girniy.ru 1 2 ... 5 6
Кыскача баяндама


1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламент) 2010-жылдын 2-декабрындагы № 2-V токтомунун негизинде 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарт­тарды иликтөө, изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча Убактылуу парламенттик комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын милдети – болуп өткөн улуттар аралык кагылышуунун себептерин калыс, адилет жана фактылардын негизинде изилдөө, ошондой эле мындай трагедиянын кайрадан кайталанбашын камсыз кылуу, улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо, өлкөбүздө стабилдүүлүктү орнотуу ж. б. маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

2. Парламенттик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан 5тен депутат мүчө болушуп, баары биригип 25 депутат кирген. Алар төмөнкүлөр:

«Ата-Журт» фракциясынан: Ж. А. Джолдошова, Д. А. Жумабеков,
С. Н. Жапаров, К. Э. Осмонов, Т. Т. Мамытов.


«Ар-Намыс» фракциясынан: А. Артыков, А. Б. Калматов, Б. А. Ма­мы­рова, Т. Б. Мамытов, А. М. Маматалиев.

«КСДП» фракциясынан: А. Ш. Султанов, С. С. Атажанов, И. И. Исаков, Д. О. Тербишалиев.

«Республика» фракциясынан: Н. К. Алимбеков, К. К. Исаев,
А. Т. Су­лайманов, Б. Э. Төрөбаев, Т. У. Шайназаров.


«Ата-Мекен» фракциясынан: Ш. Ч. Айтматова, Т. Мадылбеков,
Р. А. Сабиров, А. А. Сасыкбаева, Р. Төлөгөнов.

3. Бул Корутунду видео тасмалардын, аудио жазмалардын, сүрөттөр­дүн, жандуу күбөлөрдүн билдирүүлөрүнүн, атуулдарыбыздын арыздарынын, Кыргыз Республикасынын официалдуу мамлекеттик органдары тарабынан тастыкталган документтердин, кыргыз жана өзбек улутундагы жабыр тарткан жарандардын көрсөтмөлөрүнүн, ошол каргашалуу күндөрү эл арасында жүргөн Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин маалыматтарынын, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин берген официалдуу доку­менттеринин жана болуп ѳткѳн каргашалуу окуянын күбөсү катары өз көзүм менен көрүп-билген маалыматтардын негизинде жазылды.



4. Корутундуда өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч туудурган бул каргашалуу окуянын түпкүрүндө жаткан тарыхый-социалдык себептерди ачып көрсөтүү максатын көздөп, 1990-жылы болуп өткөн улуттар аралык кагылышуунун негизги себептери эмнеде, ага кимдер күнөөлүү; Кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин: А. Масалиев, Р. Кульматов, Ү. Сыдыков ж.б. жоопкерчилиги барбы, өзбек улутундагы «лидермин» деген сепаратисттик маанайдагы атуулдардын койгон ашкере талаптарын ким колдоого алган, Кыргызстандын түштүгүн «өзбек автономиялык областына» айландыруу, өзбек тилине мамлекеттик деңгээлдеги статусту ыйгаруу, Парламентке квота киргизүүнү, күч органдарына, аткаруу бийлигине, өзбек улутундагы атуул­дарды жетекчилик кызматтарга алып келүү жөнүндө алар менен кимдер соодалашууга барган?

1990-жылы болуп өткөн каргашалуу окуяга өз убагында баа берилбей, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын албай калгандыгы 2010-жылдын июнь окуясынын келип чыгышына алып келгендигин эч ким тана албайт.

5. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтиргендер кимдер, алгачкы Президент А. Акаевдин улуттар аралык мамиледеги орду кандай болгон. 2005-жылдын 24-мартында А. Акаев кызмат ордун, эли-жерин таштап кач­кан­да канча инсандын өмүрүнүн кыйылышына себепкер болду. Алар жөнүндө ачык маалымат бүгүнкү күнгө дейре эмне үчүн айтылбай келе жатат? Адам өмүрүн кыйгандардын, эли-жерин саткан­дардын жоопко тартылбай жаткандыгы, карапайым элибиздин кабыргасын кайыштырганы аз келгенсип, сот системасы бийликке кѳз каранды болуп, Эгемендүүлүктү алгандан бери адилет, акыйкат бийлик жүргүзѳ албаган жагдайлар дагы Ош окуясынын кайталанышына астыртан түрткү бергендиги да чындык.

