girniy.ru   1 ... 2 3 4 5 6
12. Массалык маалымат каражаттары жана Ош окуясы


Июнь окуясы дүйнөлүк маалымат каражаттарында негизинен бир жактуу чагылдырылды. Көбүнчө кыргыз улутун жырткыч, варвар, чөө жана башка акылга сыйбаган жалаалар менен көөлөп салышты. Муну жасагандар кимдер? Анысы аз келгенсип, «Чөөнүн убактысы» жана «Факты геноцида» деген китеп, видеодисктерди чыгарышты, автору, канча нускада, кайсы өлкөдө жарык көргөнү белгисиз. Бирок тастыкталбаган маалыматтар боюнча бул китеп 400 миң нуска менен орус тилинде, дагы башка тилдерде жарык көрүп жатканы маалым болду. Бул китептин жарык көргөнүнө 3 айга чукул болсо да, биздин өлкөнүн официалдуу бийлиги тарабынан эч кандай конкреттүү чара көрүлгөн жок.

Кайсы бир жеке инсанды «чөө» деп атаса, балким болор, бирок кыргыз улутун толук бойдон ушинтип атоого эч кимдин укугу жок. Биринчи иретте бийлик башында отургандар мындай көрүнүш менен активдүү күрөшүшү зарыл.

Дагы бир табышмактуу нерсе, 2010-жылдын 8–9-июнунда кыргыз, өзбек кагылышуу болоор күндүн алдында дүйнөлүк пресса кызматкерлери чакырылып, Ош шаарында массалык маалымат каражаттары боюнча семинар өткөрүлгөн. Ал эми Ош окуясы башталып-баштала электе эле интернет-сайттарда маалыматтар бир жактуу, мындайча айтканда, «кыргыздар өзбектерди өлтүрүп, үйлөрүн өрттөп жатат» деген мазмундагы маалыматтар тарап кеткен.

Ушул фактыны кандай түшүнсө болот, эмне себептен Ош окуясы башталардын алдында Ошто эл аралык массалык маалымат каражаттарынын семинары болуп өтөт да, бир убакытта бүт дүйнө жүзүнө ушундай маалыматты таркатышат. Мындан Ош окуясынын болушуна кызыкдар болгон тышкы күчтөр, чет өлкөлүк уюмдар аркылуу өбөлгө түзүлгөндүгү ачык-айкын көрүнүп турат.

Ал эми Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары чабалдыгын көрсөтүштү, көрсө, биздин көптөгөн, айрыкча кыргыз гезиттери баягы эле ушак-айыңдарды жазып «желтая пресса», «көчө гезиттеринин» деңгээлинен чыга элек экендигин мына ушул трагедия толугу менен тастыктап койду. Улуттук телерадиокорпорациясы болсо, Ошто, Жалал-Абадда тири укмуш­туу­дай трагедия эле эмес, эки улут ортосунда коогалаң жүрүп жатса, шылдыңдагансып, концерт, футбол жана ушул сыяктуу көрсөтүүлөрдү берип турду. УТРК жана ЭлТР болгон окуя боюнча өз убагында так маалымат берип турганда, кыргыз улуту «жырткыч», «варвар», «шакал» деген аттарга конбойт эле. К. Оторбаев менен Ш. Абдрахманов азыркы күнгө дейре ошол жасаган иш-аракеттери үчүн жооп берише элек.


13. Өзбек улутундагы «лидерлердин» идеологу Алишер Сабиров жана анын июнь окуясынын болушундагы ролу.

Бир жактуу маалыматтардын таркалышында Алишер Сабировдун ролу абдан чоң. Алишер Сабиров кайсы өлкөгө таандык экени белгисиз аскер кийимин кийип алып, чет өлкөдөн келген журналисттерди өзбек «махалла­ларга» алып барып, жабыр тарткандарды көрсөтүү менен, Ош мэриясында жайгашкан жалгыз интернет бөлмөнү өзү ээлеп алып, дүйнө жүзүнө бир тараптуу, өтө чагымчыл маалыматтарды таратып турган. Кийин жергиликтүү бийлик түшүнгөндөн кийин, ал тез аранын ичинде Ош шаарынан чыгып кеткен. Кыргызстан элдеринин ассамблеясындагы чогулушта 2010-жылдын 21-июнь күнү «кыргыздар тарабынан, Кыргызстандын бийлиги тарабынан өзбектерге геноцид жасалды» деп, оозунан кандай гана сөздөр чыккан эмес. Сабировдун айткан сөзүн бүт Ассамблеянын мүчөлөрү мага тастыктап айткан соң, Р. Сабировдун кабинетинде ушул маселе боюнча катуу сөз болгон. Равшан Сабировго көптөгөн кыргыз жарандарынын мыкаачылык менен каза болгон сүрөттөрү көрсөтүлүп, Ассамблеянын мүчөлөрүн топтоп берүүсүн суранганда, тилекке каршы бул сураныч аткарылган эмес.

