүн авто көчмө кино түзүлүштөр иштеген. Бүгүнкү күндө мамлекеттен бөлүнгөн жана менчиктештирүүдөн кийин 38 кинотеатр гана кино тармагын түзөт. Анын азы гана финансылык туруктуулук чегинде кармалып турса, жарымынан көбү капиталдык оңдоону жана модернизациялоону талап кылат, 30%га жакыны иштебей турат. Ошентип, мамлекеттик кино тармак, анын ичинде кино түзүлүштөрүн жана ведомстволук клубдарды кошо алганда дээрлик 80%га кыскарган.


Иш жүзүндөгү кырдаал 16: Казакстанда акыркы эки жылда кинотеатрга баруулардын саны болжол менен 700-800 миңге өскөн. Мында атамекендик тасмалардын саны тасмалардын жалпы санынан 3-5%дын чектеринде болгон. Өткөн жылы экрандарга 300 жакын тасмалар чыккан жана казакстандык тасмалар бул сандан болгону 3%ды түзгөн. 2007-жылы атамекендик тасмалардан түшкөн жалпы жыйымдар 7%ды түзсө, 2010 –жылы болгону 2.5-3%ды түзгөн.

Иш жүзүндөгү кырдаал 37: «Казахфильм» киностудиясында фильмдерди алга илгерилетүү үчүн структура түзүлгөн: «Территория кино» журналы чыгарылат, ал аркылуу окурман студиянын жаңы долбоорлору менен тааныша алат. «Хабар» телеканалында программа ачылган, ал негизинен журналдын теле көрсөтүү версиясы, ал айына эки жолу чыгат. «Алма ТВ», «Арна-медиа», «Казахстан» жана Казак радиосу менен келишимдерге кол коюлган.

Иш жүзүндөгү кырдаал 48: Чакан шаарлардын жана айылдардын тургундарын кино өнөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн «Жарык» казак компаниясынын тажрыйбасы кызыктуу, ал «Улуттук инновациялык фонд» АК менен бирдикте Казакстан Республикасынын аймагында “Электрондук кинотеатрлардын “«NURL@N» санариптик спутниктик тармагы”долбоорун ишке киргизүүгө киришти. Тармак 8 облуста 100дөн ашык электрондук кинотеатрларга ээ, ал эми фильмдер Алматыда жайгашкан «Жарык» компаниясынын борбордук спутниктик станциясынан көрсөтүлөт. Ушуга байланыштуу эң алыскы айылдагы көрүүчү дүйнөлүк кино прокаттагы акыркы жаңы кино тасмаларды көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Күн сайын көркөм, мультипликациялык жана оюн-зок-үйрөнүп-билүү фильмдери көрсөтүлөт. Чоң кинотеатрлардан кийин экинчи толкун менен электрондук кинотеатрлар тармагында көрсөтүлүүчү чет өлкөлүк жана казакстандык кинематографисттердин лицензиялык фильмдерин көрсөтүүгө келишимдер түзүлөт. «NURL@N» электрондук кинотеатрлар тармагынын ишинин бир нече айында эле чоң шаарлардын кинотеатрлары менен телекөрсөтүүлөрдүн ортосундагы рыноктогу боштукта өзүнүн аралык ордун ээлей алды. Кириш билеттеринин жеткиликтүү баасы (чоң адамдар үчүн 100 тенге жана балдар үчүн 50 тенге) жана көрсөтүүнүн жана үндүк коштоонун салыштырмалуу жакшы сапаты көрүүчүгө киного баруу маданиятын кайра кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Компания 1000ден кем эмес кинотеатрларды орнотууну, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн өздөштүрүлбөгөн кинопрокатынын рыногуна чыгууну пландаштырууда.



Фильм фондунда 01.01.2012-жылдагы абалга карата фильмдердин көчүрмөлөрү 4103 бирдикти түзөт, анын ичинде:

толук метраждуу көркөм фильмдер - 2671;

хроникалдуу-документалдуу фильмдер– 607;

анимациялык фильмдер -825

Жогоруда көрсөтүлгөн фильмдердин көчүрмөлөрүнүн 4103 бирдиги:

Санариптик алып жүрүүчүлөрдө - 1571 (38%);

кинопленкада – 2230 (54%);

магниттик кассеталарда – 302(7%).


Бардык композиторлор кино өндүрүшүнүн стадиясында эле продюсердик компаниялар менен түзүлүүчү келишимдерге ылайык кинофильмдерде өздөрүнүн музыкалык чыгармалары колдонулгандыгы үчүн сыйакы алышат. Ошентип, кинотеатралдык прокаттын жыйынтыгы боюнча сыйакы кошумча болуп саналат. Жыйымдар 100% кассалык жыйымдардан эмес, кинотеатралардын операторлорунда реалдуу калган бөлүгүнөн алынышы керек.