6. 2005-жылдын 24-мартындагы «жоогазын революциясынын» акыбе­ти, ошондогу оппозиция лидерлери Р. Отунбаева, К. Бакиев, А. Атам­баев,
И. Болджурова, А. Бекназаров, Т. Тургуналиев, О. Малеваная, Т. Са­риев,

А. Сасыкбаева ж. б. өлкө алдындагы жоопкерчилиги же жоопкерсиздиги өзүнүн саясий да, укуктук да баасын алышы керек.


7. Эгемендүү Кыргызстандын экинчи президенти К. Бакиевдин басып өткөн жолу, улуттар арасындагы мамилелерге болгон көз карашы, жасаган иш-аракеттери өз баасын ала элек. Ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштө кырчындай болгон 87 жарандын өмүрүн кыйгандар бүгүнкү күнгө дейре эл алдында, мыйзам алдында жооп берише элек. Бул кыргындын негизги күнөөлүүлөрү кимдин жардамы менен өлкөбүздөн чыгып кетишкени, аларга жардам берген атуулдардын эмне себептен мыйзам алдында алиге чейин жооп берише электиги, 87 жарандын, милиция жана аскер кызматкер­ле­ринин өлүмүнө дагы кимдер күнөөлүү экендигин акырына дейре ыкчам, адилет иликтенбегендиги, өлкө мыйзамдарынын иштетилбей жаткандыгы да июнь окуясынын болушуна өбөлгө түзгөн шарттар болуп саналат.

8. Кыргыз элинин саясий элитасынын түндүк-түштүк деген илдетке кабылышы, ич ара ынтымагынын жоктугу, так талашуу күчөп, ага жетүү үчүн жөнөкөй, карапайым эл өкүлдөрүн курмандыкка чалышы; эң жогорку бийлик ээлеринин дайыма өзбек улутунун «лидеримин» дегендери менен астыртан соодалашып келиши; «лидерлердин» мыйзамсыз жасаган иштерине бийлик бутактарынын көз жумушу; алардын өз бийлигин сактап калуу үчүн саясий оюндарга аралашып кетиши; түштүк жергесине областтын жетекчиси болуп баргандар жалгыз гана ошол «лидерлер» менен эсептешкендиги жана өзбек улутундагы бизнесмендерге өз материалдык кызыкчылыктарын көздөө менен ар түрдүү колдоолор көрсөтүп келгендиги; эң негизгиси, мамлекеттин жетекчилери элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына караганда өз кызыкчылык­та­рын жогору койгон учурларынын да болгондугу июнь окуясынын болушуна түрткү берген негизги жагдайлардан десе болот.

9. Мурунку оппозиция, кийинки Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү
Р. Отун­баева, А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Т. Сариев, А. Бекназаров,
Т. Тургуналиев, А. Сасыкбаева, И. Исаков, Э. Ибраимова, А. Эркебаев,

Э. Каптагаев, Болот Шер, К. Душебаевдердин 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн төңкөрүштөгү ролдоруна, 2010-жылдын 10-июнундагы эки улут ортосундагы кандуу кагылышууга болгон жоопкерчиликтерине, бул траге­дия­нын болушуна жол берип, аны болтурбай коюунун чараларын таба албаган жетекчиликке, алардын өзбек улутунун сепаратисттик маанайдагы жетекчилери К. Батыров, И. Абдурасулов, К. Абдуллаева, Ж. Салахидинов, А. Сабиров, Д. Сабировдор менен болгон мамилелерине так баа берип, акты ак, караны кара демейинче маселенин башы ачылбайт.


10. Кыргызстандын жаңы Конституциясын кайрадан кабыл алуу, өлкөбүздү Парламенттик башкаруу системасына алып келүү, жалпы элдик рефе­рен­дум өткөрүү, Парламенттик шайлоо бир караганда канчалык прогрес­сивдүү көрүнсө да, аларды ишке ашырууда жасалган саясий таза эмес оюндар, жаңы Конституция долбоорунун өзбек тилине которулушу, жең ичинен бүтүрүлгөн иштер, айрыкча Ө. Текебаев менен К. Батыровдун орто­сун­дагы шектүү мамилелер укуктук жана этикалык жактан иликтениши зарыл.