Андан соң Убактылуу Өкмөт А. Сабиров менен А. Муралиевге Россия Федерациясынын Думасына (Парламентине) барып Ош окуясы боюнча маалымат берүү үчүн мандат берген. Экөө тең өзбек улутунун өкүлдөрү болгондуктан, Думада кандай маалымат бергендиктери айтпаса да белгилүү эмеспи. 2010-жылдын 8-июлунда Р. Отунбаева М. Айбалаев, А. Матуб­раимов, К. Жумалиев, Ж. Джолдошовалар менен жолукканда ушул жагдай кайрадан талкууга алынып, кыргыз улутунан бирөө сөзсүз түрдө Россия Федерациясынын Парламентине барып акыйкат маалымат берет деген Президент, бирок айтылган сөз, сөз бойдон эле кала берген.

Эгерде, Алишер Сабиров өзүн Кыргызстандын атуулумун деп эсептесе, эмне себептен алгачкылардан болуп кыргыз жарандары мыкаачылык менен өзбек улутунун айрым жаштары тарабынан өлтүрүлгөндүгүн ачык айтып, өзбектер биринчи болуп коогалаңды баштаганы жөнүндөгү чындыкты айтпайт.


2007-жылы, А. Сабиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши­нин депутаты болуп турган мезгилинде, Тажикстан Республикасында жайгашкан Тоолуу Бадахшан автономиялык областы кантип автономия болго­нун, автономия болуу үчүн керектелген мыйзамдарды официалдуу түр­дө сурап алган. Эгерде бийлик бутактары А. Сабировдун жасаган кыймыл-аракеттерин терең изилдесе, анда өзбек сепаратисттик маанайдагы «лидерле­ри­нин» ана башы жана идеологу Сабиров экенин талашсыз тастыкталмак.

14. Ош окуясындагы Убактылуу Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, УКМКнын, Кыргыз Республикасынын ИИМинин, Коргоо, чек ара кызматкерлеринин ѲЭУнун, аксакалдардын жана аялдардын кыймыл-аракеттери.

Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, албетте, Ош окуясынын болушуна, өз убагында бөгөөт койбогондугу жана аны токтото алышпаганы үчүн күнөө­лүү. Аларды эч ким, эч нерсе менен актай албайт. Ош окуясы мына ушундай масштабда болорун алар ойлогон эмес. Саясат деген бул – өзүнчө бир күчтүү азарт. Акаевди тактан кулатабыз деген ошондогу оппозиция, бул оңой нерсе деп ойлогон, чынында эле оңойго түшкөндөй болгон. Ал эми Бакиевди тактан кулатууда эки тарап тең кудай кечирбей турган кадамдарга барышты. Бакиев бийлигин кансыз бербегени, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн өзбек лидерлери менен болгон соодалашуулары, ич ара ынтымагынын жоктугу биздин өлкөнү Ош трагедиясына алып келгени ырас. УКМКнын жетекчиси К. Душебаевден баштап бүт кызматкерлери начар иштешти, чабалдыгын көрсөтүштү. Ички иштер кызматкерлери, айрыкча Ош, Жалал-Абад областтарынын, 7-апрелден кийин моралдык жактан сынып турган болчу. Себеби, аларды мурунку бийлик 2010-жылдын 6-апрелинде Талас шаарына жөнөткөндө, таяк жешкени аз келгенсип, бүт атайын каражаттарын (спецсредства­ларын) жоготуп келишкен болучу. Ал эми аскер кызматкерлери өздөрүн жоготуп коюшкан, себеби мындай көрүнүшкө алар да даяр эмес эле. Мына ушундай оор кырдаалда УѲтүн 14 мүчѳсүнѳн жалгыз Исмаил Исаков Ош жергесинде оттун арасында калган.