2.2.1. Кинопрокат жана кино көрсөтүү:


Кинофильмдерди тартууга бюджеттик каражаттарды бөлүүгө азыркы орун алган мыйзамдык чектөөлөр (кинематографиянын мамлекеттик мекемелеринен жана уюмдарынан гана) чыгарылуучу продукциянын сапатын төмөндөтөт.

Мамлекеттин начар катышуусуна байланыштуу келип чыккан дагы бир көйгөй кино-, жана видео каракчылык болуп саналат.

Кассалык жыйымдардын төмөндүгү, прокаттагы орду толгустуктар, калдык принциби боюнча кино көрсөтүү сеанстары ички рынокто атамекендик фильмдердин көпчүлүгүнө карата көрүүчүлүк кызыгуунун деңгээли төмөн экендигин айгинелейт. Ушундан алганда атамекендик кинопродукция экспорттук потенциалга ээ эмес, анткени чет өлкөлүк фильмдер менен кинодраматургиясы боюнча да, технологиялык деңгээли боюнча да атаандашууга туруштук бере албайт.

Дүйнөлүк практикада кинопрокат чөйрөсү 80% кинопродуктунун негизги буюртмачысы болуп саналат жана кинематографта технологиялык трендди белгилейт, анткени дал өзү инфраструктурага ээ, аны күтүшү жана өнүктүрүшү керек, демек, каражат алып келген фильмдердин прокатына кызыкдар болууга тийиш, ошондой эле керектөөлөрдүн структурасы жана рыноктук жагымдуулук жагындагы маалыматка ээ.


Бүгүнкү күндө кинотеатр өз каражатын санариптик кино көрсөтүүнү өнүктүрүүгө инвестициялайт, ал эми бул пайданы кинопленканы басып чыгарбаган дистрибьютор алат. Бардык цивилизациялуу өлкөлөр бул маселени дистрибьютордун кызыкчылыгы менен кинотеатрдын ортосундагы тең салмактуулукту табуу менен чечүүдө, мында дистрибьютор санарипке кинотеатрдын чыгымдарынын бөлүгүнүн ордун толтуруп берет..

Кыргызстандын калкынын 2/3 айыл жергесинде жашайт жана айылдардын көпчүлүгүндө клубдарды, тамактануу жайларын жана диний мүнөздөгү мекемелерди кошпогондо, жамааттык эс алуу үчүн эл чогулган жерлер дээрлик жок. Атамекендик кино тармагын модернизациялоо үчүн баштай турган чек – бул биринчи кезекте региондордо заманбап жабдуусу менен кинозалдардын жоктугу көйгөйүн чечүү. Билеттерди сатуунун ачык системасынын жоктугу автордук жана чектеш укуктарды сактоо максаттары үчүн эсепке алууну жүргүзүүдө, дегеле Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин экономикалык баа берүүдө, тармактын инвестициялык жагымдуулугуна баа берүүдө чечүүгө кыйын болгон проблемалар орун алган. Кинопрокат рыногу чагылдырылбаган экономиканын мисалы болуп саналат.

Иш жүзүндөгү кырдаал59: Россияда россиялык кино прокатта жалпы сандан 25-30%ды түзөт (80 тасмадан ашык, ал эми жыйымдар боюнча азыр 30%дык деңгээлге жетишилди, жалпы жыйымдар 20 миллиарддан ашык рубль). Баштай турган чек 1996-жыл болуп эсептелет, россиялык кинематографты мамлекеттик колдоо жөнүндө федералдык мыйзам кабыл алынган: ошол мезгилде россиялык кинону 5 жылга бардык салыктардан жана бажы алымдарынан бошотушкан, андан соң дагы беш жылга бул абалды узартышкан. Натыйжада 10 жыл аралыгында россиялык кино жагымдуу укуктук талаада өнүккөн. Алар сериалдарды жаратуу менен кино дүйнөсүн багындыра башташкан, ал тасмалар өлкөнүн башкы телеканалдарынын каражаттарына тартылып, натыйжада мындайча айтканда россиялык медиажылдыздардын кастасы пайда болду. Бул медиажылдыздар экинчи толкун менен кино өндүрүшүнө активдүү тартылып келүүдө.



2.2.2. Кино өндүрүшү:


Техникалык жактан толук кайра жабдууда «Кыргызфильм» киностудиясы жылына төмөнкүдөй кино өндүрүүнү камсыз кыла алат:


толук метраждуу көркөм фильмдердин - 3 бирдигин.

кыска метраждуу көркөм фильмдердин - 3 бирдигин.