11. К. Батыров, И. Абдурасулов, К. Абдуллаева, Ж. Салахидинов,
А. Сабиров, Д. Сабировдор жана башка сепаратисттик маанайдагы жарандар­дын негизги максаттары, талаптары өлкөбүздүн түштүгүндө «өзбек автоно­мия­лык областын» түзүү, өзбек тилинин мамлекеттик тил менен барабар статуска ээ болушуна жетишүү ж. б. болгондору анык. Алар ушул максат­та­рына жетүү үчүн Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү менен соодалашууга барыш­кан жана күч, курал-жарактарды колдонуу менен эки улуттун ортосун­дагы кандуу коогалаңды жаратышкан жана аны акчалай каржылашкан. Бул сепаратисттик күчтөр кимге таянышкан, аларды ким колдогон, бул аракет­тери чынында эле «автономия» түзүү беле, же Фергана өрөөнүндө гана «Халифат» орнотуу менен чектелбестен андан ары Өзбекстан өлкөсүнө чабуул жасоо менен Орто Азияга гана эмес, бүткүл Борбордук Азияга бүлүк (дестабилизация) салуу беле? Алардын бул аракеттерин Убактылуу Өкмөт­түн айрым мүчөлөрү алардын мыйзамсыз кадамдарына бөгөөт коюунун ордуна Парламенттик шайлоодо өзбек улутунун добушун алуу үчүн, тескерисинче, кубаттаган.

12. 2010-жылдын апрель-июнь айларында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Жалал-Абад областарында болуп өткөн окуялар, К. Батыров менен Б. Асановдун иш-аракеттери, Тейит айылындагы экс-президент К. Бакиевдин ата конушун, Кыргыз Республикасынын желегин өрттөө, Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаевдердин жасаган кылмыштуу иштерине баа берүүнүн кезеги келди. «Наркотрафик» маселеси, К. Батыров менен А. Текебаевдин ага болгон мамилеси, бул эки инсандын 2010-жылдын 16-майына чейинки жана андан кийинки мамилелери алардын июнь окуясына түздөн-түз тиешеси бар экендигин аныктап турат.


13. Сырткы күчтөрдөн «Өзбекстан Исламдык кыймылы», «Жихад Исламдык союзу», «Аль-Каида», ар кыл террористтик күчтөр, ички-тышкы наркобарондордун «наркотрафикти» көзөмөлгө алуудагы таймашуулары да июнь окуясынын болушуна түрткү берген факторлордон болгондугу маалым.

14. 2010-жылдын 1-майынан июнь айларына чейинки болуп өткөн окуялардын хроникасы да окуянын кантип башталып, кандайча өнүккөн­дү­гүн, кимдердин кандай роль ойногондугун, айрыкча, Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгын, ал эми анын айрым мүчөлөрүнүн бул каргашалуу июнь окуясынын болушуна түздөн-түз тиешеси бар экендигин ачык-айкын көрсөтүп турат.

15. 2010-жылдын 10-июнь күнү кайсы улуттун өкүлдөрү биринчи кол салды, мындайча айтканда, күтүлбөгөн коогалаңды ким кимге жарыялады? Мына ушул суроого Парламенттик комиссия так, калыс жооп бериши зарыл. Ачуу чындык бурмаланбай, өз калыбында айтылышы керек. Июнь айындагы согушту биринчилерден болуп өзбек улутундагы жаштар Ош мамлекеттик университетинин жанындагы «Космос» автомат оюн залында баштаганы видео тасма менен тастыкталган. Алар провока­тор­лорго жем болушкан, алардын көпчүлүгүнүн мас жана баңги зат чегип алгандыгы дагы маалым болду. Өзбек улутундагы жаштардын көпчүлүгүн
К. Батыров улутчулдукка үндөгөн, ошону менен бирге алардын аракеттерин 100 000 АКШ долларынын тегерегинде каржылаган. Ал эми И. Абдурасуловдун болсо ар бир кыргыздын башы үчүн 500 доллар берерин айткандыгын милициянын сержанты Шамурзаев Уранды ѳлтүргѳн кылмышкер, мыкаачы Азизулло Таширов кѳрсѳтмѳ берүү менен тастыктайт.