Чек арачылар аз да болсо, өз милдеттерин аткарышкандай болгон, бирок алар да Өзбекстандан кайткан өзбек жарандарын өлкөбүзгө киргизип жатканда катуу текшерүү жүргүзүлбөй, Ош аймактарына экстремисттик күчтөрдүн кошо киргени маалым.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун, Укук кор­гоо­чу А. Абдрасулова, Т. Исмаиловаларды да Сабировдор өзбек махалла­ларга алып барышып, өрттөлүп жаткан балдарды көрсөтүшкөн, бирок ал балдар кыргызбы же өзбекпи – айтыш кыйын болчу, себеби өзбек улутунан жоголгон жарандар боюнча бүгүнкү күнгө чейин болгону эки жаран, ал эми кыргыз жарандарынан бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан – 23 жаран.

Өзбек улутундагы жарандардын өрттөлгөн үйлөрүнөн төшөк, идиш-аяк, эмеректердин жана башка буюмдардын калдыктары чыккан эмес, көрсө, алар мурунтан өздөрүнүн буюм-теримдерин чыгарып кетишкени жөнүндөгү маалыматтар айтылууда, кийин үйлөрүн тазалаган кызматкерлер да тастыктап айтып беришкен.

Мен, Абдрасулова жана Исмаилова – үчөөбүздүн ортобузда 2010-жыл­дын 15-июнунда Ош шаарындагы маалыматтардын таратылышы боюнча келишпес­тик­тер пайда болду. Себеби, алар бир гана махаллаларга барышып, ал эми кыргыздар жашаган айылдарга барышкан эмес, башкача айтканда, кыргыз жарандарынын кандай жапа чеккендиктерин көрүшкөн эмес. Фурхат айылынан кийинки эле айыл – Кыргыз-Чек айылы (Мады айыл өкмөтү, Кара-Суу району). Мына ошол айылга атайын согуш үчүн даярдалып брондолгон камаздар кирип келип (жогоруда да айтылган), эгерде Алай районунун тургундары өз убагында келип калбаса, анда айылдан эч нерсе калмак эмес.

Курманжан Датка ооруканасынын башкы дарыгери М. Усеков жетек­теген кызматкерлер күнү-түнү, кыргыз, өзбек дебестен, жарадар болгон жарандарыбызды өлүмдөн куткарып калышкан. Мына ушул ооруканага Абдрасулова менен Исмаилова келип кетишкенден кийин алардын алгачкы ойлору өзгөргөндөй болгон. Бирок азыркы күнгө дейре мен алардын Ош окуясына баа берген кээ бир маалыматтары менен макул эместигимди билдире кетем. Ош шаардык, областтык, ошондой эле бүт Ош шаарынын тегерегиндеги айылдардагы ФАПтардын кызматкерлери, кыргызы, өзбеги дебей – баары тең, ар бир жарадар болгон адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн күрөшүшкөн.


Ошондуктан, карапайым кыргыз, өзбек элинде эч бир күнөө жок. Күнөө жөнөкөй элдин бүйүрүн кызытып, сепаратисттик идеяларды таркаткандарда жана өз кызыкчылыгы үчүн өз элин, жерин саткан саясатчыларда, жетекчилерде.

Он-Адыр деген махаллада жалаң гана өзбек үй-бүлөлөр жашайт, мына ушул айылга Кыргыз-Чек айылынан кете турган жол бар, ошол жолдун боюнда кирпич чыгара турган 2 кичи чакан завод бар. Ал жерде 67 кыргыз улутундагы балдардын өмүрүн, мисал үчүн, эки өзбек жигит сактап калган.

Акырында эмнени айткым келет. Тээ байыртадан бери кыз берип, кыз алышкан, ортодо урмат-сый менен жүргөн тууган элдердин арасына от жаккан, керт башынын кызыкчылыгын ойлогон дил бузар Кадыржан Батыров менен Алишер Сабировдордун кол жоолугуна айланган журт башчылары, мен президент болом деп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлогон саясатчы туугандарыбыздын айынан мына ушундай каргашалуу окуяны экинчи жолу башыбыздан кечирип олтурабыз.

15. Тышкы күчтөр, наркотрафик жана террористтик күчтөр.

Эң өкүнүчтүүсү, 2010-жылдын 7-апрелинде, биздин өлкөбүзгө терро­рист­тик күчтөрдүн киргени болду. Аларды ким алып келген? Бул суроонун жообу, албетте качандыр бир мезгилде, өлкөбүздө акыйкат бийлик орногондо гана айтылбаса, азырынча андан үмүт кылуу кыйын.