документалдуу фильмдердин - 10 бирдигин.

мультфильмдердин - 3 бирдигин.

фильмдердин дубляжынын - 12 бирдигин.


Азыркы учурда кинематографтын түрү катары кинолетопись дээрлик колдоо таппай калды. Кинематографтын бул түрүнө көрүүчүлөрдүн кызыгуусу өсүүдө. Дал ушул кинолетопись боюнча биз жана биздин тукумдар өлкөнүн жарандары кантип жашагандыгын, алардын кубанычтарын жана мүдөөлөрүн билет. Кинолетописди колдоо менен, биз региондорду колдой алабыз. Кинолетописти ЖӨБ органдарынын финансылашы киножурналдарды жана альманахтарды тартууну шарттайт.


Иш жүзүндөгү кырдаал 610: RED EPIC санариптик камера, формат 4к, экран 16х9 жеке компанияда гана бар. Камераны иштетүүнү пландаштыруунун горизонту жарым жылды түзөт. RED EPIC, формат 4к, экран 16х9 базалык комплектациядагы наркы $28000 дан жогору. Киноплёнкада жана RED камерада тартуунун наркын салыштырмалуу талдоо RED пайдасына кыйла үнөмдүү, мында сапат деңгээлинин сакталышынан алганда да, ошондой эле тартуу процессин тездиги жагында да артыкчылыктуу экендигин көрсөттү.

Иш жүзүндөгү кырдаал 711: Казакстанда ойнолуучу орточо фильмди тартууга кеткен акчаны кайтаруу үчүн фильмдин бюджети $450-500 миңди түзүшү керек, мында прокатта өз бюджетинен эң аз дегенде 2.5 эсе көп чогултушу керек, анткени бул жыйымдардан 50% кинотеатрларда жана 10-15 пайыз дистрибьюторлордо калышы керек. Казакстандын кино рыногу Россиянын кино рыногу менен өлчөмдөш эмес. Эгерде Казакстанда жылына 7 млн. баруулар болсо, ал эми Россияда баруулар 120 млн.түзөт.


Киноиндустрия рыногу өндүрүш циклинин бардык этаптарында кино бюджети үчүн атаандашуучу рынок болуп саналат. Күн сайын "3D" үч өлчөмдүү форматта тартылып жаткан тасмалардын саны көбөйүүдө. Көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөттөрү заказдарды жайгаштыруу үчүн укуктук талаа жана преференцияларды түзүүдө.

Иш жүзүндөгү кырдаал 10: «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “программалык камсыздоону иштеп чыгаруу индустриясынын өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоолордун укуктук негизин, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын иштешин, анын башкаруу органдарын, резиденттерин, Жогорку технологиялар паркынын режиминин калыптануусунун негизги принциптерин, ага кошо резиденттерге салык салуунун негизги принциптерин аныктайт”. Тилекке каршы бул Мыйзам атамекендик кинематографга преференцияларды бербейт.



2.2.3. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо:


Советтик мезгилде кыргыз кинематографиясынын өнүгүшү россиялык ЖОЖдордун, эң оболу ВГИКтин бүтүрүүчүлөрү менен байланыштуу болчу. Мындай практика азыр жок, Ал эми ВГИКте акы төлөп окуу көпчүлүк кыргыз изденүүчүлөр үчүн азыр жеткиликтүү эмес. Өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча ВГИКте аз сандагы студенттерди окутуу проблеманы чечпейт.

Техникалык персонал, мындайча айтканда экинчи курамды Кыргызстанда атайын даярдабайт. Андыктан алдыңкы кинорежиссерлер режиссерлердун жана операторлордун ассистенттеринин, гримерлордун, үн техниктеринин, жарык бергичтердин такыр жоктугун констанциялап келишет жана мындай адистерди фильмдерди түздөн-түз тартуу процессинде өздөрү даярдашат.

2007-2009-жылдары Кинематография өнүктүрүү коомдук фонду «Манас» КТУ менен бирдикте республиканын тажрыйбалуу кинематографисттерин тартуу менен «Режиссерлорду даярдоо курстары. Мастер-класстар (Хивос Фонду, Нидерланды ) окутуучу долбоорун ишке ашырган. Бул долбоордун алкагында бир нече кыска метраждуу ойнолуучу фильмдер тартылган, кийин алар көптөгөн эл аралык кинофестивалдардын лауреаттары болушкан.


2012-жылы Кинематография өнүктүрүү коомдук фонду чет өлкөлүк кино чеберлерин тартуу менен кинопродюсерлер үчүн окутуучу долбоорду ишке ашырган.