16. 10–19-июнга чейин болуп өткөн кандуу окуядагы мыкаачылык көрүнүштөр, Убактылуу Өкмөттүн, УКМКнын, ИИМдин, Коргоо министр­лигинин, чек ара кызматкерлеринин жасаган иштери, акырында бул кандуу таймаштын кантип токтогондугу, курман болгон кыргыз, өзбек жарандары­нын кимдин саясий курмандыгы болгондугу ачык айтылышы зарыл. Ошон­дой эле, кандуу кагылышуунун токтотулушунда жергиликтүү бийликтин, өкмөт­түк эмес уюмдардын, жарандардын, аксакалдардын, аялдардын рол­дору жөнүндө маалыматтар толук берилиши керек.


17. Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун ээлеген позициясы, айрым экстремисттик мүнөздөгү өзбекстандык жарандардын иш-аракеттери жөнүндө ачык сөз болушу абзел.

18. А. Сабировдун Ош окуясынын кайталанышына кошкон «салымы», өзбек улутунун сепаратисттик маанайдагы «лидерлеринин» идеологу, респуб­ли­кабыздын түштүк аймагына «өзбек автономиясын» түзүүдөгү иш аракеттери жана анын июнь окуясы боюнча массалык маалымат каражат­та­рында кыргыз улутун бир жактуу каралоо жагынан өтөгөн иштери өз баасын ала элек.

19. Массалык маалымат каражаттарынын Ош окуясына болгон түрткүсү, чет өлкөлүк ММКнын 8–9 июнь окуясында Ош шаарында болуп өткөн семинары, алардын ролу жөнүндө да олуттуу сөз болууга тийиш.

20. Кыргыз Республикасынын өзбек улутуна жасаган камкордугу, кайсы мамлекеттик органдарда канча өзбек улутундагы жарандардын иштеп жаткандыгы, алардын Ош окуясына баа берүүсү, карапайым өзбек элинин жашоосу, көз караштары, К. Батыров, Ж. Салахидинов, И. Абдурасулов,
К. Абдуллаева ж. б. бизнесмендердин мүлктөрүн улутташтыруу, андан түшкөн акча-каражаттардын эсебинен июнь окуя­сында жабыр тарткандарга «Ден соолугун чыңдоо борборун» куруп берүү менен аз да болсо акыйкатты орноткон болор элек.

21. Кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардын ич ара мамилелери, билимге болгон умтулуулары, жумушсуздук, провокацияга дуушар болуу­лары, республикабыздын түштүк жергесиндеги социалдык-экономикалык абал социологиялык жактан талдоого алынып, келечекте мындай каргашалуу окуяларды болтурбоонун чараларын иштеп чыгуу колго алынышы керек.

22. Улуттук комиссиянын жана Эл аралык көз карандысыз комиссиянын Кыргызстандын түштүк аймагында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча жыйынтыгына так, даана, адилет баа берүүсү – бул милдет.

23. «Чөөнүн убактысы» деген китепти жана «Факты геноцида» деген компакт дисктерди чыгарган атуулдар мыйзам алдында жооп бериши керек. Окуяны бир тараптуу чагылдырган бул китептердин автору түштүк жерге­синде эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда кайрадан чоң бүлүк салууга жасаган далалаты катары бааланып, тез аранын ичинде мындай адабият­тардын таркатылышына УКМК жана ТИМ тарабынан тыюу салынышы эң туура чечим болмокчу.


24. Кыргызстандын өткөнүн таразалап, келечегин аныктоодо кыргыз саясий элитасынын, Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана депутат­тарынын, Өкмөт башчысынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, бүткүл жаранда­ры­быздын жоопкерчилиги арткандан артып отурушун ар бир инсан сезүүгө милдеттүү.


1. 1990-жыл: улуттар аралык кагылышуу.