2010-жылдын 10-июнунда террордук күчтөрдүн күчү менен кандуу окуя ушундай масштабка ээ болгону ырас. Өзбекстан армиясынын формасын кийген, Өзбекстан Республикасынын жараны колго түшкөн. Анын колундагы, ийининдеги кабарган жерлер анын көптөн бери курал менен машыгып келе жатканын далилдеп турат.

«Өзбекстан Исламдык кыймылы», «Жихад Исламдык Союзу» ж. б. кыймылдар Фергана өрөөнүндө «Халифат» орнотууну көп жылдан бери көздөп келе жатышат. 1990-жылы болуп өткөн кандуу окуянын бирден бир максаты да ошол болучу. Бирок, кыргыз, өзбек эли ошондо да түшүнүшүп, мусулман экенин, кылымдар бою бирге жашап келишкен байыркы элдер экенин, мазары бир, базары бир болгон соң, кандуу окуянын мөөнөтү үч күнгө созулган. Максаттарына жетпеген соң, алар Таджикстан Республика­сы­нын элинин тынчтыгын бузушуп, жүз миңдеген күнөөсү жок адамдардын өмүрүн кыйышкан. 1993-жылы Баткен окуясы да ага далил. Кыргыздар канчалык жапа чегишсе да террордук күчтөрдүн Өзбекстанга өтүүсүнө коридор ачып берген эмес. Бул фактыны бүт дүйнө жүзү, И. Каримов да абдан жакшы билет. «Аль-Каида» жана башка кыймылдар Орто Азияда башаламандыкты баштоо үчүн иш аракеттерди дайыма жасап келет. «Халифат» орнотуу – негизги максаттары. Оштогу окуяны ар бир кыймыл өз максаттары үчүн колдонууга аракет жасашты. Алардын кыймылы биринчи иретте кыргызга гана каршы жасалгандай көрүнөт, эгер терең саресеп салсак, алар Өзбекстан өлкөсүнө жасалган чабуул эле. Өзбекстанда, эгерде «Халифат» түзө алса, анда жеңил эле Кыргызстан менен Тажикстанды алабыз, андан ары Казакстанды алып коюу оңой деп ойлошкон. Ал эми наркотрафикти кармаган ички жана тышкы наркобарондор үчүн Оштогу тополоң абдан ыңгайлуу болду, тонналаган нарко заттарын чыгарып алышты. Ош баңгизат ташуу жолуна айланып калышы да бизди өкүндүрөт. Мына ошентип, жогоруда айтылган күчтөр Ош окуясынын масштабын кыйла кеңейтти.


16. Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун иш-аракети.

Мурунку Союздук Республикалардын ичинен Өзбекстандын Коопсуз­дук кызматы бир топ күчтүү делип эсептелет. Ош окуясы кайталанарын, албетте, Өзбекстандын тыңчылары билген. Оштогу өздөрүнө тийиштүү адамдардан маалыматтарды алып турушкан. Алар кыргызстандык өзбектер­дин өзбек­стан­дык өзбектерге караганда алда-канча жакшы жашаарын да билишкен. Ошону менен бирге кыргызстандык өзбектердин көпчүлүгү наркотика менен шугулданышкандарын да, көптөгөн кыймылдардын мүчөлөрү экенин да, Батыровдун кандайдыр бир күчтөрдөн колдоо алып жаткандыгын да жакшы билишкен. Батыровдун мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн Ѳзбекстан ѳлкѳсү тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал эми Батыров болсо РФнын жараны экени дагы анык.

Өзбекстанда 8 млн тажик, 4 млн казак, 1,5 млн кыргыз, 3 млн орус,
500 миң каракалпак жана 500 миң татар ж. б. улуттар жашайт. Эгерде Өзбекстан Батыровдун сепаратисттик максатын колдой турган болсо эле, Өзбекстандын бардык аймактарында Ош окуясынан да жаман коогалаңдар болушу мүмкүн эле. Дагы башка толуп жаткан Өзбекстандын өздөрүнүн проблемалары да бар. Өзбек улутундагы жарандар биринчи болуп өздөрү кыргыздарга кол салгандыгын И. Каримов жакшы билген. Ошондуктан,
И. Каримов адилеттүүлүгүнөн, калыстыгынан тайган жок. Өзбекстандын Президенти биринчи иретте өз мамлекетинин бүтүндүгүн, элинин бейпилдигин ойлоду. Ошону менен бирге кыргызстандык өзбек атуулдарына чек ара чөлкөмүндө гана качкындарга убактылуу шарт түзүп берди.