2007-2012-жылдары Э.Абдыжапаровдун, Т.Бирназаровдун (коммерциялык негизде) жетекчилиги астында «Мастер-класстары» практикалык курстары өткөрүлгөн. Окутуунун жана дебюттук иштерди тартуунун жыйынтыктары боюнча жыл сайын фильмдерди көрүүлөр өткөрүлүп, аларда курстардын мыкты угуучулары өзгөчө белгиленген.

2005-жылы жайында «Кыргызфильм» киностудиясында Жаш кино форуму өткөрүлгөн, мында ар кайсы ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн жана чыгармачылык бирикмелердин иштери көрсөтүлгөн, бул жаңы муундун кино өнөрүнө кызыгуусу бар экендиги жөнүндө айтып турат. Бирок, иш жүзүндө кинону тартууга суроо-талап туруктуу кино өндүрүшү болгондо гана пайда болушу мүмкүн, бул максатты ишке ашырууга чейин окутуу тартуу процессинде гана практика аркылуу болмок. Кыргызстанда талкууга алынган ички, тышкы рынок үчүн киноакадемияны уюштуруу мүмкүнчүлүгү өтө эле гипотетикалуу.

Кинематографисттер жана көрүүчүлөр үчүн кино тартууну үйрөтүү системасы жок. Орто мектептердеги факультативдер жана интернет зонасында окуучуларга эстетикалык билим берүү кино билиминин жана кино көрсөтүүнүн альтернативдүү түрү болушу мүмкүн.

2.3.4. Алга илгерилетүү жана эл аралык алмашуу:

Фильмдерди дистрибуциялоонун жана алга илгерилетүүнү өзгөчө формасы болуп эл аралык кинофестивалдар саналат, алар өздөрү менен кино рынокторун дээрлик айкалыштырат. Кыргызстандын тарыхында советтик мезгилдеги беш кинофестиваль бар:

1939 -ж. –Эң мыкты советтик фильмдердин биринчи кинофестивалы.

1976-ж. – IX Бүткүл союздук кинофестиваль.

1981-ж. – Бүткүл союздук спорттук фильмдердин фестивалы.

1986-ж. – Бүткүл союздук «Жомок» кинофестивалы.

1988-ж. – Бүткүл союздук айыл чарба фильмдеринин фестивалы.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгилинде бир нече кинофестивалдар өткөрүлгөн, алардын арасында:



2007-ж. –ШКУга катышуучу мамлекеттердин биринчи Ысык-Көл кинофестивалы.

2007-ж. - Автордук кинонун «Киностан» кинофестивалы.

2008 –ж. – Жаш кинематографисттердин «Үмүт» фестивалы.

2009 –ж.– Экинчи Ысык-Көл кинофестивалы

2009-ж. – Автордук кинонун Эл аралык фестивалы (2 жылда бир жолу өткөрүлөт, сыйлыктар тапшырылбайт)

2011–2012-жылдар КМШ өлкөлөрүнүн I жана II Эл аралык «Кыргызстан-кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» кинофестивалы (МФГС финансылык колдоосунда).

Азыркы учурда мамлекет тарабынан уюштурулган туруктуу эл аралык кинофестиваль жок.


Иш жүзүндөгү кырдаал 11: «Билайн» бренди ( «ВымпелКом» компаниясы) «Ирония судьбы 2» (режиссеру Т.Бекмамбетов) фильмине продакт-плейсментти ишке ашырды: «Билайн» брендинин элементтерин толук метраждуу көркөм фильмдин сюжеттик жана визуалдуу катарына интеграцияланып киргизилген. Түздөн-түз продакт-плейсментти бренд болуп саналган зор-долбоорлор гана өзүнө тобокелсиз ишке ашыра алышат.

Иш жүзүндөгү кырдаал 12: 2009-жылы Mattel компаниясы фильмдин мотивдери боюнча оюнчуктардын сериясын чыгаруу жөнүндө өз ниетин билдирген: серия өзүнө «Аватар» персонаждарынын келбеттерин, Пандоранын айбанаттарын, аскер техникасын, адамдардын колониясын камтыган12 ж.б. Индияда McDonald’s13 тармагы өзүнүн HappyMeal топтомунда фильмдин алты персонажын чагылдырган оюнчуктардын сериясын чыгарган. 2009-жылдын декабрында Франциянын LaPoste почта компаниясы «Аватар» мотивдери боюнча маркалардын чектелүү сериясын чыгарган. «Аватар» тизер-трейлер киномаркетингдин тарыхында эң көп көрүлүүчү трейлерден болуп калды, тактап айтканда ал Apple.com сайтында биринчи орунду ээлеген, ал жактан 4 миллион көрүүнү чогулткан14.


3.

следующая страница >>