1990-жылы Советтер Союзу мына кулайт, ана кулайт деп, бүт дүйнө жүзү СССР аттуу улуу державанын таркашын күтүп турган эле. Кыргыз ССРинин айрым жетекчилери, кыргыз саясий элитасы астыртан түндүк-түштүккө бөлүнүп алып (азыркыдай ачык эмес, жабык формада), эгемендүүлүк жакындап келе жатканын сезишкен соң, ошондо эле өзбек улутундагы «мен лидермин» деген инсандар менен соодалашып, аларды өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн пайдалануу аракеттерин жасоого өтүшкөн.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгон. Бул тарыхый окуя өзбек элине кыйла эле өөн учураган. Ал эми өзбек улутуна таандык «лидерлер» болсо, бир чети кыргыз саясий элитасынын ынтымагынын жоктугун жакшы билгендиктен, экинчи чети, СССР кыйраса, ошол мезгилден пайдаланып, Кыргызстандын Ош областтык аймагын (анда түштүк региону боюнча бир гана Ош областы бар эле) «өзбек улуттук автономиясына» айлантууну; өзбек тилинин статусун мамлекеттик тилдин, мындайча айтканда, кыргыз тили менен бирдей статуска ээ кылууну; жогорку деңгээлдеги советтик жана партиялык кызматтарга өзбек улутун­дагы жарандарды жумушка орнотууну талап кылып, өзбек улутундагы

С. Алимов, Р. Азимов, Ф. Тешебаев ж. б., Улуу ата мекендик согуштун ветерандары жана эмгектин ардагерлери Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Биринчи катчысы А. Масалиевге, СССРдин Улуттар кеңеши­нин жогорку кеңешинин төрагасы Р. Нишановго 1990-жылдын 2-мартында атайын кат жолдошкон. Албетте, Кыргыз ССРинин мурунку жетекчилери, айрым саясатчылары менен макулдашпай, алардын колдоосуна ээ болбой туруп, өзбек эмгек ардагерлери жана «лидерлери» мындай кайрылуу жазууга даай албайт эле. Ал мезгилде Компартиянын кудурети абдан күчтүү болчу. Ошондо да өзбек улутунун сепаратисттик маанайдагы адамдары, болгондо да билими, аброю, түшүнүгү бар адамдар, ушундай кадамга барышкан. Ал эми түштүк аймагындагы кыргыз-өзбек маселесин борбордогу саясатчылар дайыма өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн пайдаланып келишкен.


1990-жылы Ош шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Б. Фаттахов болгон. Ал эми Б. Фаттаховдун 1990–2010-жылдарда эки улуттун кагылы­шуу­сунда ролунун кандай экендигин эч ким алиге чейин ачыкка чыгара албады.

1990-жылы Ош областынын Партиялык комитетине жетекчи болуп
Ү. Сыдыков келген. Табиятында дипломаттык ийкемдүүлүгү болбогон жаңы жетекчи эки элди бириктирмек турсун, улуттар арасындагы кагылышуунун болушун тездетип жиберген десе болот. Бирок, ал шаардын айланасынан, айылдардан келген жаштарды Ошко киргизбей тосуп, трагедиянын тереңдеп кетишине жол бербегени да чындык.

Бирок Ү. Сыдыков 2009-жылы ээлеген кызматынан кеткен соң
К. Бакиев­ди биринчилерден болуп саткан, ал эми Убактылуу Өкмөт уулу
Б. Сыдыковду кызматынан бошотпогондо, 2010-жылдын 14-майында дагы бир төңкөрүш жасоого аракет кылбайт эле. Ош окуясынын бул жолку кайталанышында да Ү. Сыдыковдордун алдаганча «салымы» бар.

Абсамат Масалиев КП БКнын Биринчи секретары кызматына келген соң, көп узабай эле кыргыздын трайбалист саясатчыларынын арасында так талашмай оорусу башталган болучу. Абсамат Масалиевди ээлеген кызматы­нан алып түшүш үчүн, мурунку республика жетекчилеринин айрымдары кыргыз жаштарын Бишкек шаарынын айланасынан жер басып алууга үндөгөн жана анын күчөшүнө шарт түзүп беришкен. Бул – А. Масалиевди кызматтан кетирем деген саясатчылардын «А» планы болчу.