Бирок ошол эле учурда Өзбекстандан келген, криминалдык күчтөр, ар түрдүү кыймылдардын мүчөлөрү Ош калкын дестабилизация кылууда, провокация жасоодо өз милдеттерин аткарып турушту.

17. Кыргыз Республикасынын өзбек улутуна жасаган камкордугу.

Кыргыз Республикасында 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт. Кыргыз улуту менен эч бир улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда, анча-мынча күндөлүк турмуш маселелерин албаганда, келишпестик болбойт. Бирок өзбек улуту мына ушуну менен үчүнчү жолу Ош окуясын кайталап жатышат. Бүгүнкү күндө бала-бакчалар өзбек тилинде, 133 орто мектеп, эки өзбек университети бар, ОшМУда өзбек тили жана адабияты институту иштейт. Ошондой эле өзбек жаштары республикабыздагы бардык ЖОЖдо окушат, областык гезит-журналдары бар, телекөрсөтүүлөрү, Бабур атындагы драматеатры бар. Бардык мамлекеттик мекемелерде өзбек улутундагы жарандар кызмат өтөшөт. Мына ушул фактылардын өзү эле мамлекет тарабынан эч кандай кысым көрсөтүү же дискринимация болбогондугун айтып турат.


Мына ушундай шартта жашап жаткан өзбек элинин тынчтыгын бузган сепаратисттик мүнөздөгү, «өзбек улутунун укугун коргойбуз деп өзбек автономиясын түзүп, жетекчи орунга жетебиз» деген К. Батыров, Ж. Сала­хидинов, А. Сабиров, И. Абдурасулов, Д. Сабиров, К. Абдуллаева ж. б. бизнестерин улутташтырып (башка бирөөлөрдүн атына каттатып коюшса да), кайрадан сатууга чыгарып, андан түшкөн акча-каражаттарына июнь окуясында жабыр тарткандарга «реабилитациялык борбор» куруп берүүнү сунуштаар элем.

18. Кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардын ич ара мамиле­лери, билим чөйрөсү, жумушсуздук, провокацияга алдырган­дары, түштүк жергесиндеги социалдык-экономикалык абал.

Республикабыздын эгемендүүлүккө ээ болгонуна быйыл 20 жыл толот. Ушул аралыкта биздин республика башка мамлекеттерге окшоп өнүп-өсө албады. Ага жогоруда айтылган кырдаалдар себепкер. Ошону менен бирге Советтер Союзунан бери түштүк жергебизде алгылыктуу өнөр-жай ишканалары курулбай, эли пахта менен тамекинин кулу болуп келишкен. Кыргызыбы, өзбегиби бели каталектен баштап пахта теришип, билим алуулары дайыма экинчи планга калып келген. Мындай жагдай менен макул болбогон жаштар гана жогорку билимге умтулушуп, кандайдыр бир ийгиликтерге жетише алышкан.

Эгемендүүлүк учурунда элибиз социалдык жактан жиктелип калды, 10 % калкы материалдык жактан бай, 20 %ы орточо жашаса, калган 70 %ы эптеп оокатын өткөрүп келе жатышат. Көпчүлүк жаштар жумушсуз, үй-жайлары жок. Пахта эгип талаада иштейин десе, жер жетишпейт, же эккенге акчасы жок, бир сөз менен айтканда, жакырчылык өкүмүн сүрүп турат. Ал эми өлкөбүздүн калкынын 54 %дан көбү түштүктө жашайт.

Жаштар билим алууга умтулбай калгандыгы байкалат, себеби ар бир үйдө жок дегенде 10 кишиге жакын жан жашайт. Ата-энелери үчүн аларды багуу кыйын болуп калат. Жетишпегендиктин айынан кыргыз окуучулардын көбү 9-классты бүткөндөн кийин мигрант болушуп, башка өлкөлөргө кетсе, өзбек жаштары же сатуучу, же ашпозчу, айтор соода-сатык менен алек болушуп, терең билим алышпайт.

<< предыдущая страница   следующая страница >>