Ошентип, Бишкек шаарынын айланасында массалык жер басып алуулар башталган. Бирок кандайдыр бир улуттар арасындагы кагылышууга жергиликтүү бийлик жол берген эмес. Себеби, ал учурда Бишкек мэриясында саясий эрки күчтүү, акылы тунук жетекчилер иштеген. Мына ушунун негизинде борбордо чоң кагылышуулар болгон эмес, ошентип, трайбалисттердин «А» планы ойдогудай ишке ашпай калган.

Айласы кеткен саясатчылар «Б» планын ишке киргизүүгө мажбур болушкан. «Б» планы – «жер» маселесин шылтоолоп, Ош шаарында кыргыз жана өзбек жаштарынын ортосуна коога чыгаруу эле. Өзбек улутундагылар «Адолат» деген кыймыл түзсө, кыргыздар аны менен жарыша «Ош аймагы» деген кыймыл түзүшкөн. Ал эми жер маселесин жергиликтүү бийлик кагылышуусу жок чече алат болчу, бирок өзбек лидерлери менен Ош областынын борбордон барган жетекчилери (алар 1990-жылга чейин негизинен Кыргызстандын түндүк тарабынан чыккан кадрлар болгон) маселени чечүү эмес, аны курчутуу саясатын жүргүзүшкөн.


Ал кандай саясат? Борбордон жиберилген жетекчилер эч качан түштүктүк кыргыздардын тың чыккан адамдары менен ымала кылышкан эмес, кандай маселе болбосун, мейли саясийби, соода-сатыкка байланыштуубу, айтор, кандай маселе болбосун, бир гана өзбек улутуна таандык «лидерлер» менен эсептешишкен. Себеби, алар ийкемдүү келишкен, соода, тамак-аш мекемелерин тейлегендиктен, жетекчилердин көңүлүн алуу жагын да мыкты өздөштүрүшкөн. Кандай тапшырма болбосун, баарын аткарып, жетекчилерге жагып турушкан.

Абсамат Масалиевди кызматынан кетириш үчүн, анын колун канга малыш керек болчу. Тилекке каршы, борбордогу саясатчылар өлкөгө зыян келтирүүчү кудайга жакпаган мүдөөлөрүн ишке ашырууга катуу далалаттанышкан. Мына ушул жагдайды тышкы күчтөр өз кызыкчылыктары үчүн пайдалангандыгы да маалым. Кыргызстанды демократиялуу, адамдар каалагандай жашай алган эркин өлкөгө айландырабыз деген шылтоо менен «наркотрафиктин» ачылышы үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн болучу.

Ошентип, 1990-жылдын 4-июнунда өзбек улутунан чыккан, сепаратисттик маанайдагы «лидерлер» кыргыз менен өзбек улуттары арасындагы кандуу кагылышууну жүзөгө ашырышты. Ошондо да, биринчилерден болуп өзбек улутундагы жаштар көтөрүлүп чыгып, кыргыз жарандарына кол салышкан. Текстиль комбинатында иштеген кыргыздын кыздарын зордукташып, эркектерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Бирок, Өзгөн шаарында эки тараптан тең адам чыдагыс мыкаачылыкка жол берилген. Балким, ошондон уламбы, айтор 2010-жылкы окуяда Өзгөндүн кыргыз, ѳзбек аксакалдары кандуу коогалаңдын чыгышына жол беришкен жок.

Көптөгөн жарандарыбыз каза болду, үйлөрү өрттөлдү. Барып-келип, баягы эле карапайым элдин уул-кыздары өмүрүнөн ажырады. Бирок, жетекчилердин, өзбек улутундагы «лидерлердин» эч кимиси мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылган жок.

Абсамат Масалиев ээлеген кызматынан кетти. 1990-жылы болуп өткөн кандуу окуянын чын-төгүнүн эч ким ачык айтып чыккан жок. Саясий баа берилбей калды. Өзбек «лидерлери» да, кыргыз жетекчилеринин эч бири тиешелүү жазасын алган жок. Баягы эле карапайым кыргыз, өзбек элдеринин балдары өмүрүнөн ажырап, үйлөрү өрттөлүп, балдары соттолуп, энелер эрте картайып, көптөгөн карапайым кишилер запкы жеп, бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткендери канча дейсиз, аны эч ким тактап айтып бере албайт.



следующая страница >>